Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Декларациялардын тактыгы текшерилүүдө


Кыргызстанда өткөн жыл үчүн декларациялык кампаниянын мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды.
Кыргызстанда өткөн жыл үчүн декларациялык кампаниянын мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды.

Аткаминерлер өз киреше жана мүлкү тууралуу көрсөткөн маалыматын текшерүүчү мекемелер аралык комиссия кирешесин жашырган кызматкерлер болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Антикоррупциялык механизмдердин бири катары киргизилген мамлекеттик кызматкерлердин киреше декларациясын толтуруу милдеттенмеси акырындан өз жемишин бере баштагандай.

Байлыгын жашыргандар аныкталат

Мамлекеттик кызматкерлердин 2013-жылкы кирешеси тууралуу тапшырган маалыматтардын тактыгын текшерип чыгуу үчүн Башкы прокуратура баштаган күч кызматтары, Мамлекеттик салык, Бажы кызматтары, Юстиция министрлиги жана башка мекемелер аралык атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын маалыматы боюнча, 2013-жылы 1854 декларациянын 312си текшерүүдөн өткөн. Текшерүү учурунда айрым кызматкерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматты так көрсөтпөгөнү анык болгон. Маалыматта айтылгандай, кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин декларациясында өзүндө жана жакын туугандарында эч кандай мүлк жок деп жазылган, ушундан улам алардын чет мамлекеттерде банк эсептери болушу мүмкүн же болбосо Кыргызстанда катталган мүлктөрү жана кирешелери башка ишенимдүү адамдарына катталуусу ыктымал деген шек туулууда.

Аталган мекемелер аралык комиссияга Мамлекеттик салык кызматынан мүчө болуп кирген Эдил Исраиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекеттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси жана мүлкү тууралуу декларациясы ар тараптуу текшерилген:

- Мамлекеттик кадр кызматы бизге алардын тизмесин берген, Салык кызматы аткаминерлер жана алардын жакындары төлөгөн салыкты текшергенбиз. Ошондой эле аларга тиешелүү объекттер тарабынан да салыктар төлөнгөн-төлөнбөгөнүн текшерип, маалымат беребиз. Башка органдар өздөрүнө тиешелүү иштерин жүргүзүшкөн.

Мамлекеттик кызматкерлерди жана алардын жакындарын кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга милдеттендирген мыйзам 2004-жылы кабыл алынган. Андан бери мындай декларациялар тогуз жолу тапшырылганы менен бир да жолу текшерилген эмес. 2013-жылы гана мамлекеттик кадрлардын байлыгы тууралуу берген маалыматтарынын чын-төгүнүн аныктоочу атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Жартылай жасалган иш жыйынтык бербейт

Аталган комиссия мурда да бир катар аткаминерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтарды жашырып, так бербегени аныкталганын маалымдаганы менен, бирок кимдер, кайсы тармактын кызматкерлери экени ачык айтылган эмес.

“Прогресс” коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов мындай шарттарда комиссиянын иши жемишин бербейт деп эсептейт:

- Өзүнүн байлыгын жаап-жашырган аткаминерлердин аттарын атабай, минтип жарым-жартылай бүтүргөнү – жарыя кылып, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалбагандай түр калтырат. Кайсы кызматкердин кандай мүлкү кайда жашырылганын аныктап, ачык жарыяласа туура болмок. Бул комиссия ошону максат кылып түзүлгөн, эми ишинин жыйынтыгы бул. Бул жерде ортозаар да эмес, жогорку тепкичтеги аткаминерлердин байлыгын жаап-жашырганын ачыкка чыгаруу зарылчылыгы бар.

Мамлекеттик кызматкерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматты дээрлик бардык өлкөлөрдө ачыкташат. Мисалы коррупция төмөн деп эсептелген Сингапурда аткаминерлер жана алардын жакындары байлыгы, кирешеси менен кошо чыгашасы тууралуу маалыматтарды да көрсөтүшөт. Эгерде кирген киреше менен чыгашанын айырмасы көп болуп калса, анда ал кызматкер кызматтан четтетилет.

Кыргызстанда да мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, мүлкү менен кошо чыгашасын кошо суроо керек деген пикирин Башкаруу боюнча кеңешчилер институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров бөлүштү:

- Мамлекеттик кызматкер сөзсүз түрдө чыгашасын да, кирешесин да декларация кылуу керек. Ал маалыматты мамлекеттик кадр кызматы, Эсеп палатасы жана жарандык коом текшерип, аткаминердин өзүнүн гана эмес, келин-күйөө бала, кайын журтунун да мүлктөрүн кошо текшерүүгө тийиш.

Азамат Аттокуровдун ою боюнча, мамлекеттик кызматкерлердин киреше, мүлкү тууралуу маалыматын текшерип турган мекемелер аралык комиссия жашырылган мүлкүн таап чыккан учурда да, аны аныктап, далилдеп бере албайт:

- Тилекке каршы далилдеп бере албайт. Анткени биздин мыйзамдар жарым-жартылай. Анткени аткаминердин келин-күйөө баласы кошо декларация тапшырсын деген мыйзам жок. Ошондой эле чыгаша менен кирешенин дал келүүсү боюнча да текшере албайт. Ошондуктан эч нерсе кыла албайт. Текшерүүлөр болуп, бара-бара унутулуп кала берет.

Мамлекеттик кадр кызматы 2013-жыл үчүн аткаминерлер жана алардын жакындары мүлкү жана кирешеси тууралуу декларацияны толук тапшырганын маалымдаганы белгилүү.

15-апрелде болсо өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жыл үчүн декларациялык кампаниянын мөөнөтүн 1-июлга чейин узарткан жардыгын чыгарды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG