Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Жемкордук желесине чырмалган кызматтар


Иллюстрация
Иллюстрация

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Руслан Умаров изкубарлар тутамдашкан коррупция торунда калганын айтып чыкты.

Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети өз катарындагы колу таза эмес кызматкерлерине чара көрүү ордуна аларды кармагандарды текшерип, бөлүм башчы Умаровдун аскердик билети жасалма деген негизде аны ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдөн четтеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Руслан Умаровдун билдирүүсүндө келтирилген фактыларды четке кагып, аны курулай доомат катары мүнөздөдү.

Тоскоолдуктардын томдору топтолуп...

Соңку ирет аткезчилик менен алектенген бажычылар менен чекисттерди кармап, аларды калкалаган прокурорду укпай койгон Финансы полициясынын бөлүм башчысы Руслан Умаров ишти иликтөөдөн четтетилди. Бул иш боюнча эки чекист жана эки бажы кызматкери камакка алынган болчу. Ал аткезчилик айынан мамлекетке 11 миллион сом зыян келтирилген.

Руслан Умаров учурда ага каршы Атайын кызмат менен Башкы прокуратуранын кысымы күчөгөнүн айтып, мындай жагдайда коррупция менен күрөшүүнүн зарылдыгы барбы деген маселени алып чыкты:

- Мен аягына чыгарайын деген демилге кайра мага каршы иштей баштады. Биз мына ошол чекисттерди кармагандан он күндөн кийин Улуттук коопсуздук кызматынан менин ыкчам-издөө иштерине аралашуума жана жашыруун материалдарды алуу укугумду токтотуу боюнча директива келип түшкөн. Буга алар менин аскердик билетим боюнча соттук ишти негиз кылышкан. Бирок бул боюнча сот иши бүтө элек экенин алар билишкен. Баш прокурордун орун басарынын колу менен бурмаланган негизде мени иликтөө иштерин туура эмес уюштурат деп көрсөтмө чыгарылыптыр.

Президенттен колдоо сураган координациялык кеңеш

Руслан Умаров буга чейин да прокуратура, бажы, жана салык сыяктуу мамлекеттик аткаминерлерди пара менен кармап, чуулгандуу иштердин бетин ачкан. Алардын ичинен соңку катталган фактылар бул - парфюмерия жана тери аткезчилиги менен алектенген уюшма топтун кармалышы. Руслан Умаров жакында эле жалгыз уулунун жол кырсыгына кабылышында да табышмактуу жагдайлар бар экенине токтолду. Ал буга чейинки коркутуп-үркүтүүлөр жана анын иликтөөсүнө жасалган тоскоолдуктар боюнча бийлик башындагыларга кайрылып келген. Бирок ушул күнгө чейин жогору жактан жооп болгон эмес.

Башкы прокуратуранын алдындагы коррупцияга каршы туруу боюнча кеңештин мүчөсү Зульфия Марат президент Руслан Умаровду тез арада кабыл алуусун сурады:

- Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматынан Руслан Умаровго карата өч алуу жана куугунтуктоо жүрүп жатат. Бул кырдаал жогорку башкы кол башчынын кийлигишүүсүн талап кылат. Биз бул маселе жеке эле Умаровдун иши эмес, ага жардам сурап кайрылган жарандардын материалына байланыштуу экенин айткыбыз келет. Мына ошондуктан биз эксперттик кеңештин мүчөлөрү президенттин Умаровду кабыл алышын жана аталган чектен чыккандыкты токтотушун өтүнөбүз.

УКМК: жасалма аскер билетинен кийинки жорук-жосун

Анткен менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коомчулук менен байланыш бөлүмү коюлган дооматты четке кагып, аны курулай каралоо катары кабыл алган билдирүү таратты. Анда кармалган чекисттердин тергөө иши жүрүп жатканы жана Умаровдун иликтөө ишине тоскоолдук жок экени көрсөтүлгөн. Атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Сулайманов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Кылмыш иши козголуп кимдир бирөөгө айыптар тагылмайынча, алдын ала кимдир бирөөнү күнөөлөөнүн өзү туура эмес. Умаровдун аскер билетинин жокко чыгарылышы аны ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүсүн токтотууга негиз берет. Тиешелүү укук коргоо органдарындагы кызмат адамдарына болгон материалдар боюнча өз колунда бар документтердин негизинде иш алып бара берсе болот. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Умаровдун соңку бир жылдагы тараткан маалыматтарын карап чыгып, анын атайын кызматтын жана прокуратуранын кызматкерлерин каралоого өтүп алганын байкаган. Ал аскердик билети жасалма экени такталгандан кийин мына ушундай жолго өтүп алды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Руслан Умаров учурда Башкы прокуратура менен атайын кызмат биригип алып, бирөөлөрдү ага каршы көрсөтмө бердиртүүгө аракеттенип жатканын билдирди. Умаров учурда коррупцияга каршы күрөшө турган органдар өздөрү анын гүлдөшүнө жол берип, ал ачкан кылмыш иштериндеги айыпкерлерди коргоого өтүп алды деп даттанды. Мына ушуга байланыштуу колунда бар далилдери менен президенттин кабыл алуусунда болууга жол издеп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG