Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Анапияевдин иши: дал келүүчүлүкпү же далдоодо калган жагдайбы?


Кыргызстанга таандык учак
Кыргызстанга таандык учак

Алманбет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон адам менен эки ички иштер кызматкери учакта чогуу келгени коомчулукта шек жаратууда.

Күбө катары сурак берген Гүлжигит Абилазизов менен Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов жана анын кызматкери Таалайбек Мамбетакунов 24-февралда Москва-Бишкек каттамы менен чогуу учуп келгенин тастыктаган документтер социалдык тармактарга жарыяланган болчу. Буга Ички иштер министрлиги комментарий берип, бул жагдайды жөн эле дал келүүчүлүк катары мүнөздөдү.

Учак жүргүнчүлөрүнүн тизмесинен...

Интернеттеги социалдык тармактарга 24-февралда Москва-Бишкек каттамы боюнча Алманбет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон Гүлжигит Абилазизов менен кошо кимдер учканы жарыяланган.

Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 16-январь, 2013.
Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя, 16-январь, 2013.

Интернетке коюлган документтердин көчүрмөсүнө караганда, Гүлжигит Абилазизов менен бирге Ички иштер министрлигине караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов жана анын кол астында иштеген Таалайбек Мамбетакунов ошол каттамда кошо учканы тизмеде көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Эрнис Оcмонбаев аталган кызматкерлер башка жумуштар менен Москвага барып-келгенин айтып, алардын бир учакта болуп калуусун жөн эле дал келүүчүлүк катары мүнөздөдү:

- Биздин эки кызматкер 22-февралда Москвага барышкан. Бул тууралуу жетекчиликке айтылган. Министр ал кезде Ташкентте болчу. Алар Абилазизов менен бир самолетто учуп келишкенине өздөрү таң калышууда. Анткени алар бул тууралуу кечээ жакында ал тизме интернетке жарыяланганда гана билип отурушат. Биздин бул кызматкерлер Гүлжигитти тааныган эмес жана билишпейт. Ал жигит эртеси адвокатын алып ИИМге келип жатпайбы.

Гүлжигит Абилазизов
Гүлжигит Абилазизов

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Гүлжигит Абилазизов 25-февралда милицияга өз ыктыяры менен келип, Минскидеги кандуу окуянын күбөсү катары көрсөтмө берген болчу. Анда күбө Гүлжигит Абилазизов Алмамбет Анапияевди сырткы келбетине караганда Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү өлтүрүшү мүмкүн деп жарыялаган. Мына ошондо ички иштер министри Мелис Турганбаев Москвадан учуп келген Гүлжигит деген күбөнү милиция аба майданынан тосуп алганын белгилеген болчу:

- Аны аба майданынан биздин балдар тосуп алышкан. Ал өз ыктыяры менен келди. Минскидеги кылмыш иши кандайча жасалганын өз оозу менен айтып, көрсөтмө берди. Ал аны дагы ошол жактан өлтүрүп койбосун деп Москва аркылуу Кыргызстанга келиптир. Ал өзүнүн өмүрү үчүн коркуп жатат. Ошондуктан аны биздин күбөлөрдү коргоо башкармалыгы кайтарууда.

Шектүү жагдайдын маңдайы

Ошол эле кезде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчилиги Гүлжигит Абилазизов менен бирге учуп келүүсүн кокустук же дал келүүчүлүк дегенге ишенбегендер да жок эмес. Анан милициянын маалыматында да күбөнүн өзү келиши же анын аба майдандан тосуп алынышы сыяктуу эки ачалык бар.

Журналист Дайырбек Орунбеков мындагы шектүү жагдай туурасында буларды айтты:

- Алар Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчилери болуп жатышпайбы. Анан ошолордун тиги менен чогуу бир учакта келгени шек жаратат. Мурда мындай маалымат айтылган эмес да. Милиция ал жигитти өзү эле качып келиптир деп жарыялаган. Бул жагдай социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Негизи Гүлжигиттин көрсөтмөсүнө ишенбей жаткан калктын катмары мына ушул окуядан кийин андан беш бетер ошол ойлорун бекемдеп калышты.

Минскиде киши колдуу болгон Алманбет Анапияевдин бир туугандары бул иштеги табышмактуу жагдайлар туурасында комментарий берүүдөн баш тартышууда. Буга чейин Анапияевдин өлүмү боюнча беларус тергөөчүлөрү Бишкекке келери жарыяланган болчу. Бирок башында бул кылмыш ишин иликтөөгө кызыкдар болуп жаткан ал тергөөчүлөрдөн азырынча дайын жок.

XS
SM
MD
LG