Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Энергетикадагы абал Коргоо кеңешин кооптондурду


Токтогул ГЭСинин жумушчусу. 2013-жыл
Токтогул ГЭСинин жумушчусу. 2013-жыл

Энергетика тармагы кескин каатчылыкка кептелиши мүмкүн. Мындай жагдай энергетикалык коопсуздуктун абалын караган Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында талкууланды.

Мамлекет башчысы Атамбаев бул тармакты башкаруунун азыркы системасы энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жарамсыз деп билдирди. Энергетика министрлиги тармактагы жоготуулар менен чыгашаларды кыскартуу үчүн башкаруунун бирдиктүү жаңы моделин сунуштады. Ал электр энергиясын өндүрүүчү, ташып жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүүнү ичине камтыйт.

Талдоочулар беш жылдан бери жасалбаган тармактагы реформа эми ишке ашарына ишеним артпай турат. Ошондуктан алар муну шайлоонун алдындагы бийликтин курулай далалаты катары кабылдашууда.

Энергетикадагы эптемей абал

Электр энергиясына керектөөнүн өскөнүнө карабастан кошумча кубаттуулуктун өндүрүлбөгөнү жана жабдуулардын эскилиги өлкөнүн энергетика тармагынын аянычтуу абалынан кабар берет. Жагдайды мына ушундайча сүрөттөгөн энергетика министри Кубанычбек Турдубаев энерго компаниялардын каржылык таңкыстыгы быйыл 11,5 миллиард сомго чейин жеткенин билдирди. Суу сактагычтардагы суунун жетишсиздиги өкмөттү быйыл дагы сырттан электр энергиясын сатып алууга аргасыз кылары айтылды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бул жагдайды тармактагы жемкордуктун деңгээли жана башкаруунун начардыгы менен байланыштырды:

- Электр кубатынын тартыштыгы иш жүзүндө керектүү энергияны коңшулардан сатып алууда көз каранды кылып койду. Калк арасында толтура суубуз, ГЭСтерибиз туруп, эмнеге электр энергиясы тартыш деген суроо дайыма коюлуп келет. Тармакты башкаруунун азыркы системасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга таптакыр жараксыз. Анткени аны башкарган тараптар өтө көп. Энергетика министрлиги, Мамлекеттик мүлк фонду жана өкмөт бар. Бирок жыйынтык жок. Ошол эле учурда бул тармакты коррупция өнүктүрбөй четинен ыдыратып жатканы белгилүү. Энергетикадагы эбегейсиз каржы агымдары тармактагы аткаминерлердин көзүн кызартып, алкымын тыйдырбай жатат.

Компанияларды бириктирүү демилгеси

Ошондой эле президент тармактагы коррупцияга каршы күрөш аёосуз улантыларын айтты. Ал мындай мамиле тармактагы жетекчилер менен саясатчыларга жакпастыгын кошумчалады. Энергетика министрлиги тармактагы абалды жакшыртуу үчүн башкаруунун жаңы моделин сунуштады. Анда энерго компаниялардын акцияларын башкарууну Мамлекеттик мүлк фондунан алып, Энергетика министрлигине берүү жагы каралган. Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев тармактагы компанияларды натыйжалуу башкаруунун үч жолун сунуштады:

- Бирдиктүү электр тармактык компанияны азыркы компаниялардын базасында түзүү же болбосо мына ошол компаниялардын башкаруу укугун башкара турган бир компанияга берүү. Үчүнчүсү - бул радикалдык вариант - энерго холдинг түзүү. Мына ошондуктан биздин министрлик ушул үч багыт боюнча иштеп жатат. Биз бул кадамдар жөнөкөй эмес экенин түшүнөбүз. Бирок биз жакынкы убакта өнүгүүнүн негизги багытын аныктайбыз. Ошондой эле анын жыйынтыгын сиздердин карооңуздарга коёбуз.

Беш жылдан кийин ойгонгон бийлик

Бул программага ылайык, электр энергиясын өндүрүүчү, ташып жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялар борборлоштурулган бирдиктүү башкарууга өтөт. Анда кезинде энерго холдингден тараган “Электр станциялары”, “Электр тармактары”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр” жана “Жалал-Абад электр” компаниялары бириктирилет. Ошол эле кезде тармактагы түзүмдөрдү оптималдаштыруу аркылуу чыгымдарды кыскартып, коррупцияны ооздуктоо маселеси дагы көтөрүлгөн. Мындай демилге кезинде колдоо таппаганын айткан саясатчы Расул Умбеталиев муну шайлоо алдындагы коомчулуктун көзүн будамайлоо аракети катары баалады:

- Мурдагы Ширшовдун командасындагы жетекчилер азыр ар кайсы энергокомпанияларга тыгылып алып, тармакты уурдап-тоноону улантып эле жатпайбы. Президент кескин чараларды көрүп, аларды камаш керек деди. Бул тууралуу мындан беш жыл мурда да айтылган. Анан эми мына ошол беш жылдан бери энергетика тармагын талап-тоногон бирөө-жарымы жоопко тартылдыбы? Албетте жок. Азыр ар бир аткаминерде миллион уурдасам, жарымын берип кутулат экем деген көз караш калыптанып калды. 7-апрелден кийин эле тармакта системалуу өзгөрүүнү баштап, коррупцияны тыйып, компанияларды бириктирсек, ушуга чейин оңолуп калмакпыз. Анан эми азыр ойгонушуп, күзгү шайлоого даярданып жатышат. Бирок беш жылда башталып, бүтпөгөн иш эми жарым жылда бүтмөк беле?

Энергетика министрлиги жакында тармакты реформалоонун бир жолуна токтоло турганын белгиледи. Башкарууну бириктирүү каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү үнөмдөө менен аларды өз ара айкалыштыруу айтылды. Коргоо кеңеши бул сунушту колдоп, реформа жүргүзүүдөгү тобокелдиктерди эске алуу менен тиешелүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG