Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Келдибековду колдогон митингдер


Оштогу митингге Алайдан келген атчандар тобу да кошулду. 12-декабрь, 2011.
Оштогу митингге Алайдан келген атчандар тобу да кошулду. 12-декабрь, 2011.

12-декабрда Ош шаарында жана Алай районунда Жогорку Кеңеш төрагасы Келдибековду колдогон митингдер өттү.

Ош шаарындагы нааразылык акциясына Алайдан келген элүүдөй атчан кошулду. Алар төрага Келдибековду каралоону токтотуп, депутат Өмүрбек Текебаевдин мандатын тапшыруусун талап кылууда. Төраганын тарапкерлери Ош – Эркеч-Там жолун бууп, ондогон жүк жана жүргүнчү ташуучу унаалар өтө албай жатканы кабарланды.


Эртелеп эле Ош шаарындагы борбордук аянтка чогулган митингчилердин саны 1500 миңге чукулдаганын байкоочулар белгилешти. Түштөн ооп аларга Алай районунан келген 50дөй атчандар дагы келип кошулду. Чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго карата каралоолор токтотулуусун жана айрым депутаттардын мандаттарын тапшыруусун талап кылышты.

Уюштуруучулардын бири Бекмурза Эргешов талаптары тууралуу буларды айтты:


- Бийлик өкүлдөрү бизге келип жооп берсин. Төрага Акматбек Келдибековго карата каралоолор токтотулсун. Депутат Өмүрбек Текебаев өзүнүн мандатын тапшырып, элден кечирим сурасын. Дегеле Жогорку Кеңештеги депутаттар ынтымакка келсин. Бири-бирин чукуганды токтотушуп, элдин кыжырына көп тийишпесин. Эгер жок, ынтымакка келишпесе анда бул парламент да таркасын.

Төрага Акматбек Келдибековду коргоо митингинде «Ош шейиттери» уюмунун өкүлдөрү да жүрдү. Коомдун жетекчиси Тургунайым Айтиева алар өздөрү шайлаган депутаттын таламын жөндөн-жөн талашып жатпаганын айтты:

- Эгерде биз парламенттик башкарууну чындан тандаган болсок, демек Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөдөгү биринчи киши. Демек биз өлкөнүн башында турган кишини коргошубуз керек. Ал эми бул жердегилердин көпчүлүгү биз Келдибековду төрага катары эмес, жөнөкөй депутат катары гана коргоп жатабыз. Анткени аны биз шайлаганбыз. Эмне үчүн биз шайлаган депутаттын тагдырын башка депутаттар чечиши керек. Ал эгер начар иштеп жаткан болсо, мына эл биз өзүбүз чакырып алып соттоп салмакпыз.

Нааразы болуп чыккандар менен Ош облус башчысы Сооронбай Жээнбеков жолугуп, алардын талабын борбордук бийликке жеткире турганын айтты. Ошондой эле тартип бузууларга жол берилбеши керектигин билдирип кетти. Бирок ага карабай 20дай аксакал кайрадан губернатор менен жолугушууга кирип, аларды борбордук бийлик менен түз байланыштырууну талап кылышты:

- Башка талаптарды коё бербей сиз бизди облус башчысы катары алыңыз, жете турган гана сөздөрдү айталы. Сиз жөн гана биздин кайрылуубузду борбордук бийликке жеткириңиз. Эгер болсо азыр факс аркылуу, болбосо дароо эле телефон аркылуу байланыштырыңыз. Элди көп кыйнабагыла. Калган-каткан эгинин жыйнап аткан, үйүн араң ысытып жаткан элди убара кылбагыла. Учкундан жалын тутанат дейт, ошонун алдын алгыла. Эгер керек болсо Текебаев да, Келдибеков да, Атамбаев да бүт элдин алдына келсин, - деди аксакалдардын бири Жаанбай Дадиев.

Облус башчысы Сооронбай Жээнбеков болсо митингчилер мыйзам чегинен четтеп баратканын эскертти:

- Мен силердин талабыңарды борбордук бийликке жеткизем деп убада берип жатам го. Бирок силер митингде жоопкерчиликсиз иштерди көп жасап жатасыңар. Кээ бирлери болсо түндүк-түштүк маселесин козгоп жатат, айрымдары өзбек-кыргыз ынтымагына чок таштап жатат. Силер муну менен мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип жатасыңар. А Акматбек Келдибековдун маселеси - ал башка маселе. Аны айтып чыгууга укугуңар бар. Бирок бөлүп-жарган сөздөргө жол бербилбесин.

Ал ортодо бир нече күндөн бери нааразылык акциясын улантып жаткан төрага Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Алайда Ош – Эркеч-Там жолун кайрадан тосушту. Райондун Сопу-Коргон айылында 30дай жүк ташуучу жана 50дөй жеңил автунаалар тургандыгы кабарланууда.

Андагы айдоочулардын бири Большевик Азимов менен телефондон байланышканыбызда буларды билдирди:

- Алайдын Сопу-Коргон айылында көпүрөнү жаап коюшуптур. Митинге чыккандар 200дөй киши экен. Бул жактагы айдоочулар, жүргүнчүлөр деле бир топтой барбыз. Жүк ташуучу 30 дай КАМАЗ, жеңил унаалар ары-бери каттай албай турабыз. Бул жерде шамал катуу, суук болуп үшүп да кеттик. Күн дагы сууктап кетсе кантебиз эми билбейм. Азыр эми кечирээк таркап кетишсе, эптеп өтүп кетээр бекенбиз деп үмүт кылып атабыз.

Нааразылыкка чыккандар Алай райондук акимчилигинин алдында да эки боз үй тигип олтурушат. Алар талаптары аткарылбаса Ош шаарында да күнү-түнү митингин уланта берише тургандыгын айтышууда. Митингчилер кечке жуук эртең кайра чогулаарын айтып, тарап кетишти.


Митингден сүрөтбаян

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG