Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Акаевдин мурдагы күйөө баласы Тойгонбаев кармалды


Адил Тойгонбаев.
Адил Тойгонбаев.

Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаевди Интерпол Дубайда кармады. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси качан чечилери белгисиз. Ал казак жараны болгондуктан, Бишкекке берилбеши да мүмкүн.

Мурунку президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы, Кыргызстанда каржы иштерине байланыштуу көз боёмочулукка айыпталып жаткан Тойгонбаевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен иш козголгон. Ал буга чейин да Казакстанда жана Орусияда колго түшүп, бирок Бишкекке өткөрүлбөй эле бошотулган.

Ички иштер министрлиги Адил Тойгонбаев апта башында Дубайда колго түшкөнүн маалымдап, азыр Бириккен Араб эмирлиги менен Кыргызстандын күч органдары аны Бишкекке экстрадициялоо маселесин талкуулап жатышканын 23-мартта кабарлады.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Сүйөркулов бул жаатта кандай макулдашууга жетишилери азырынча анык эместигин “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Бизде ал кишинин колго түшкөнү боюнча эле маалымат бар. Аны экстрадициялоо иштери боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшү же кандай жыйынтык болору тууралуу расмий маалыматтар келе элек. Бирок Тойгонбаев сөзсүз Кыргызстанга экстрадиция болушу керек.

Интерпол уюмунун маалыматына караганда, Адил Тойгонбаев Бириккен Араб Эмирликтеринин күч кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн операцияда колго түштү.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев ага карата Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, каржылык көз боёмочулук боюнча айып тагылганын айтты:

- Кылмыш кодексинин бир канча беренеси боюнча айып коюлган. Ал 166-берене (алдамчылык) жана 213-берене (ири суммадагы салыктарды жашырган) боюнча күнөөлөнүп жатат.

Тойгонбаев 2013-жылы Алматыда, 2014-жылы Москвада кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. Ал Казакстандын жараны болгондуктан, эл аралык нормаларга ылайык Бишкекке экстрадициялоодон чет элдик күч органдары баш тартышкан.

Мурунку баш прокурор Байтемир Ибраев бул ирет да анын Кыргызстанга өткөрүлүшү күмөн экенин белгилейт.

- Тойгонбаевди өткөрүп алуунун бир гана жолу дипломатиялык жолдор менен сүйлөшүү жүргүзүү. Тойгонбаев Казакстандын жараны. Буга Казакстан кандай карайт? Бул жааттан алганда экстрадиция болбой калышы мүмкүн. Бирок дуйнөлүк практикада башка мамлекеттин жаранын үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү практикасы бар. Ал үчүн анын кылмыштары чынында олуттуу экенин далилдеген фактыларды көрсөтүү зарыл.

50 жаштагы Адил Тойгонбаев Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин кызы Берметтин күйөөсү болчу. Алардын бир уулу бар.

2005-жылы бийлик алмашкандан кийин Башкы прокуратура мурдагы президент Акаевдин жакындарына байланыштуу 105 кылмыш иш козгоп, өлкө тарткан жалпы зыянды 564 млн сом жана 32 млн 400 миң доллар деп баалаган. Тойгонбаевге Кыргызстанга 15 млн 492 миң доллар зыян келтирген деген айып менен эл аралык издөө жарыяланган.

Акаевдин бийлигинин тушунда Тойгонбаев Канттагы цемент-шифер заводуна, Бишкек шампанвинкомбинатына, Кайыңды кант заводуна ээлик кылган.

“Вечерний Бишкек” гезити, “КООРТ” телеканалы, “Айрек” рекламалык агенттиги дагы президенттин эрке күйөө баласынын менчигине өткөн.

Тойгонбаевге тиешелүү эки компания “Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын аскерий учактарын авиакеросин менен жабдып турган. 2001-2005-жылдары ал компаниялардын эсебине Пентагон 13 млн ашуун доллар которгон.

XS
SM
MD
LG