Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Рублди жөлөө үчүн насыя кымбаттады


Адистер рублдин куну күн санап кетип жатканын айтышууда.
Адистер рублдин куну күн санап кетип жатканын айтышууда.

11-декабрда Орусиянын борбордук банкы коммерциялык банктарга берилчү кредиттердин акысын 1% жогорулатты. Эми кыска мөөнөттүк насыянын негизги ставкасы 10,5% болуп калды.

Орусиянын борбордук банкы бул чарага рублдин наркы мурда болуп көрбөгөндөй арзандаган шартта инфляцияны күчөтпөө максатында барды.

Орус акчасы рубль дагы арзандады. Эгер жыл башында 32,65 рубль АКШнын 1 долларына же 45 рубль 1 еврого тең болсо, 11-декабрда 1 доллар 54,79 рубль, 1 евро 68,26 рублды чаап калды. Акча кубатынан тайганда инфляция күчөйт. Аны дагы күчөтпөө максатында бейшембиде Орусиянын Борбордук банкы кыска мөөнөттүк кредит акысын 10,5% кылды. Негизги ставка 31-октябрда эле 9,4%, 3-мартта 5,5% эле. Банктын төрайымы Элвира Набиуллина насыя төлөмүн жогорулатуу себебин инфляциянын деңгээли өскөнү менен түшүндүрдү:

Элвира Набиуллина.
Элвира Набиуллина.

- Биздин эсептөөлөргө ылайык, 2014-жылы инфляция 10% жакын болот. Инфляциянын тездөөсү тышкы соодадагы чектөөлөргө, азык - түлүк товарлар рыногундагы спецификалык факторлорго (ал жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы инфляциянын деңгээлине 2,3% пункт кошот) жана рублдын бир кыйла арзандашына байланыштуу (анын үлүшү 2,6% пунктту түзөт).

Набиуллина инфляциянын жылдык деңгээлине азык-түлүк товарларынын кымбаттоосу 2,3% жана рублдын арзандашы 2,6% үлүш кошорун да белгиледи. Анын айтымында, бул жараян келерки жылдын алгачкы үч айында да улана берет.

Орусиянын негизги экспорттук товары - кара майдын эл аралык базардагы наркынын төмөндөөсү рублдын кубатынан тайганы менен коштолууда. Алсак, мунайдын “Юралс” маркасынын баасы июндан бери 40% пастаган. Бул алаамат 27-ноябрда мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЕК мунай өндүрүүнү кыскартпоо жөнүндө чечим кабыл -алгандан кийин ого бетер тездеди.

Рублдин арзандашы менен тамак-аштын баасы жогорулады. Орусия.
Рублдин арзандашы менен тамак-аштын баасы жогорулады. Орусия.

Рубль күчтөн тайып баратканы ноябрда тамак-аштын айрым түрлөрүнө баа көкөлөп, коңгуроо каккан. Мисалы, ноябрь айында эле кара күрүч (гречиха) 54,4%, помидор 34,9%, капуста 24,4%, картөшкө 12,6% кымбаттаган. Чочко эти, тескерисинче 1,5% арзандаган. Кымбаттаган азыктарды элдин жакыр бөлүгү көп керектейт жана алар бардар үй-бүлөлөргө караганда тамак-ашка кирешесинин көп бөлүгүн жумшайт.

Элвира Набиуллина рублдин арзандоосуна улуттук компаниялар менен банктарга тышкы рыноктон насыя алуунун чектелиши да түрткү берди деп, бирок анын жүйөсүн айткан жок.

Орусия мартта Крым жарым аралын аннексиялап алып, Украинанын Донецк жана Луганск облусундагы жикчилдерди колдогону үчүн Батыш өлкөлөрү экономикалык санкция жарыялаган.

Евробиримдик, АКШ жана башка мамлекеттердин санкциясы келтирген зыян тууралуу премьер-министр Дмитрий Медведев 10-декабрда берген телеинтервьюда мындай деген:

Дмитрий Медведев.
Дмитрий Медведев.

- Биздин экономика береги санкциянын натыйжасында бир нече миллиард доллар чыгаша болду. Биздин экономисттердин эсептешинче, Европанын экономикасы Орусия менен келишимдерди токтоткондон жана башка чектөөлөрдөн улам өтүп бараткан жылда 40 миллиард евро жоготту. Келерки жылы 50 миллиард евро жоготот.

Орусиянын Борбордук банкы кыска мөөнөттүк насыяны кымбаттатуу менен дагы кандай максатты көздөдү? Бул суроого Түркмөнстандын Борбордук банкынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Аннадурды Хаджиев мындайча жооп берди:

- Борбордук банк товарлардын жана тейлөө акынын кымбаттоосуна жол бербөө үчүн акчаны тез айланган секторго же соодага берүүнү каалабайт. Анткени, кыска мөөнөттүк кредиттер инфляцияга таасир этчү индикатор - баа менен байланышкан. Негизги ставканын вазийпасы соодадагы, транспорттогу, коммуналдык тейлөө сыяктуу тармактардагы баанын өсүшүн ооздуктоо. Бул тармактарда акча канчалык аз болсо, инфляция жараяны ошончолук кашаң болот. Ошентип, бул тармактарда акчаны тартыш кылып, финансылык туруктуулукту сактоого, социалдык нааразылыкка жол бербөөгө, рублди дагы арзандатпоого жана инфляцияны бир деңгээлде кармоого аракет жасалууда.

Орусиянын Борбордук банкы эскерткендей, инфляцияны күчөтүүчү жышааналар байкалса, кыска мөөнөттүк кредиттердин негизги ставкасы дагы жогоруламакчы.

XS
SM
MD
LG