Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Жаңы конуштардын эски көйгөйлөрү


Бишкектен 35 чакырым алыста жайгашкан Мурас-Ордо жаңы конушу

Бишкектен 35 чакырым алыста жайгашкан Мурас-Ордо жаңы конушу

Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштар жыл санап көбөйүүдө. Алардын абалына бийлик көңүл буруп жатабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Бишкек шаарынын жеке турак куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков жана “Үй куруучулар” партиясынын лидери Бейшенбек Абдрасаков катышты.

“Азаттык”: Бишкектин жаңы конуштарында 400 миңге чукул адам жашайт деген маалымат кайдан чыкты? Муну так маалымат деп айтууга болобу?

Болотбеков: Бул маалымат шаардык кеңештин чечиминин негизинде өткөн жылы мэриядан атайын комиссия түзүлүп, жаңы конуштарда инвентаризация жүргүзгөнбүз. Бул маалымат так деп айтуу кыйыныраак, анткени мыйзамдуу жана мыйзамсыз тургузулган турак жайларды тактоо зарылчылыгы да бар.

Азыркы маалыматтар боюнча 4 миң 636 там эч кандай документи жок мыйзамсыз салынып калган. Жалпы 47 жаңы конушта 84 миң 905 жер участогу катталган, анда жашаган калктын саны 392 миң 852 адамга жетет. 2005-жылдан тартып 2008-жылга чейин жер участоктору аябай көп берилген, анын ичинде мыйзамдуусу да, мыйзамсызы да бар.

Таалайбек, угарман: Самарбек мырза, азыр сиз айтып жаткан мыйзамсыз жерлерге салынган үйлөрдү “акча төлөсөңөр мыйзамдаштырып беребиз” деп атасыңар. Мындан башка шылуундар деле пайдаланып кетиши мүмкүн да, анткени каалаган жерге там тургузуп ал да, анан аны акчасын төлөп коюп, мыйзамдаштырып ал деген менен барабар болуп атпайбы?

Болотбеков: Бул маселе абдан оор, комплекстүү чечүүнү талап кылат. Биз мыйзамсыз салып алган турак жайда жашап жаткан 5000 үй-бүлөнү же ары, же бери жылдырышыбыз керек. Эң биринчиден Баш мыйзамга таянып атабыз, анткени “жеке менчиктин баары корголушу керек” деп жазылып турат. Алар мэриянын жерин басып алгандан кийин, ал үчүн жоопко тартылышы керек эле. Азыркы учурда эч кимди жоопко тартууга мүмкүнчүлүк жок, анткени биздин Кылмыш кодекси боюнча жер басып алгандарды кылмыш жообуна тартууга болбойт. Кылмыш иши айдоо жерлерди басып алгандарга гана козголот.

Ал эми мындан ары да басып алуулар болбошу үчүн биз жерди мыйзамсыз басып алгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу беренени Кылмыш кодексине киргизип берүү сунушун Жогорку Кеңешке бергенбиз. Бул маселе азыр каралып жатат.

“Азаттык”: Мэрия мыйзамсыз тургузулган жерлерди ошол турак жай ээлерине сатып, мыйзамдаштыруу аргасыздан келип чыккан кадам деп белгилеп атат. Бирок мына ушунун өзү канчалык мыйзамдуу?

Абдрасаков: Аргасыз аракет кылып жатышат, бирок ошол эле биздин Баш мыйзамда “ар бир адам өмүрүндө бир жолу турак жай тургузуу үчүн жерди акысыз алат” деп жазылып турат.

2010-жылкы апрель революциясынан кийин деле мурдагы президент Роза Отунбаева “миллиондогон акчаларды кайра мамлекетке кайтарсаңар, анда силерди куткарабыз” деген жарлыгын чыгарбады беле. Демек чоңдорду куткарса болот, карапайым адамдарга болбойт.

Ооба, мыйзамсыз салынган тамдарды түрттүрүү керек, ошол түрттүрүүнү эмне үчүн "Ата-Түрк" паркында там салган байлардын, чоңдордун үйлөрүнөн баштабайт? Эгер ошол паркка карапайым адамдар кепе салып алган болсо, эмгиче алардын үйлөрүн түрттүрүп, өздөрүн камап салмак. Бизде мыйзам эки түрдүү: байларга, чоңдорго иштебейт, ал эми карапайым адамдарга келгенде иштейт. Бул – адилетсиздик, теңсиздик.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 2005-жылы жер басып алуулар массалык түрдө башталган кезде айрым бир шылуундар аты-жөнүн туугандарына жаздырып, көп жер бөлүштүрүп алышкан, кийин ал участоктордун баарын сатып, акчага туйтунушту. Ошолорду иликтеп, аларды кармап, жазага тартуу иштери жүрүп жатабы?

Болотбеков: Албетте андай иштер жүрүп жатат. Азыркы маалда мына ушундай иштер боюнча 200 кишиге кылмыш иши козголуп, айрымдарынын үстүнөн сот болуп жатат. Ошондой эле жасалма чечим менен жер берип ийгендер боюнча шаардык прокуратурага жүзгө чукул ишти өткөрдүк. Ошонун бардыгынын үстүнөн иликтөөлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: Жаңы конуштардын пайда болгонуна жыйырма үч жыл болду. Бирок ошончо убакыттан бери деле жаңы конуштардын көйгөйлөрү биротоло чечилип кеткен жок. Сиздер “Үй куруучулардын” партиясынын атынан кандай сунуштарды бере аласыздар, кантип өнүктүрүүгө болот?

Абдрасаков: Биз мурдагы бийликтердин тушунда да, азыркы өкмөткө да жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарыбызды бергенбиз. Жаңы конуш маселесин чечүү үчүн бюджеттен жыл сайын 1 млрд. сомдон бөлүнүшү керек. Ошондо он жылда чечилет. Эгер жүз миллион сомдон бөлө турган болсо, анда жүз жылдап созулат, бул деген үч муун суу, свет, жакшы жолду көрбөй өтүп кетет деген сөз.

"Азаттыктын" архивинен: Жеңиште ууланган суу ичишет

Сазга батып, уулуу суу ичип жаткан Жеңиш жаңы конушунун тургундарына кабарчыбыз Мирлан Токталиев жолугуп келди.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG