Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Бишкек: жең ичинен жер берүүнүн кесепети


"Ата-Түрк" сейил багында курулган үйлөр. 2012-жыл.
"Ата-Түрк" сейил багында курулган үйлөр. 2012-жыл.

Баш прокурор Аида Салянова 20-майда коррупцияга каршы координациялык кеңештин жыйынында Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан имараттар көп экенин билдирди.

Бул жаатта өкмөткө бир катар сунуш камдалып жатканын белгиледи. Жыйында ошондой эле энергетика тармагындагы коррупцияны азайтуу тууралуу да сөз болду. Жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз өкмөтүн паракорчулук менен натыйжалуу күрөшө алган жок деп сындап жатат.

Жыйында Бишкектеги сейил бактардын жеринин мыйзамсыз берилиши тууралуу чоң сөз болду. Мэр Кубанычбек Кулматовдун парктардын чек арасы так аныкталган эмес деген билдирүүсү жарандык коомдун өкүлдөрү менен талаш жаратты. Кулматов “Ата-Түрк” сейил багында анын ата-энесине таандык жери бар экенин айтууга аргасыз болду.

Коррупцияга каршы координациялык кеңештин эксперттик тобунун мүчөсү Эрик Ирискулбеков “Ата-Түрк” паркынан башка дагы сейил бактардын, эс алуу жайлардын жерлери четинен кемип, жеке колго берилип кеткенин билдирди:

- Мисалы Панфилов паркынын аянты 4,6 гектар. Биз бул парк чынында канчага кичирейип кеткени тууралуу так маалымат ала алган жокпуз. Бирок такталбаган маалымат боюнча анын 1 гектардай жери менчикке же ижарага берилген. Кычан Жакыпов деген парктын орду да жок азыр. Ал бак ижарага берилген, анын ордуна төрт стадион курулган. Эмен багы 4,82 гектар. Ал дагы жарым гектарынан айрылган. Фучик атындагы сейил бактын 10 гектардай жеринин, азыр 7,5 гектардайы гана калган. Аламүдүн базарынын жанында Маданият жана эс алуу багы да түп-орду менен жоголгон.


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.
Бирок шаар мэри Кубанычбек Кулматов сейил бактардын так аныкталган чек арасы болгон эмес, ошондуктан аянты да так эмес деген оюнан кайткан жок. Кулматов мыйзамсыз берилди деген жерлер сот гана аркылуу гана чечилиши керектигин айтууда:

- Бүгүнкү мыйзам боюнча алардын жерди менчиктештиргени тууралуу бардык кагаздары бар. Биз азыр парктардын чек арасын бекитип, кармап калуу аракетиндебиз. Ал жактагы курулган имараттар чынында эле оор маселе. Алардын баары туура берилгенби, же жокпу, мыйзам чегинде соттор чечиши керек. Азыр Данияр Үсөновдун, Нариман Түлеевдин жана Иса Өмүркуловдун аты айтылып кетти. Мунун баарын сот чечсин.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жусупали Исаев шаарга жаңы башкы план керек деп эсептейт. Депутат шаардын башкы планы ачык болушу керек деген демилгени колдойт:

- Шаардын 2006-жылдагы генпланы бүгүн туура келбей калды. Анткени шаардын аймагы өзгөрдү. Сокулук менен Аламүдүн райондоруна караштуу жерлер да кирди. Ошондуктан жаңы башкы планды түзүүгө убакыт келип жетти. Ушундан улам башаламан курулуштар жүрүп жатат. Шаар өзүнүн территориясын так билбейт.

Баш прокурор Аида Салянованын маалыматы боюнча, ушул тушта Бишкекте 870тей имарат курулуп жатат. Анын 100дөн ашыгы көп кабаттуу үйлөр. Мыйзамсыз курулушка байланыштуу былтыр жана быйыл алгачкы төрт айда 36 кылмыш иши козголгон. Салянова жерлердин мыйзамсыз берилиши, мыйзамсыз курулуштар маселеси координациялык кеңештин өткөндөгү жыйынында да каралганын, бирок натыйжалуу чаралар көрүлбөгөнүн айтты. Өкмөткө бир катар сунуш камдалып жатканын белгиледи:

"Ата-Түрк" сейил багындагы мыйзамсыз курулуштар. 8-май, 2013-жыл.
"Ата-Түрк" сейил багындагы мыйзамсыз курулуштар. 8-май, 2013-жыл.
- Шаар куруу, жер берүү тармагындагы маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин жетекчилеринин бекем жана принципиалдуу позициясынан көз каранды. Мамлекеттик кызматкерлерди коррупциялык иштер боюнча жоопко тартуу мөөнөтү эскирбейт деген жаңы мыйзам кабыл алынды. Ушундан улам эртеби-кечпи бардык чечим үчүн жооп берет. Биз өкмөткө бир топ сунуш камдап жатабыз. Анын ичинде жер берүүгө ыйгарым укугу бар органдарда, ошол эле Мэрия, Мамлекеттик курулуш агенттигинде, Мамкаттоодо жана башка мамлекеттик мекемелерде иштегендердин жана алардын жакындарынын парктарда, мектеп, бала бакчалардагы жерлеринин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш алып баргыла деп сунуштап жатабыз. Эсиңиздерде болсо керек, Курулуш агенттигинин мурунку жетекчиси Нарбаев “Ата-Түрк” сейил багында кызына таандык беш гектар жери бар экенин мойнуна алган болчу.

Коррупцияга каршы координациялык кеңеште энергетика тармагындагы маселе да талкууланды. Бул жаатта да бир топ сын-пикир, сунуштар айтылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, энергетика тармагындагы паракорчулук азая элек. Маселен, 2012-жылы 31 кылмыш иш козголгон. Анда мамлекет 26 миллион сом чыгым тарткан. Каражаттын 4 миллиону гана кайра кайтарылган. Былтыр 12 кылмыш иши козголуп, чыгым 57 миллион деп эсептелген. Анын 3 миллиону гана кайра кайтарылган. Ал эми быйыл алгачкы кварталда 6 кылмыш иш козголуп, алдын ала эсептегенде чыгым 35 миллион сом деп бааланууда.

Координациялык кеңеш толук бир жыл мурун түзүлгөн. Паракорчулук маселелерин так аныктап, натыйжалуу чечүү үчүн анын алдында эксперттик топ түзүлгөн болчу. Азыр анын ишине эксперттердин өздөрү деле канааттанбай жатат.
XS
SM
MD
LG