Улуттук банк мындай чектөөлөр тууралуу коммерциялык банктарга көрсөтмө бербегендигин билдирди.
Кылычбек Таштаналиев микрокредиттик компаниялардын биринин жетекчиси. Анын айтымында, дээрлик бардык банктар долларды сатууга чектөө киргизди:
- Кээ бир коммерциялык банктар 500 долларга чейин, кээ бирлери 1000 долларга чейин чектөө киргизди. Бирок акча жүгүртүү боюнча маселе жок. Азыр эми келерки жылга божомолдоп атабыз, доллар кеминде 10-13 пайызга чейин өсүп, жыл этегине чейин 65-70 сомго жетиши мүмкүн.
Жамал Кыргызстандагы ири коммерциялык банктардын биринен насыя алуу үчүн октябрь айынан бери камданып жаткан. Эми акчаны колуна алаарда насыя берүү токтоп калганын айтып берди:
- Ноябрь айында нотариуска барып, бардык документтеримди Мамлекеттик каттоого өткөрүп, акчаны колума ала турган убакта насыяны токтотуп коюшуптур. Бир канча жолу кайрылып, күндө чалып, бересиңерби десем, чоңдорубуз бербегиле деди, Улутту банктан да ушундай тапшырма болду деп айтышты. Ошол боюнча насыям токтоп турат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов долларды сатууга чектөө киргизди деген маалыматты четке какты. Анын маалымдашынча, коммерциялык банктар Улуттук банк интервенциялаган долларларды акча алмаштыруу жайлары дүңүнөн сатып кетпеши үчүн өздөрү ушундай чектөө киргизип жатышы ыктымал:
- Коммерциялык банктарга биз эч кандай көрсөтмө берген жокпуз. Алар чектөө киргизүүнү өздөрү чечет. Азыр валюта базарында алып-сатарлык чабуул болуп жатат деп атпайбызбы. Биз валюта базарына чыгарган акчанын үстүнө көп акча кошпой, аны акча алмаштыруу жайлары сатып албасын, элге көбүрөөк жетсин деп ушундай чектөө киргизишти окшойт.
Толкунбек Абдыгулов насыяларды берүүнүн чектелишин жылдын этегинде болчу кадыресе көрүнүш деп түшүндүрдү:
- Жыл этегинде, декабрь айында коммерциялык банктар насыя берүүнү токтотуп турушат. Анткени жылды жабыш керек да. Канча киреше алды, чыгаша канча болду деп эсеби чыгарылат. Азыр эми кырдаалга жараша насыяларды атайын бербей жаткандай болуп калды. Жыйырма жылдан бери мындай көрүнүш болуп келген. Жыл бүткөндөн кийин насыя берүүнүн жаңы сезону башталат.
Экономист Кубан Чороевдин баамында, долларды сатуунун чектелиши банктардын ички саясаты болуп саналат. Ал эми валюта базарындагы кырдаалга эл арасындагы дүрбөлөң, акчанын баасына байланыштуу арсар, бүдөмүк абал таасир берүүдө:
- Элдин көбү топтоп жүргөн акчаларын долларга которуп жатат. Ал эми банктар өздөрүнүн валютасын саткысы келбейт. Муну банктардын ички саясаты деп эле эсептеш керек. Улуттук банк да өзүнүн саясаты тууралуу так айтпай жатат. Азыр долларды интервенциялоодо. Эртең да ушундай көрүнүш уланабы же жокпу деген маалымат жок. Ошондуктан ушундай көрүнүш болду.
Кубан Чороевдин маалымдашынча, Кыргызстанда насыялардын теңинен көбү чет өлкөлүк валюта менен берилет. Мындан улам доллардын баасынын кескин көтөрүлүшүнүн карапайым калкка жана өлкө экономикасына кесепети оор болушу ыктымал:
- Чет өлкөлүк валюта менен насыя алган жарандарыбыз доллар көтөрүлүп кетсе насыясын төлөй албай калышы мүмкүн. Муну Улуттук банк муну түшүнүшү керек, банкрот болуунун алдын алуусу зарыл. Орусиядан мигранттардан келген акча азаят деп жатышат. Бул да валюта базарына таасир этет. Эгер кырдаал ушунтип тура берсе, Улуттук банкка сомдун курсун кармап туруу кыйын болот. Банктын ресурсу да, резерви да чектелүү. Бул жерде ириде маалымат саясатын да туура жүргүзүү керек. Азыр кырдаал кыйын.
Кыргызстандын Улуттук банкы сом кескин арзандап кетпеши үчүн валюта базарына өткөн жуманын этегинде 19 миллион доллар чыгарган болчу. Жыл башынан бери жалпысынан 450 миллион доллар интервенцияланды. Азыр доллардын баасы 60 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банк сомдун курсу кескин түшпөйт деп ишендирип келет.