Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Тарыхка так салган 1916-жыл


Кыргыздардын Тянь-Шань тоолору аркылуу Кытайга качышы. (Көргөзмөгө коюлган сүрөттөн)
Кыргыздардын Тянь-Шань тоолору аркылуу Кытайга качышы. (Көргөзмөгө коюлган сүрөттөн)

Мамлекеттик тарых музейинде 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү тууралуу көргөзмө уюштурулду.

Айрым коомдук ишмерлер кыргыз бийлиги тарабынан 96 жыл мурдагы болгон кандуу коогалаңга тиешелүү баа берилбей келатканын белгилешүүдө.

2008-жылдын апрель айындагы Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык август айынын алгачкы жумасы 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленет.

Мына ушул кыргыз тарыхында кара так салган кандуу окуяга байланыштуу мамлекеттик тарых музейинин экинчи кабаттагы көргөзмөнүн сол тарабында ошол мезгилдеги буюмдардан композиция коюлган.

Дубалда “1916-жылдагы көтөрулүштүн негизги себептеринин бири - орус дыйкандарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын Борбордук бөлүктөн көчүрүш иштеринде 1896-жылдан 1916-жылга чейин 237 миллион 310 миң рубльдан ашуун каражат жумшалган. 1916-жылдагы Түркстандагы жалпы калктын 6 пайызын түзгөн орус жарандарына айдоо жердин 57 пайызы берилген. Келген дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан”,- деген архивдик документтин көчүрмөсү илинген.

Көргөзмөдө тарыхый-архивдик сүрөттөр, ошол мезгилде кыргыздар кийген кийимдер, түтөтмө мылтык, тарыхый документтер коюлганы менен экспонаттар өтө жупуну.

Каражат жоктугунан улам эл арасынан эски буюмдарды, тарыхый материалдарды чогултууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын музейдин илимий кызматкери Идоят Темирбек уулу белгиледи.

- Мамлекеттик тарых музейи башка мекемелерге салыштырмалуу өзүнүн ички бюджети төмөн болгон мекеме болуп эсептелет. Ошодуктан акча каражаттын тартыштыганан чоң экспедицияларды уюштурууга мүмкүнчүлүк болбой турат. Бирок биз ар кандай фонддорго кайрылып, долбоорлор менен иштөөгө аракет кылып жатабыз. Ошондой болсо дагы мамлекет тарабынан каражат бөлүп берсе абдан жакшы болот эле.

Көргөзмөнүн сол тарабында 1926-жылы Кыргыз автоном республикасынын жетекчилигинин кыргыздардын көтөрүлүшүнүн 10 жылдыгын белгилөө боюнча токтому илинген. Анда эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдырахмановдун 16-жылдагы көтөрүлүш орус падышачылыгынын баскынчылык саясатына каршы, социалдык-экономикалык теңсиздиктен улам келип чыкканы боюнча жасаган докладынын көчүрмөсү коюлган.

Ошол кезде эле кыргыздын мыкты чыкма уулдары 1916-жылдагы кандуу окуяга саясий баа берүү демилгесин көтөрүп чыккан экен. Кийинчерек 1931-жылы улуттук көтөрүлүштүн 15 жылдыгына карата Кыробкомдун ошол кездеги катчысы Баялы Исакеев дагы докладында көтөрүлүштүн себептерине кенен токтолуптур.

Ошондой эле 1936-жылы августта атайын түзүлгөн комиссиянын, падышалык Орусиянын колониалдык саясатына каршы көтөрүлүштүн 20 жылдыгына карата эл арасынан кандуу окуя тууралуу даректүү материалдарды чогултуу, тарыхын жазуу, элдик баатырларды аныктап, даңазалоо, көтөрүлүштө баатырлык көргөзгөндөргө мамлекет тарабынан жардам берүү, этнографиялык-көркөм адабий көргөзмөсүн уюштуруу, кыргын тууралуу киносценарий жазуу маселелери жөнүндө документтердин көчүрмөсү коюлган.

Мына ошондой кыйын-кезең, оор кырдаалда Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов сыяктуу кыргыздын патриот уулдары кара башын сайып коюп, улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхый ордун аныктап, тактап кетүүгө далалат кылышса, учурда бул маселеге коомчулуктун кош көңүл мамиле кылганы өкүнүчтүү дейт "Үй куруучулар" партиясынын төрагасы Бейшенбек Абыразаков.

-1916-жылдагы кандуу окуяга тарыхый дагы, саясий дагы баа бере албай жатабыз. Жакында эле армян эли качанкы өткөн кыргынды эскеришип, миңдеген кишилери шамдарын жагып алышып, таң атканча аянтында турушту. Бизде болсо август айында үркүндү эскерип “Үй куруучулар” партиясынын беш жүз, миңдей мүчөсү Боом капчыгайынын оозунда коюлган эстеликке барабыз дагы куран окутуп тарап кетебиз. Калган коомчулук четте калып атат. Ошол эле жазуучулар, тарыхчылар, чыгармачыл адамдар, интелигенция дагы кошкөңүл мамиле кылбай, бизге кошулса жакшы болот эле. Анан Кыргызстанда жүз элүүдөй саясий партия бар. Алардын бири дагы Үркүндү эскерип коюшпайт, жардамы тийбейт. Ушундай кезде жардамы тийбеген андай партиялардын эмне кереги бар деп айтаар элем.

Бейшенбек Абдыразаков белгилегендей “Үй куруучулар” партиясынын мүчөлөрү өз каражаттарына Боом капчыгайынын кире беришине 1916-жылдын курмандыктарына эстелик тургузуп, он жылдан бери жылына август айында куран окутуп келишет.

1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө курман болгондордун 75 жылдыгына карата эскерүү демилгесин 1991-жылы Ашар коому көтөрүп чыгып, Чүйдөн Кытайга качкан кыргыздардын жолу аркылуу жөө жүрүш уюштурган.

Кийинчерек “Асаба” партиясы дагы демилге көтөрүп, 90 жылдыгына карата куран окутуп, ошол кездеги оппозициядагы Азимбек Бекназаров баш болгон бир топ азаматтар Ысык-Көлдүн Сөөк, Бедел ашуусунда көмүлбөй калган сөөктөрдү жерге жашырып келишкен болчу.

“Асаба” партиясынын мүчөсү Дөөлөт Нусупов кыргыз элинин кийинки тарыхындагы болуп көрбөгөндөй кандуу окуяга алигүнчө саясий баа берилбей келатат деген пикирде.

- Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө кыргын болгондорго дагы эле саясий баа берилбей келетат. Биздин бийлик башындагылар, саясатчылар коркуп, “орустарга каршы чыгабызбы, тигил жакта канчалаган жарандарыбыз иштеп жүрсө”, - деп тар чөйрөдө ой жүгүртүп жатабыз. Москванын башкаруусундагы кулчулук психологиядан чыга албай жатабыз. Ушул окуяны ордуна коюп, тарыхый баа берүүгө саясий эрк жок болуп жатат. 16-жылдагы кандуу окуя тарыхчылар тарабынан такталып, толук иликтенип чыга элек. Бул биздин кечээги эле тарыхка, ата-бабаларыбыздын арбактарына кылган кайдыгер мамилебиз да.

Тарыхый маалыматтарга караганда, 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө орус падышачылыгынын жазалоочу отрядынан 200 миңден ашуун адам курман болгон. Расмий эмес маалыматтарда мындан эки эсе адам кырылганы айтылып жүрөт.

Ал эми 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө курман болгондорду эскерүү күнү быйыл 3-августта өткөрүлөт. Былтыр болсо Үркүндүн 95 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүлүп, 2016-жылы 100 жылдыгына карата даярдык көрүү тууралуу резолюция кабыл алынган.

Көргөзмөдөн сүрөтбаян

XS
SM
MD
LG