Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Жогорку Кеңеш судьяны иштен алып тынды


Сооронкулова: эми саясатка киришем
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Клара Сооронкулова

​Жогорку Кеңеш үч ирет добуш берип, Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту.

29-июнда бул чечим эки жолу добушка коюлуп өтпөй калганынан улам регламент бузулганын айтып, спикерди айыптап чыккан депутаттар да болду. Сооронкулова жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун мыйзамдуулугу боюнча арызды карап, чечим чыгарганы жаткан болчу. Ал арада жарандык активисттер парламенттин бул чечими сот системасы толугу менен көз каранды экенин ачык-айкын көрсөткөнүн айтышууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттардын Клара Сооронкулованын пикирин угуу сунушу өткөн жок. Төрага Асылбек Жээнбеков:

- Биз кечээ баарыңарга сөз бергенбиз. Бул маселе комитетте да, Соттор кеңешинде да каралды. Биз жөн эле алып чыккан жокпуз. Соттор өздөрү чечим чыгарып, бизге жиберди. Биз азыр бар, же жок кылышыбыз керек.

Соттор кеңеши жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн Клара Сооронкулованы 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу. Ал биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин кароо боюнча баяндама даярдап, бирок иш карала турган күнү андан четтетилген. Ошондон кийин судья Сооронкулова Конституциялык палатанын төрагасынын басымына баш бербей койгон үчүн аны ишти кароодон алып салуу аракети болгонун айтып чыккан эле. Добушка сала келгенде сегиз судьянын жарымы аны колдоп чыккан.

Биометрикалык паспорт
Биометрикалык паспорт

Сооронкулова анын ишти кароодон четтетүүнүн түпкү себептери тууралуу маалымат каражаттарына комментарий берген. Буга чейин ал биометрикалык базаны сактоо зарылдыгын, коопсуздукка кепилдик жок экенин билдирген. Эми ал өзүнүн мыйзамсыз иштен алынганын белгилеп, Бириккен улуттар уюмуна жана эл аралык коомчулукка кайрыларын айтты.

- Бир эле жолу калды - БУУга кайрылам. Эл аралык коомчулукка да сот жана мыйзам чыгаруу системасында ушундай нерселер болуп жатканы тууралуу маалымат жетсин. Парламенттик республика курабыз дедик эле, мына, супер президенттик республикага келдик. Биометриканы булар атайын шайлоодо бурмалоо үчүн пайдаланабыз деп жатат. Коомчулук аны эч кандай көзөмөлгө ала албайт.

Депутаттарды кайраштырган маселе

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков спикер Асылбек Жээнбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана көз боёмочулук беренелери менен иш козголушу керектигин айтып чыкты. Ал Башкы прокуратурага кайрылуу жолдой турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Буга Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан алуу маселесинде одоно мыйзам бузууга жол берилгени, кайра-кайра добушка коюлганы себеп болгону айтылды.

Азыр калган судьяларга үйдө ким кожоюн экенин көрсөтүү үчүн Сооронкулованы кызматтан алышат.

- Башкы прокуратурадан төрага Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши козголушун суранам. Төраганын кечээги жасаган иши “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине туура келет.

Буга жооп кайтарган төрага Асылбек Жээнбеков Равшан мырза менен прокуратурада жолугушууга даяр экенин билдирди.

- Добуш берүү туура эле өткөн. Бирок эмне үчүн добуш берүү токтотулуп, депутаттардын чечими менен жокко чыгарылды? Дал ушул Равшан Жээнбеков атайын тополоң чыгарып, ошон үчүн добуш берүү толук кандуу өтпөй калды. Кудайга шүгүр деш керек, Равшан Бабырбекович, 10 прокуратура болсо да барып бериңиз.

"Үйдө ким кожоюн экенин көрсөтүштү"

Ал арада 100гө чукул жарандык активист, “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү Сооронкуловага колдоо көрсөтүп, Ак үй алдына чыгышкан. Ал эми укук коргоочулар парламенттин бул чечими сот системасы толугу менен көз каранды экенин, өз алдынча чечим чыгара албай турганын ачык көрсөткөнүн айтышууда.

Мисалы, “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова бийлик өзүнө жакпаган сотторду ушундай жол менен иштен четтетүүдө деп эсептейт.

- Бул көрүнүш сот системасы, Жогорку Кеңеш толугу менен президенттик администрациядан көз каранды экенин көрсөтүүдө. Биз парламенттик башкаруу системасы деп дайыма айтып келгенибиз менен эч андай эмес. Мурда президент жана президенттик администрация чечип келсе, дагы эле ошондой. Мен кандай болгон күндө да мыйзам жана жол-жоболор сакталышын колдойм. Сооронкулованы кызматтан алуу мыйзамсыз. Себеби Соттордун статусу, Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы жөнүндө мыйзамдар бар. Аларга ылайык, бул маселе эки айдын аралыгында каралып, териштирилиш керек болчу. Арыз берген тарап, өзү жана күбөлөр суралыш керек эле. Булардын эч бири болгон жок да. Азыр калган судьяларга үйдө ким кожоюн экенин көрсөтүү үчүн Сооронкулованы кызматтан алышат.

Сооронкулова баш болуп, аны колдоп чыккан айрым укук коргоочулар бул маселенин артында Президенттик администрация турарын божомолдошууда. Бирок бул боюнча экинчи тараптан жооп алуу мүмкүн болгон жок.

Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын тегерегиндеги маселе бир топ күндөн бери талкууланып келаткан. Кечээ парламент аны кызматтан алуу боюнча маселени эки ирет добушка койгон. Биринчисинде аны кызматтан бошотууга 77 депутат, экинчисинде 75и "макул” деп добуш берген. Мунун айынан депутаттар кайым айтышып, маселени кароо кийинкиге калган.

XS
SM
MD
LG