Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Кесиптик кошуундар жумушчу укугун чектөөгө каршы


Чет өлкөдө профсоюз чоң күчкө ээ
Чет өлкөдө профсоюз чоң күчкө ээ

Кесиптик кошуундар Эмгек кодексине киргизилип жаткан айрым беренелерге каршы чыгып, митинг өткөрүштү.

Нааразы болгондордун пикиринде жаңы мыйзамда жумуш берүүчүлөрдүн укугу кеңейип, кол алдындагыларды ар себеп менен жумуштан кетирүүгө жол ачылып жатат.

Колдоруна “Кодекс өзгөрбөсүн”, "Жумушчулардын укугу бардыгынан жогору" деген жазууларды кармаган митингге эмгекчилер, авиа кызматтын, банк кызматкерлер, мугалимдердин ж.б. кызматтардын кесиптик кошуундары келишти.

"Кумтөр" ишканасынын профкомунун төрагасы Авазбек Кожокматов билдиргендей, Кодекстеги өзгөрүүлөр өлкөдөгү 90 пайыз ар тармактагы жумушчуларга терс таасирин тийгизет.

Авазбек Кожокматов мыйзам жумуш берүүчүлөргө кол алдындагыларды ар себеп менен жумуштан кетирүүгө жол берип, эмгек акыны кайтарып берүү мөөнөтүн дагы чектеп, натыйжада ишкерлер жумуш берүүчүлөрдүн кулуна айланат деп эсептейт:

- Эртеңки күнү мыйзам кабыл алынып калса, биз эле эмес, бала-чакабыз менен кулга айланабыз. Кыска мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө жол берип жатат, эч кандай соцтөлөмү жок жумуштан кетирүүгө жол берүүдө. Эгер ошол мыйзамды артка тартпаса, мындан дагы эки-үч эсе чогулабыз деп турабыз.

"Кумтөр" ишканасы
"Кумтөр" ишканасы

Чырга долбоордогу 26-берене себеп болду. Ал беренеде майрам жана эс алуу күндөрдө, убактысынан ашыкча иштегендерге эч кандай кошумча төлөмдөр каралбай турганы жазылган.

Экономика министрлиги инвесторлордун укугун коргоо үчүн дагы өзгөрүүлөр кирип жатканын айтса, банк секторунун профсоюздар кыймылынын төрагасы Айбек Мырза жөнөкөй ишкерлердин укугу унутта калып жатканын белгилейт.

- Өкмөт "бул инвестор үчүн керек, алардын укугун коргойлу" деп айтып жатат. Ал эми жөнөкөй элдин, карапайым адамдын укугун ким коргойт? Биз инвесторлордун кулуна айланып калып жатабыз. Мыйзамды өзгөртүүгө барбайбыз, биз аягына чейин турабыз.

Ишкерлер реформаны каалашат

Ишкерлер биримдиги болсо, жумушчулардын укугу ишкерлерге караганда көбүрөөк корголгонун айтышат. Натыйжада кызматкерлер менен ишкерлер ортосунда иш жүргүзүү кыйын болуп калганын Жаш ишкерлер ассоциациясынан аткаруучу директору Руслан Акматбек ачыктады. Ошондой эле кесиптик кошуундар менен өкмөт ортосунда да ажырым өтө чоң болуп кеткенинен тил табышуу кыйындаганы байкалат.

- Эмгек кодексине өзгөртүүлөр эчак эле кириши керек болчу. Чын эле азыркы учурда кызматкерлерди жумуштан алуу ишкерлер үчүн эң оор иштердин бири. Анын үстүнө көп ишканаларда жумушчулар профсоюз эмне жумуш кылып жатканын деле билишпейт. Биз ишкер “эксплуататор” деген түшүнүктөн дагы деле арыла албай жатабыз.

Мыйзамды демилгелеген Экономика министрлиги болсо, тараза ташын ишкерлерге да, кызматкерлерге да оодарган жокпуз дейт. Министрликтин ишкерчилик саясаты жана ЭЭА бөлүмүнүн башчысы Акылай Кожомбердиева сунушталып жаткан мыйзам эки жактын тең укуктарын теңөөгө багытталганын айтып, мыйзам дагы деле болсо талкуу үстүндө жүрүп, өкмөткө да сунуштала электигин айтып өттү.

- Азырынча мыйзам өкмөткө жөнөтүлө элек, биз дагы деле сунуш, пикирлерди чогултуп атабыз. Кодексте биз ишкерлердин да укугун коргойлу деп жатабыз. Ишкерлер өз сунуштарын беришти, кыска мөөнөткө контракт жумушчулардын санын ачыкка чыгарып, көмүскө экономиканы жабат. Болбосо, көпчүлүгү ишкерлерди жаап-жашырып, соцтөлөмдөн качып, конверт менен акча берген учурлар азыркыга чейин бар.

2012-жылы Эмгек кодексин өзгөртүү демилгеси болгондо да кесиптик кошуундар каршы чыгышкан эле. Натыйжада Кыргызстанда 2004-жылы кабыл алынган Эмгек кодекси иштеп келет.

XS
SM
MD
LG