Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Алты миллиард сомдун чет өлкөгө агышы


Иллюстрация
Иллюстрация

Алты миллиард сомго чукул акчаны Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен чыгарып кеткен фактынын бети ачылды.

Бул кылмышты Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы ачкан. Бирок Ички иштер министрлиги бул ири өлчөмдөгү акчанын кандай жол менен табылганы, кимге таандык экени жана кандай максатта чет өлкөгө чыгарылып кеткени туурасында маалыматтарды ачык жарыялаган эмес. Мындан улам, эксперттер Кыргызстанда кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдап сыртка чыгарууга ыңгайланышкан эл аралык синдикаттардын көмүскө каналдары бар деп ырасташууда.

Капыстан ачылган иштин “гай-гайы”

Өлкөдөн ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен фактыны Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы капысынан байкап калган. Изкубарлар башка эле кылмыш ишинин аркасы менен көмүскө акча которууларды иликтөө учурунда ысымы ачык жарыяланбаган адам бир эле учурда 5 миллиард 641 миллион 38 миң сом акчаны Түркияга, Дубайга, Кытайга жана Эстонияга мыйзамсыз жол менен которгону ашкере болгон. Бул акча которуулар бир эле адамга катталган түшүнүксүз аталыштардагы “РП”, “ТТВ”, жана “Б-ба” деген жасалма компаниялардын атынан жүргөн.

Кыргызстан Акаевдин учурунда, анан Бакиевдин тушунда арам жол менен келген акчаны “тазалап” кайра чыгара турган өзүнчө эле бир “борборго” айланып калган. Мына ошол кылмыштуу каналдар 2010-жылдан кийин деле жок болгон жок.
Мавлян Аскарбеков

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун расмий өкүлү Эрнис Осмонбаев бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Бир эле учурда мына ошол үч фирманын атынан акча которуулар болгон экен. Анан териштирүү учурунда алардын кожоюну катары бир эле адам катталганы айкын болду. Мына ошол акча которуу учурунда жана ага чейин аталган фирмалар эч кандай бажы төлөмүн жана салык төлөбөгөнү шек жараткан. Ал компаниялардын соода менен же болбосо башка бир ишкердик менен алектенбегени дагы чоң шектенүү туудурган. Бул жерде ири өлчөмдөгү акча каяктан алынган деген суроо жаралып, ошонун негизинде иликтөө башталган.

Бирок Ички иштер министрлиги бул ири өлчөмдөгү акчанын каяктан келип чыкканы жана анын кимге таандык экени тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруудан баш тартууда. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүү жагы Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына жүктөлдү. Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо жана жасалма ишкерчилик деген беренелердеги кылмыш белгилери боюнча азырынча ысымы аталбаган адамга карата айып коюлган. Бирок андан шаардан чыкпоо тууралуу гана тилкат алынып, камакка алууну карабаган бөгөт чарасы тандалган.

Арам акчаны “тазалоонун” айласыбы?

“Жаңы Муун” кыймылынын лидерлеринин бири Мавлян Аскарбеков бул чуулгандуу кылмыш иши сотко жетерине ишенбейт:

- Тилекке каршы, ал акча кимге таандык, каяктан алынган жана кандай жол менен чыгарып кеткен, деген маалыматтар чыкпай жатканы кызык. Жалпы эле маалымат таратылды. Бирок менимче, андай кеңири маалымат чыкпайт болушу керек. Анткени буга окшогон көмүскө каржылык операцияларды колунда бийлиги бар таасирдүү жогорку кызмат адамдары гана жасайт. Мына ошондуктан көп жагдайлар ачыкка чыкпастан көмүскө бойдон калып кетет. Негизи эле Кыргызстан Акаевдин учурунда, анан Бакиевдин тушунда арам жол менен келген акчаны “тазалап” кайра чыгара турган өзүнчө эле бир “борборго” айланып калган. Мына ошол кылмыштуу каналдар 2010-жылдан кийин деле жок болгон жок. Кайра гүлдөп жатат десек болот. Мында негизинен Ооганстандан жана Тажикстан аркылуу курал сатуу, маңзат соодасы сыяктуу эл аралык кылмыштуу синдикат аркылуу иш алып барган жагдайлар бар. Алардын чыныгы кожоюндарын жана Кыргызстандагы калкалоочуларын биз эч качан билбейбиз.

Ири өлчөмдөгү көмүскө акча которууларды жүргүзгөн “бир күндүк компаниялар” салык органдарына нөлдүк көрсөткүчтөгү отчетторду тапшырганы тууралуу гана маалымат жарыяланды. Ошондой эле Ички иштер министрлиги аталган компаниялардын товар ташып же башка кызмат көрсөтүү менен алектенип, бажы органдарынан каттоодон өтпөгөнүн аныктаган. Мындан сырткары иликтөө учурунда ал фирмалар көрсөтүлгөн даректе турбаганы ачыкка чыккан. Мына ошондон улам изкубарлар ал компанияларды жашыруун каржылык операцияларды жүргүзүү үчүн гана утурумдук түзүлгөн жасалма мекемелер деп тапты. Учурда тергеп-иликтөө иштери кызуу жүрүп жатканы жарыяланды.

XS
SM
MD
LG