Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Келдибеков Оштогу тарапкерлерине барды


Акматбек Келдибеков өзүн колдоп, митингге чыккан тарапкерлеринин алдында. Ош, 13-декабрь.
Акматбек Келдибеков өзүн колдоп, митингге чыккан тарапкерлеринин алдында. Ош, 13-декабрь.

Бир күн мурда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен Акматбек Келдибеков бүгүн Ош шаарындагы тарапкерлери менен жолугушту.

Ошто Акматбек Келдибековду колдоо митинги бүгүн да уланды. Мурдагы спикердин тарапкерлери бүгүн шаардын борбордук аянтына эртең мененден тарта чогула баштап, түш оой алардын саны эки миңден ашканы байкалды.

Митингдегилердин бири Асылкан Абышева эми Акматбек Келдибековду кызматында калтыруу талабы менен чыкканын айтты:

- Биздин башкы талабыбыз Акматбек Келдибеков өзүнүн ордунда кайра дайындалсын. Болбосо парламент таркасын. Анан сөзсүз түрдө былтыркы кандуу Ош окуясына күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын.

Деген менен чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында, улуттар аралык жана регионализмге байланышкан да кептер айтылып жатты. Мунун себебин Чоң-Алай районунан келген тургун Абдилмухаммед Кутпидинов бийликтин кадр саясатындагы алешемдиктери менен байланыштырды:

- Биз кыргызды түндүк-түштүк кылып бөлбөйбүз. Кыргыз ынтымакта, биримдикте болуш керек. Бирок азыркы бийликтин кадрларды эки аймактан тең салмактуу дайындабагындыгы элдин нааразылыгын жаратууда.

Митингчилер Бишкектен Акматбек Келдибековдун келээрин уккан соң күндүн суугуна карабай кечке чейин тарабай турушту. Каш карайганда гана Келдибеков тарапкерлери менен жолугушууга келди. Аянтта тургандар аны машинеден колдоруна көтөрүп түшүрүп алышты. Суукка карабай өзүн күтүп жаткан элге Келдибеков ыраазы экенин билдирип, ага коюлуп жаткан айыптар жөн гана жалаа экенин айтты:

- Текебаев койгон дооматтардын бири дагы туура эмес чыкты. Менин ак экендигим далилденгенден кийин гана унчукпай олтурган депутаттар кол чаап беришти. Мага коюлган жалган жалаанын негизги максаты - төрагалык «креслонун» кимдир бирөөгө керектигинде болуп жатат. Мен ал орунга жабышпайм. Мени депутат кылып эл шайлаган.

Келдибеков ошондой эле июнь окуясы тууралуу да айтып, ага күнөөлүүлөр ушу кезге чейин табылбай жатканына азыркы бийликтин күнөөсү бар экенин кошумчалады. Аягында элди тынчтыкка үндөп, таркап кетүүгө чакырды:

- Талаптарды койдуңуздар, анын баары эми каралат. Жаңы гана иш баштап атабыз. Ал канчалык деңгээлде аягына чыгат, эми ошону карап көрөлү. Азыр кыш, бул жер суук, кыйналасыздар. Мен сиздерден өтүнөм, бул иштерди мыйзам чегинде чечели. Эртең жаз бар, бүрсүгүнү күз бар, демек калганын алдыда көрө жатабыз.

Акматбек Келдибековду узаткандан кийин чогулгандардын баары таркап кетишти. Митингчилерден бүгүн жергиликтүү бийликтен эч ким келип кабар алган жок.

Акматбек Келдибеков бир күн мурда, 12-декабрда парламенттеги эртеден кечке чейин созулган кызуу талаш-тартыштан кийин спикерликтен өз ыктыяры менен кетүүгө арыз бергенин жарыялаган. Анын алдында “Ата Мекен” фракциясы төрагага бир канча айыптарды коюп, ага ишеним көрсөтпөө маселесин козгоп чыккан эле.

Сүрөт баян: Келдибеков тарапкерлери менен жолукту

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG