Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Партиялардын "бейиши", аксаган экономика


Кыргызстанда курулуп жаткан имараттар
Кыргызстанда курулуп жаткан имараттар

Үгүт учурунда партиялар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылышарын, "жыргалчылык заман” келерин убада кылышууда. Бирок өлкөнүн экономикасында, өзгөчө кыймылсыз мүлк базарында кризистик жагдайлар көбүрөөк байкалат.

Добуш үчүн “асмандагы айды” убада кылып жаткан партияларды Эл аралык Валюта фондунун жана Эл аралык экономикалык форумдун маалыматтары “эсине келтиреби” - айтуу кыйын. Бирок бул абройлуу уюмдардын маалыматтары Кыргызстан экономика жагынан кошуналардан артта калып, тышкы карызы опуртал деңгээлден ары өтүп баратканын айгинелейт.

Маселен, Эл аралык экономикалык форумдун быйылкы жылкы иликтөөсү боюнча, Кыргызстан дүйнөдөгү 144 мамлекеттин ичинен экономикасынын атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмү боюнча 108-орунду ээлеген. Бизге салыштырмалуу кошуна Тажикстан алдыга кетип, 80-орунга чыккан. Ал эми Казакстан менен Орусия биринчи элүүгө кирип, Астана 42-орунду, Москва 45-орунду ээлеген. Натыйжада Кыргызстан КМШ катарындагы өнөктөштөрүнүн эң артында калган.

Эл аралык Валюта кору быйылкы жылдын соңуна карай республиканын тышкы карызы ички дүң өнүмдүн 68% жетерин, келерки жылы 70% ашарын эскертти. Кыргызстандын өзүндө да тышкы карыз ички дүң продукциянын 60% ашпоосу керектигин белгилеген мыйзам бар. Бирок ал мыйзам бузулуп жатканы көрүнүп турат.

Тышкы карыздын өсүшүнө улуттук валюта - сомдун девальвацияланышы да таасирин тийгизүүдө. Анткени сомдун күчү кеткен сайын, доллар менен алынган карыздын өлчөмү дагы ошончолук өсө берет.

Сомдун девальвациясы Улуттук статистикалык комитет үчүн гана ыңгайлуу жагдай түзүп, көрсөткүчтөрдү көбүртө-жабырта жазууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Анткени Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүүсү сом менен санаганда гана көрүнөт. Ал эми инфляция жана девальвацияга учурабаган валюталар менен эсептегенде, төмөн кеткени байкалат. Муну жергиликтүү экономикалык эксперттер белгилешүүдө.

Кыргызстан экономикасындагы абалды кыймылсыз мүлк базарындагы абал тагыраак көрсөтүп турат. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу квартираларды сатып алуу -34%, жер үйлөрдү сатып алуу -41% кыскарган.

Квартираларды сатуу жана рекламалоо менен иштеген Elitka.kg сайтынын кызматкери Азамат Машрапов Бишкекте батирлердин сатылышы 40% төмөндөдү дейт:

- Базарда төмөндөө жүрүп жатат. Пайыз менен алганда 40% тегерегинде төмөндөө бар. Кыймылсыз мүлктүн бардык түрүн сатып алуу төмөндөп жатат. Ал эми кыймылсыз мүлк базарынын качан калыбына келерин айтуу кыйын.

Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин башчысы Аскарбек Молдобаев кыймылсыз мүлк базарында түзүлгөн абалды мындай мүнөздөдү:

- Суроо-талап 50-60% төмөндөдү. Жаңы үй алам деген киши ушунчага азайды. Сатып алуу боюнча келишим түзүп, мөөнөт-мөөнөтү менен төлөп жүргөндөр дагы мөөнөтүн узартып, акча жок деп жылдырып атышат. Мына ушундай абалга келип калдык.

Суроо-талаптын кыскарышы батирлердин баасына да таасирин тийгизди.

Кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу менен иштеген “Грант” агенттигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы батирлерге баа 15-20% арзандады. Арзандоо өзгөчө көп кабаттуу эски үйлөрдөгү квартираларга тиешелүү болду. Ал эми жаңы үйлөрдөгү квартираларда арзандоо 10-15% түзүүдө.

Ал эми элиталык квартираларга баалардын түшпөй жатышын Аскарбек Молдобаев белгилеп, аны үй куруу үчүн жер сатып алуу, коммуникацияга туташтыруу сыяктуу нерселердин кымбатка турушу менен байланыштырды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG