Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Атамбаевдин артта калган үч жылы


Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында расмий киришкен жана анын мөөнөтү 2017-жылдын декабрында аяктайт.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында расмий киришкен жана анын мөөнөтү 2017-жылдын декабрында аяктайт.

Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланганына 1-декабрда туура үч жыл толду. Анын ушул жылдар аралыгындагы президенттик ишмердигине берилген баалар карама-каршылыктуу.

Бири мурдагы мамлекет башчыларына салыштырмалуу артыкчылыктарын белгилесе, башкалары кемчиликтерин айтат.

Саясат талдоочу Кубанычбек Абдымен Алмазбек Атамбаевдин үч жыл ичинде жетишкендиги менен катар мүчүлүштүгү да мол болду деген пикирде. Ал президенттин жүргүзүп жаткан тышкы саясатына мындайча баа берди.

- Президент шайлоо алдында көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөм деп сөз берген жана сөзүнө туруп ушул эле багытта иштөөгө аракет кылып жатат. Ошол эле Америка менен иштешүүгө кызыкдар экенин айтып келет. Бирок ал сырткы геосаясий фактордун айынан кыйналып жатканы көрүнүп турат. Муну менен аны күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени Батыш менен Орусиянын ортосундагы кырдаал мынчалык курчуп кетерин билген эмес. Ошентсе да Америкага да, Орусияга да туруктуу мамиле кыларын көрсөтүп келет. Муну жетишкендик катары бааласа болот.

Атамбаев өлкө үчүн эмне кылды?

Атамбаев ант бергенден кийин Роза Отунбаевадан президенттик милдетти өткөрүп алууда. 1-декабрь, 2011-жыл
Атамбаев ант бергенден кийин Роза Отунбаевадан президенттик милдетти өткөрүп алууда. 1-декабрь, 2011-жыл

Президент артта калган 36 айда өлкө үчүн мактанарлык эч нерсе кыла алган жок. Мындай баасын эркин депутат, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Абдырахманов берди. Анын баамында, учурда өлкөдө болуп жаткан айрым каатчылыктарга президенттин аракетсиздиги себеп.

- Үч жыл болду, эмдигиче бир да реформа жасаган жок. Реформа болмоюн өлкө өнүкпөйт, экономика көтөрүлбөйт. Ошондуктан экономикалык, энергетикалык кризистерге кептелип турабыз. Бюджетибиз толбой, көрүнгөндөн акча сурап жүрөбүз. Ал башында коррупцияга каршы күрөшөм деп жакшы иш баштаган. Бирок саясий каршылаштарын камагандан башка эч нерсе кыла албады. Сот реформасынан дайын жок эмдигиче.

Казак президенти Назарбаев Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырууда. Астана, 7-ноябрь, 2014-жыл
Казак президенти Назарбаев Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырууда. Астана, 7-ноябрь, 2014-жыл

​Ал эми коомдук жана саясий ишмер Жамин Акималиев мамлекет башчысынын негизги жетишкендиги катары өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кыла алганын белгилейт. Анын ою боюнча Атамбаевдин өлкөнү өнүктүрүүгө болгон аракети күч болгону менен, калк сезе турган жылыштар дале байкалбайт.

- Бул кишинин өлкөдөгү тынчтыкты сактоого, Кыргызстанды алдыга жылдырууга болгон аракети бар. Өзгөчө акыркы бир жылда жол башчы катары өлкөдөгү негизги иштердин башында тура алды. Бирок айрым баштаган иштеринен дайын жок. Өкмөт тез алмашкандыктанбы, айтор өлкөнүн экономикасын көтөрө албай келет.

Президенттин алдыдагы 1095 күнү...

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Атамбаевдин үч жылдык ишмердигине "4" деген баа берди. Анын айтымында "5" деген баага өзү жалгыз эмес, бийликтин бардык бутагы менен бирге иш алып барганда гана татыктуу болот.

- Президенттин ишине жалпысынан оң баа берем. Анткени терс жагын көрсөтө элек. Ички жана тышкы саясатта ыйгарым укугунун чегинде жакшы эле иштеп жатат. Айрым укугу чектелүү болгондуктан экономикага кирише албайт. Аны өкмөт жасаш керек эле. Өлкөнүн экономикасында оор маселелер көп. Бирок баарын эле президент чечиш керек деген туура эмес.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында расмий киришкен жана анын мөөнөтү 2017-жыл декабрда аяктайт. Ал президент болуп өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин шайланган. Бирок айрым талдоочулар өлкө башчысы өз ыйгарым укуктарын кеңейтип алды деп сындап келишет. Баш мыйзам боюнча Атамбаевдин бир гана мөөнөткө президент болууга укуктуу. Ал өзү да мөөнөтү бүтөрү менен кызматтан чегинерин, ал үчүн күн санап жатканын жашырбай айтат. Мамлекет башчысынын алдыдагы үч жылында өлкөнүн Бажы биримдигине киргенден кийинки абалы, парламенттик шайлоо сыяктуу өлкө тагдырындагы олуттуу окуялар күтүп турат.

XS
SM
MD
LG