Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Иманалиев: Кытай менен алакада артта калдык


Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Кыргызстан Кытай менен алака түзүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен пайдаланбай, чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу артта калууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча комитеттин төрага орун басары Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Каныбек мырза, Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри атайын сапар менен келип, эки өлкө ортосундагы алака-катыш талкууланды. Бийликтер эки өлкө ортосундагы мамилени эң жогорку деңгээлде деп баалашты. Коңшу Кытайдын экономикалык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстан бул өлкө менен кызматташтыктын дараметин канчалык деңгээлде колдонуп жатат?

Иманалиев: Кытай биз үчүн тарыхый кошуна. Экинчиден, бүгүнкү күнү Кыргызстан үчүн каржылык жардам көрсөткөн эң маанилүү кредитор мамлекет. Үчүнчүдөн, аймактык бирикмелерде эң ири өнөктөштөрүбүздүн бири. Бул жагынан алганда биз Кытай менен кызматташууда кечигип жатабыз. Мисалы, Кытай Тажикстан менен мамилени бир учурда эле баштап, азыр бул эки өлкөнүн мамилеси алда канча озуп кетти.

Учурда дүйнөдөгү кризиске байланыштуу бизге насыя берип жаткан өлкөлөрдүн эң негизгиси Кытай болуп калды. Ошондуктан бул өлкө менен кызматташтык ар тараптуу өнүгүшү керек. Айрыкча, жеке секторду өнүктүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирген соң Кытайдан келген товарлардын көлөмү азая түштү. Биз бул кырдаалда Кытайдан товар эле ташый бербестен, алардан тажрыйба үйрөнүп, бул өлкө менен биргелешип Кыргызстанда ишканаларды куруп, Евразия өлкөлөрүнө базарга чыгарганга аракет кылышыбыз керек.

"Азаттык": Сиз белгилеп өткөндөй, Кытай менен алака курууда коңшулардан артта калышыбызга эмне себеп болууда?

Иманалиев: Биринчиден, бюрократия. Экинчиден жана негизги себеп коррупция. Үчүнчүдөн, бул өлкөнүн айрым өзгөчөлүктөрүн эске албай коюп жатабыз. Кытай менен Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кызматташтыгын карасак алар ушу нерсеге көңүл буруп, алдыга кетип жатат. Биз бул нерседен артта калбашыбыз керек.

Кытайга негизгиси туруктуу, сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү өнөктөш керек. Биз ушул нерселерге абдан чоң маани берип, ушул жаатта кызматташтыкка басым жасашыбыз абзел.
Каныбек Иманалиев

"Азаттык": Ал кандай өзгөчөлүктөр?

Иманалиев: Кытайга негизгиси туруктуу, сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү өнөктөш керек. Биз ушул нерселерге абдан чоң маани берип, ушул жаатта кызматташтыкка басым жасашыбыз абзел.

"Азаттык" Кыргызстандын тышкы саясаттагы багыттар, басымдар себеп болуп жаткан жокпу? Анткени өлкө бийлиги Орусияны негизги стратегиялык өнөктөш жарыялап, бир тараптуу ал өлкөгө жүз буруп алганыбыз бул маселеде роль ойногон жокпу?

Иманалиев: Чын-чынына келгенде Кытай менен Орусия ишенимдүү өнөктөштөр. Бул жерде Орусия менен мамиледен себеп издеген туура эмес деп ойлойм.

"Азаттык": Бирок Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши менен соода алакалары солгундай түшкөнү байкалды?

Иманалиев: Ооба, муну күтүүгө болот эле. Себеби, Евразия экономикалык биримдиги өз алдынча аймактык бирикме. Бирок өзүбүздөн да күнөө кетти. Транзиттик машинелерди биздин аймак аркылуу эмес, Казакстан аркылуу өтүшүнө жол ачып койдук.

Кытай-казак чек арасындагы Хоргос базары
Кытай-казак чек арасындагы Хоргос базары

"Азаттык": Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан темир жолунун курулушу аталды. Былтыр жыл аягында бул жолду куруу боюнча келишимге кол коюлары айтылып, бирок ушу мезгилге чейин эч кандай жылыш байкалган жок. Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?

Иманалиев: Бул долбоор 1996-жылы башталган. Андан бери Казакстан аркылуу кетчү бутагы курулуп калды. Бул тарап да Кытай өкмөтү айткан долбоорго өтө дыкат, чебер мамиле кылышыбыз керек болчу. Кандайдыр бир деңгээлде биз уттуруп койдук. Буга чейин транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов иштеп турган учурда бир катар маселелер талкууланып, кол коюуга даяр болуп калган. Бирок андан соң бир катар субъективдүү маселелерден улам бул иш создугуп кетти. Эми Калыкбек Султанов президенттик кеңешчиликке келди. Бул маселеге көңүл бурулса керек. Бирок темир жол куруу боюнча долбоордо кечигип жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG