Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:19

Экономика

Өкмөт бизнести көмүскөдөн чыгарууну көздөөдө

2012-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишканаларды жөнү жок текшерүүгө бөгөт коюуну көздөөдө. Бирок ишкерлер бул демилгелер сөз бойдон калбайбы деп чочулап жатышат.

Текст көлөмү - +
Кыргызстанда буга чейинки өкмөттөр да текшерүүнү азайтып, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетебиз дегени менен, экономиканын 50 пайызы көмүскөдөн чыкпай келет.

Шамшаркыт текшерүү азаят

Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишкерлерге салынган каамытты алабыз деп жатат. Мындайча айтканда, жакын арада бизнести текшерүүлөрдүн саны кыйла азайганы турат.

Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр Темир Сариев бул багытта өкмөттө токтом долбоору даярдалып жатканын “Азаттыкка” кабарлады:

​​- Биринчиден, биз Салык кызматы жана башка текшерүүчү органдарды чектөө боюнча атайын өкмөттүн токтомун даярдап, талкуулап, иш аптасы башталганда бул кабыл алынат деп ойлойм.

Экинчиден, мамлекеттик аябай көп уюмдар, 13төн ашык инспекциялар бар болчу. Булардын баары тең жаңы өкмөттүн түзүмү боюнча аябай кыскартылып жатат. Эки эле инспекция болот. Бирөө техникалык көзөмөл инспекциясы, экинчиси адамдардын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык инспекция.


Салык кызматы январдан тарта ишкерлердин канчалык ишенимдүү экенин иликтөөгө алмакчы. Ишенимге толук кирген ишкерлер беш жылда бир жолу гана текшерүүдөн өтсө, орто ишенимдеги ишканалар үч жылда бир жолу, ишеними күмөн жараткандар бир жылда бир жолу текшерилет.

Бир ишкер же ишкананын ишеним деңгээли салыкты убагында төлөп, киреше булагы жөнүндө туура маалымат берип турганына жараша бааланмакчы.

​​Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун билдиришинче, ар бир ишкердин ишенимдүү экенин атайын автоматташтырылган система аныктайт:

- Мисалы, Кыргызстанда канча салык төлөөчү болсо, аларды атайын системага киргизебиз. Анын негизинде программа өзү аныктайт. Жылдык отчетторду кандай бергенин, белгиленген тарифти кандай  төлөгөнүн компьютер өзү чыгарат.

Ишкерлерге түзүлгөн шарт боюнча Кыргызстандын дүйнөдөгү кадыры көңүл жылытарлык эмес. Маселен, 2011-жылы Дүйнөлүк банктын “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 70-орунду алып, үч баскычка артка жылды. Кыргызстандын буга чейинки өкмөттөрү да бизнеске эркиндик шарттарын кеңейтебиз дегени менен натыйжа көрүнбөй келет. Бул болсо, министр Темир Сариев айтмакчы, экономиканын 50 пайыздайы дале көмүскөдө экендигинен билинет:

- Ачыгын айтыш керек. Бизде эксперттердин баамында, 50 пайыздан ашыгы көмүскө экономикада болуп жатат. Мен айтып кетейин, бизде 300 миңге жакын катталган ишкер бар. Бирок 550 гана мекеме 70 пайыздан өйдө салыктын кирешесин камсыз кылып берет. Калгандарынын баары тең көп учурда көмүскө экономикада болуп жатат.

Ишкер дагы эле күмөн

Жаңы өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу ниетин билдиргени менен, ишкерлердин көбү бул демилгеге ишенбей карап турушат.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Иса буга чейинки аракеттерден майнап чыкпагандан кийин ишеним кетип калганын айтууда:

- Бул демилгелерди колдойм. Бирок бул аягына чейин чыгабы белгисиз. Анткени бизде 20 жылдан бери реформа деп жүрүшөт. Аягына чейин эч нерсени чыгарбайт. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Лицензиялар, уруксат кагаздары коррупциянын булагы болуп жатпайбы. Лицензияны алып салса, коррупциялык схеманы колдонбой, пайда таппай калышат. Ошондуктан аягына чейин чыгары кыйын.

​​Ал эми Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Эрмек Ниязов жаңы өкмөткө аз да болсо үмүт артып турушканын белгиледи:

- Биздин өкмөткө талабыбыз - ишкерлерге таптакыр эле тийишпеш керек. Ишкерлер өздөрү билет. Өкмөт бүт уруксат кагаздарын азайтышы керек. Алар азайтабыз деп айтышты. Азыр деле бир нече лицензия бар. Аларды көзүбүз менен көрүп, алар документ чыгаргандан кийин ишенебиз. Азыр ишеним кичине эле.

Кыргызстанда бизнестин эркин, атаандаштык негизде иштешине мыйзамдык негиздер түзүлгөн. Бирок иш жүзүндө буга чейин фискалдык органдар жана криминал тарабынан кысымга дуушар болуп келген. Анын артынан көп сандаган бизнес адамдары көмүскөдө иш жүргүзөт. Айрым божомолдор боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү бюджеттин жарымына жетип барат.

Жаңы өкмөт болсо салыкты төлөп, ачыкка чыгып иштегиле, артыкбаш текшерүүлөргө бөгөт коёбуз деп сөз берди. Эми ишкерлер салыкты төлөп, бейгам уктаар бекен?
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз атуулу каяктан: РФ
09.01.2012 19:37
Келгиле анда Өмүрбек Бабанов өзү баштап берсин көмүскөдөн чыгарууну. Оффшордук зоналардагы каткандарын Кыргызстандын өнүгүшүнө сала алат бекен? Өздөрү айтып, мына мындай кылгыла деп көрсөтүп беришсе, Кыргызстанда деле иш жүргүзсө болот дешсе баары башкача болмок. Аттиң андай болбой калды го биздин өлкөдө...

кимден: Агент 996
09.01.2012 17:46
Жакшы пландар бар экен, бирок двойная бухгалтерияны кантип аныктайсынар, киреше жок чыгаша жок, прибыль жок, налог жок!!?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2012 23:05
Ушул мезгилге чейин көмүскө экономика -экономикабыздын арка-бели болуп келсе, аны сындырып алсак эмнеге таянат? Жаңы модуль түзүп, ошого экономиканы көчүрө башташ керек. Өкмөт укуктук базасын бышыктап берсе, ишкерлер чын дили менен киришсе, албетте ийгиликтерге гана эмес "секирик" жасоосу да мүмкүн! Каалоо гана керек ! Эл, туруп берип эле келатат, жакшы жагына көздөсөңөр, дагы деле туруп берерине ишенгим келет!

кимден: Умут каяктан: дөбө
08.01.2012 20:31
Туура! Олуттуу реформаларга баруу керек ! Эл күтүп жатат. Эл үчүн иштеп койсоңор, кылымдар бою элдин жүрөгүндө каласыңар.
Кыргыздын "Столыпини" төрөлгөнбү?

кимден: Чал
08.01.2012 18:10
Жаны окмоттогулордун,депутаттардын ,кыскасы чиновниктердин бизнесин комускодон чыгарыш керек.Кыргызстанда бизнес кылгандын баары бийликте иштейт,аялдарына,балдарына,туугандарына катталуу. Бул нерсени комускодон чыгаруу "утопия".

кимден: Бакыт Акбаров каяктан: Россия
08.01.2012 15:01
Демилге абдан жакшы, дагы айта кете турган нерсе бизде базарда иштегендер (соода менен алектенгендер) кочодо киоска иштеткендер баары жеке ишкер деп катталып анан налогдорду банк аркылуу толошсо мамлекеттинакчасы бюджетке тушмок антпесе мин текшерууну кыскартканы менен налогдор бир инспектордун чонтогу аркылу отсо анда баары бир мамлекеттин акчасы озуно тушпой калат... Кандай болбосун элдер акча тологондо (мисалы: налог, свет, комуналдык услуга, жердин арендесы... ж.б.у.с) бут мамлекттик банк аркылуу толошсо жакшы болмок... Анткени мен мурда озум дордойдо соода кылгам налогду инспектор чогултат болчу 500 сомдон патент жазып берип ал эми атайын закондуу налог толойун деп барсам 800 сом экен... патент чогулткан инспектор 500 сомдон чогултканы менен канчасы мамлекетке тушот бегисиз... ошон учун патенти алып салып эле налогду эн минимальный кылып (мисалы 500 сом) койсо элдин баары барып толомок акча казынага тушмок...

кимден: Бексултан каяктан: Ростов
08.01.2012 14:08
чындыгында кыргызда деле күчтүү бизнесмендер коп алык салыктын коптугунун натыйжасында ,копчулугу комускодо иш алып барат.Менин оюмча иш жургузуу иш кагазын азайтып,салыктарды да азайтса ,негизги мамлекеттик колдоо ушул болсо керек. Биздин мамлекет болсо эч жардам бербейт дагы тала туздон эптеп акча табып ,уй курса дагы фадбалына ,1-кабатына ,2-кабатына оз озунчо налог сурашат уялбай.Мен ойлойм эми жыйырма жылдан бери бийликтегилер акча топтоп болду окшойт, эми элге кайтарыш керек карыз болбой.

кимден: куйгон кыргыз каяктан: орусия
08.01.2012 04:51
силер кызматтан кетем десенер!онолушу мумкун!силер кылам десенер көзүм жетпеееейттт!урматтуу биздир жегичтер!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине