Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Өлкө быйыл санарипке толук өтө албайт


Кыргызстан санариптик берүүгө өтүүдө белгиленген мөөнөттөн кечигип жатат.

2006-жылы Женевада кол коюлган Эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине ылайык, Кыргызстан ушул жылдын 17-июнуна чейин толугу менен санариптик берүүгө өтүшү керек эле. Бирок бул жараян мамлекет тарабынан каражаттын убагында бөлүнбөгөнүнө байланыштуу кечеңдеп жатат.

Маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, санариптик берүүгө белгиленген мөөнөткө чейин өлкөнүн чек аралаш аймактары гана өтүүгө жетишет. Жалпы өлкө келерки жылдын сентябрында өтүп бүтөт.

- Биз 17-июнга чейин коңшу өлкөлөр менен чек аралаш айылдардагы аналогдук телеберүүнү өчүрүшүбүз керек. Анткени ошол күндөн баштап эл аралык мыйзам күчүнө кирет. Азыр өлкө боюнча 9 передатчик коюлду. 17-июнга чейин дагы 12 жабдык коюлат. 2015-жылдын сентябрына чейин болсо 24тү орнотуу планыбыз бар.Ошентип келерки жылдын сентябрында Кыргызстандын 95 пайызы санариптик берүүгө өтөт.

Өкмөт аналогдук берүүдөн санарипке өтүү үчүн былтыр 100 млн. сом бөлгөн. Аталган каражат мамлекеттик телеканалдардын санариптик берүүгө өтүшү үчүн керектүү техникалык жабдыктарды жана телепрограммаларды тартуу үчүн жумшалат. Бюджеттен каралган каражатты телеканалдарга бөлө келгенде ар бирине 10 млн. сомдон гана тийген жана быйылкы жылдын эсебинен дагы 100 млн. сом бөлүнүшү керек.

24 сааттык эфир кантип толот?

Телевидение тармагы боюнча адис, журналист Марс Тулегенов санариптик берүүгө өткөндөн кийин 24 сааттык эфирди толтурууга мамлекет бөлгөн каражаттар жетишсиз экенин айтууда. Ал эгер акча жетиштүү өлчөмдө бөлүнбөй телеканалдар эфирин чет өлкөлүк программалар менен толтурса, улуттук кызыкчылыкка шек келет деп чочулайт.

- Телевизиондук өндүрүш чоң чыгымды талап кылат. Көпчүлүк муну жакшы түшүнө беришпейт. Эптеп чампалап эфирди толтура берсе деле болот, бирок анда сапатка доо кетип калат. Анткени санариптик берүүгө чыкканда бизди коңшу өлкөлөр да көрөт. Биз азыр эптеп эле санарипке өтүп, 24 саат эфирди толтуруш керек деген маселе менен алпурушуп жатабыз. Контенттин сапатын ойлогон киши жок. Ал үчүн көп каражат жана профессионал адистер талап кылынат.

Санариптик берүүгө өткөндөн кийин бир эле каналдан 15 башка каналды көрүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул үчүн кадимки биз көргөн телевизорлорго ресивер же жалпак тил менен айтканда, аналогдук берүүнү санарипке өткөргөн жабдык керектелет. Бул жабдыктын баасы учурда 1500-3000 сомдун тегерегинде. Социалдык жактан муктаждарга ресиверди өкмөт алып берет. Санарипке КТРК, Маданият, Баластан, ЭлТР, Мир, 5-канал, Пирамида мамлекеттик телеканалдары жана жети облустагы аймактык каналдар өкмөт эсебинен өтөт.

Жеке телеканалдардын санаасы

Кыргызстанда мындан бөлөк 22 жеке телеканал бар. Алар санарипке өз каражаты менен өтүүгө туура келет. Жалал-Абаддагы 7-каналдын башчысы Алтынбек Жумаев жеке каналдар өкмөттүн көңүл сыртында калганына нааразы.

- Жеке каналдар өз алдынча эле аракет кылып жатышат. Эми жыштыкты бөлүп берип койсо эле маселе бүтпөйт да. Ишти андан ары улантыш керек. Жаңы аппаратура сатып алуу, контент толтуруу маселеси чечиле элек. Өкмөттүн жеке каналдарга көңүл бурганын же жардам берейин дегенин деле байкай элекпиз.

Коңшу Казакстан санариптик берүүгө 2012-жылы өтсө, Өзбекстан жыл соңуна чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия 2010-жылы өткөн. Женева келишими боюнча ушул жылдын 17-июнунда Кыргызстандын чек аралаш аймактарында аналогдук телеберүүнүн сигналдары өчүрүлөт.

XS
SM
MD
LG