Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:00

Блог-Миңсанат

Жердештер, барсыңарбы?!

Текст көлөмү - +
Кабарыңыз барбы, акыркы кезде саясатчылар жердешчиликке бөлүнгөн чакырыктарды тартынбай эле бийик трибунадан үстөкө-босток айта башташты.

Асылбек Жээнбеков парламентке төрага болуп шайланганда, анын жердеши депутат Курманбек Осмонов парламент трибунасынан “Кара-Кулжа жеңди!” деп куттук айтты.

АКШда билим алып, прогрессивдүү, жаңы көз карашта ойлонот деп мактап жүргөн депутат Равшан Жээнбеков да өкмөт башчылыка өткөн Бабановду “жердешимди куттуктайм” деп жар алды. Муну кайра-кайра сыналгыдан көргөн карапайым киши кандай ойдо калды экен? Кап десең...

Саясатчыларга таң калуу, аларды жемелөө азыр кыргыз коомунда модадан калып баратат. Эми ошол саясатчыларды ээрчигендер да көбөйгөндөн көбөйүп, ооруну ырбаткандан ырбатып атат окшойбуз.

"Ай, иним, сен да Алайдан болот турбайсыңбы", - деп жадырап-жайнап бир аке жумушка издеп келиптир.

"Тынччылыкпы?"

“Сенин алайлык экениңи угуп сүйүндүм, ушундайда бирикпесек болбойт, Акматыбызды коргоп калалы”, - дейт.

Көрсө, дал ошол убакта парламент төрагасы Акматбек Келдибековго бир нече дооматтар айтылып, депутаттар аны кызматтан кетире албай убара тартып жатышкан экен.

"Жердешибиздин креслосуна тийбегиле деп кантип чыгабыз?", - деп сурадым.

"Кызык жигит экенсиң, жок дегенде маалыматтык жактан колдоп турсаң боло", - деп мага нааразы боло, бир чети таң кала карайт. Ал аңгыча койнундагы баракты чыгарып, Бишкекте иштеген алайлыктардын узак тизмесин мактана баштады. “Бул Би-Би-Сиде, бул ОБСЕде, бул мобу кызматта...”. Барагына үңүлсөм тизме узак. Кап десең...

Чет өлкөдө кыргыз диаспоралары ачылгандай эле, борборубуз Бишкекте жердештер үчүн түптөлгөн коомдор, уюмдар абдан көп экен. Кафеде чогулуп ырдап-чоордоп, ал жерге курсак байлаган депутаты келип, айылын макташып, аягында "биздин айылдан чоңдор көбүрөөк чыксын, керек болсо президент биздин айылдан болсун" деп ураалап, бата берип тарашат. "Ушул айылдагы мектепке стипендия уюштуруп берели, баланча деген киши ооруп, операциясына акча таппай жүрөт, каржылык көмөк көрсөтүп койолу" дегенди көрдүңөр беле? Алардын тизмесин ким түзөт? Кап десең...

Жердештер коомдорунун президенттери да абдан сылык-сыпаа, эптүү болушат экен. Оңой эле өзүнө тартып, ынандырып койот. Кыргыз өзү бөлүнүп, атаандашып жашаганды жакшы көрөт окшойбуз. Түндүк-түштүк, ичкилик, аркалык, оң канат-сол канат, уруу-уруу, кокту-колот, көчө, дагы эмне калды?

Алсыз саясатчылар жердешчиликти курал катары колдонсо, биз аларды баарыбыз ээрчип алалыбы?

Жакында эле жолдо баратсам гезит саткан бир эже таанып калып, “сени абдан жакшы көрөбүз, каерден болосуң?”, - дейт.

"Оштон", - дедим.
"Ка-ап, аттиң, ошол эле кемчилигиң бар экен да",-деп өкүнсө болобу!

Мына, бийик трибунадагы жана көчөдөгү сөздөр.

Кыргыз менен таанышып көр, “каерден болосуң” деген суроону бербегендер барбы? Аз. Кап десең...

Багыттоочу сөздөр Равшан Жээнбеков , Курманбек Осмонов , жердешчилик

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Baktygul каяктан: Osh
25.01.2012 02:04
кап десен....(((

кимден: Бекболот каяктан: Бишкек
13.01.2012 17:56
Жанар жана кочодо коргон эже айткандай сени кочодон коруп калсак сыйга татыктуу жигитсин жакшы мисал айттын бирок маселе элди экиге болуп жатканын байкап жатасынбы кыргыз бул ушул трибунада сойлогон эле адамдар эмес, маселеге башкача жакындап корбойсун бу

кимден: Кыргыз _Мекенчил каяктан: Россия-Кыргызстан
11.01.2012 20:21
Жанар ,Венера Сагындык кызы мезгил-мезгилдерде козгогон,Чон ото маанилууу урунттуУ,.омурдой керектуу ,кундолук турмушта минут-саат сайЫн козголуп турган маселени устуртон уЧкай суроттоп жакшы маселе козгоптур!Уруу-урукчулдук соогубузго,каныбызга сингени бышык! Кыргыз эли Курамадан -уруу-уруу он-солдон,иЧкиликтен куралгандыгыбыз талашсыз!Бирок туп тамыры тилибиз бироо ,тамыры жалгыз байтуп дарак,эле,турк тил тайпасына кирет!Ушул тилди 20-кылымдан узак мезгилде жоготпой сактап келген АТА_Бабабызга,Энелерибизге,Сутуменен оозанткан эне тили бизди миллион ирет ыраазы чылык билдирсек да аздык кылат!Ал эми биз улуттук.намысыбыз бийик экени талашсыз!Болунууу-жарылуу азыр мыйзам-ченемдуу болуп турат анткени ,БИЗ Кыргыздар окумуштуулардын аныктамасында.Улут катары бирдиктуу эл болуп эми калыптанып баратабыз,айрыкча ушул тапта!Жер=жерге болуштуруп,атчандарды,самопалшиктерди,оз уруусун кыйнап акча таркатып,митинге алып чыккандар жеке бийлигин,оз байлыгын сактап калу.учун улутка аз эле куйгон байкуштар,кара-курсак камын корушкон кыргызга кылчалык куйбогондор эле!Акайчик_Бахий мурунку чыккынчы президентти жалпы кыргыз кууп кетирдикко,блунбой эле биригип!Ущул революциялык журуштордо да улуттук биригуу калып танып онукту жана мындан ары да билимдин,Салт –санааны Кыргызымдын улуттук усулун сактап онуктурууменен биригишибиз ,Азыркы Глобализация заманында ото зарыл=Ансыз кыргыз чилдей таркап жок болуп кетебиз!Бул жерде ИЛимпоз окумуштуулар,педагогдор,Кадыр барктуу карыялар агартууу-когортуу иш пропагандалоо ,жакшы жоролголорду,ТВ,Радио жургузуу,Мамлекеттик денгеедлде которулушу керек!Ал эми тил –диалектисин эркин онугушун эркин койуу ,(
кырыгыз тилинин Карбоз Дыйканов–Кыргыз тили китеби),Жер –жерлерде айыл-аймак диалектисин де суйлошуу ал тарыхий процесс(Диалекти бар жерде тил байлык осот онугот).Кыргыз Тилди адабий калыпта окутуу,уйротуу Ангилис .орус тилин да окутуу,мамлекеттин,мектептин,негизги милдети!ата-эненин да уул-кызына,нагыз адабий тилде суйлоого шарт комок корсотушу керектуу ,анткени уул –кызы,кбой жетип кыргыз жалпы элдин ичинде,башка Мамлекеттерге окуууга кетсе аралашып жашаары бышык.Кыргыз тилин так дана билу ар бир кыргыздын милдети"Эгер Эне тилим бугун жок болсо мен ,эртен олууго даярмын" деп авар –совет акыны Расул Гамзатов айткандай»-эне тилсиз улут,ЭЛ жок болот тарыхта,жер бетинде!Ал-эми болунгонду бору жейт! Болунбойлу Кыргыз элим ансыз деле бир ууч ЭЛБИЗ!

кимден: Эмиль каяктан: Санкт-петербург
09.01.2012 06:31
Саламатсынарбы Кыргыз элим .бул тема чындыгында отоо оорчунду маселе .биздин Тундук-туштук болуп болунгонубуз эн туура эмес Кыргызды санжырадан окуп келсен баары эле бир аталыкка барып такалат.ал эми бул жэрдешчиликти чындыгында токтотуш учун биз биринчи ирет озубуздон башташыбыз керек.биринчи ирет эне тилибизди ондошубуз керек .адабий тилде сулошубуз керек ошондо жэнебизби деп ойлоймун. Менин ата энем бири туштуктон бири тундуктон мен озум болсо чуйдо туулганмын оскон жэрим жалалабат жашаган жэрим Россия болсо мен анда ким болуп каламын.???? Мен чыныгы Кыргызмын десек бугунку кундон тарта озубуздон баштайлы ким м-н таанышпа ким учурашпа сурабайлы жэрдигин эмне болот экен байкайлы.

кимден: baxa каяктан: moscow
09.01.2012 04:28
Баардык пикирлеш Кыргызстандык жердештерге Салам. Туура Жанар туйшуктуу маселени которуп чыгыпчын. Эми бул нерсе Орто Азия элдеринин ичинде деги калса озубуз иштеп жургон Орусияда да жолуктурса болот. Бирок булар азыраак маани беришет.Бирок (Ар шыпыргы озунчо шыпырат) дегендей Орусия бийлик тоболдорун карап корсон. Казак бир туугандар да Улуу жуз , орто жуз , кичуу жуз. Озбектер м-н Тажиктер аймак аймактарга болунушот.Бирок бизчелик болуп болунуп жарынганды корбодум. Бир гана нерсе Кыргыз намысына келгенде гана бирикпесе.Ага чейин бу бийликте туруп Кыргызга куйорман адамдардын.Ошол эле бийликтеги тажырбасы бар акылдуу Кыргыздын созу ушундай башталса. Анда билбейм. Азыркы жаштар маалымат дуйносун колдонуп ушундай нерселерди которуп талкууга алып бири бирибизди колдоого алып,биримдикке чакырып.Тилди онуктуруп билимге умтулуу менен чечкенге аракетенсек жакшы болор эле. Менин эсимде откондогу жаман окуяларда Москвадагы Кыргыздар бир туугандай болуп эле биригип, айрыкча кечке жуук, метродо, кочодо Кыргыз Кыргызды корсо суйунуп бир тууганын коргондой болгон жылуулукту озумчо байкагам. Улуу Кыргыз эли биригип акылмандыгы данышмандыгы менен канчаалаган каар замандарды басып отуп ушул убакытта 21 кылымды карытып отурат жана жашап келет. Ушул нерсени каада салты, Кыргыз тилин, урп адатты урукту таза кармап улантуу биздин колдо. Биздин ата бабабыз ушундай болгон бийликте болуп башкарган, укмуш уруудан болсо да. Алар Кыргыздын келечеги учун курошкон.Ошол нерсени унутпай.Ошол кишилердин урпактары жакшы нерселерин улантышы зарыл.
Азыркы бийлик тоболдору кунумдук бийлик учун курошкон инсандарга конул буруп конулду ирээнжитиштин кереги жок. Бул болунуп жарылуучу бийлик адамдары копко узабайт карт тарыхта бул адамдарын изи болбойт. Кыргыз деп жашап жалпы Эл учун курошкон Манас атабыздай болгон уулдары бар деп ойлойм. Мен Кыргызмын жана Кыргызстан учун. Жаманбы жакшыбы Кыргыз учун курошуу ар бирибиздин журогубуздо орношун калайм. Рахмат.


кимден: Чуйлук
07.01.2012 14:57
Модер, менин мурунку комментимди чыгарбадын. Жарга такап, нацистке тенеп. Мен мисалы чуйлукмун... досторум деле чуйлук. Анын эмнеси жаман? Оштук тааныштар деле толтура, бирок доскелерден эмес. А-то бул жерден баарынар эле өзүнөрдү акка тенеп, башкаларды каралап салыптырсынар го. Шумдуксунар. Итке сөөк берсе, уу берет турган эле калкпыз. А силер билесинерби, биз ушул кебетебиз менен эмнеге бөлүнө берерибизди? .........................
Пикирге жооп

кимден: kg каяктан: mars planeta
17.01.2012 17:40
chuilukmun oshtuk dostorum jok depsin bul jazganyn tuura bolboit. men dagy chuidonmun no baardygybyz kyrgyzstandykbyz. menin oshtuk dostorum abdan kop. Biz chui oblasty menen ozuncho mamileket tuzo albaibyz Osh da Chuisuz ozuncho mamileket bolo albait. Eger biz myndai boluno bersek bolboit, bizge bashka koz salyp turgan chon mamileketter kop andyktan biz kyrgyzstandyk ekenibizdi unutba.
Пикирге жооп

кимден: Кыргызстандык
08.01.2012 11:06
Бул жазганынды жакшылап түшүндүрүп кетсен болмок, антпесе такыр түшүнүксүз, сен ошондо Оштон дос күтпөймдегенине караганда Кыргыз эли дагы эле ушинтип бөлүнө берсе дейсин го.

Бул жерде эч ким акктанган жокко, болгону Кыргыздын денесиндеги оору талкууланып жатат, анын эмнеси жаман.

Кыргыз, ушу биз качан түшүнөбүз, биз улут катары жок болуп кетүүнүн алдында турабыз. Бириккендин оордуна, бөлүнүп жарылып...

кимден: Meerim каяктан: Каракол
07.01.2012 04:02
Билими тайкы эле адам трайболист болот менимче. Калкты ротация кылуу зарыл. Ротация кылуунун жолдору коп. Мыйзамдын чегинде иш кылса эмнеге болбосун. Коом аралашып, ар-бери жылып туруу керек менин ойумча.

кимден: Космира каяктан: Ош
06.01.2012 21:14
АЗАМАТСЫН. Бирок бул илдет баарына тарап,тамырлап кеткен. Ишенип Кыргызстандын келечегин колуна тапшырып койгон бийлик башындагы адамдар ушул илдет менен ооруп жатса,калганы каякка да бармак эле.Ишенген кожом сен болсоооон.........??? Бирок бул нерсени Ошто байкабайм,бирок Бишкекке барганымда созсуз ушул нерсеге кабылып, конулум ооруп кайтамын.Неси болсо да элибизге ынсап берсин.
Пикирге жооп

кимден: сагын
07.01.2012 09:45
Ошто байкабагандыныздын себеби сиз оштон болгондуктан диалектиниз окшош болуп сизге билинбейт. Мен ошто иштеп жургондо алгач суйлой баштаганда эле кээлери эмне аркалыксынбы десе кээлери эмне конкобайсынбы деп жердешчилик сурушуп калчу элек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.01.2012 18:53
Germaniyada jashagynyma 2 jyl boldu, bul jakta tunduk tushtugun koi, kyrgyz degen el bar ekenin , Kyrgyzstan degen mamleket bar ekenin bilgen kishi yabai az, mumkun 10 %. andan ashyk emes. Aila jok, geografiyany mektepten jakshy okugan emessin dep kutulasyn. Je bolboso eks Sovet Union deshke tuura kelet. Aitor abdan okunuchtuu.Birok menin aitain degenim , jakynda ele Berlindin bir chon dukonuno kirip kaldym, otup baratyp kyrgyzcha suilogon 2 kishini korup kalyp, ushunchalyk ata enemdi korgondoi suyundum. Birok al suiyinchum tigi kishilerdin kaisy jerden bolorumdu suragandan bashtalyp, oshtuk ekenimdi bilgenden kyiyinki salkyn koshtoshuu menen bat ele buttu.

кимден: КУРСАНТ каяктан: БИШКЕК
06.01.2012 18:00
СИЗ ТУУРА БААМДАПСЫЗ ЖАНАР МЫРЗА КЫРГЫЗСТАН КАЧАН ОНУГОТ ДЕГЕНГЕ БУЛ ДА БОЛСО ЖООП.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине