Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

"М-Вектор": Бажы биримдиги тууралуу билбегендер да бар


Адистердин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ири базарлардын иши солгундайт. "Дордой" базары.
Адистердин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ири базарлардын иши солгундайт. "Дордой" базары.

Социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн “М-Вектор” уюму Кыргызстандын жети облусунда сурамжылоо жүргүздү. Ага катышкандардын 60 пайызы Бажы биримдигине кирүүгө макул экендигин билдирген.

Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын басымдуусу Бажы биримдиги тууралуу толук маалыматка ээ эместигин көрсөтүшкөн.

Мээрим Бишкектеги кафелердин биринде ашпозчу. Ал керээлден кечке иш бөлмөсүнөн чыкпайт. Пияз туураганча бизге Бажы биримдиги боюнча айтканы бул болду:

- Бажы? Жок ай, ал тууралуу эч нерсе билбейм. Кызыккан да эмесмин.

Ал эми Айдай Бишкектеги авиакассалардын биринде сатуучу. Интернетке такай кирип турат. Анын маалыматы мындай:

- Менин казак досторумдун айтымында, Бажы биримдиги Казакстанда деле элге жакшылык алып келбептир да. Оорчулук болуптур. Менимче бизде деле жакшы болбойт го.

Кыргызстанда Бажы биримдиги боюнча эл арасында түрдүү пикирлер бар. Бирок, алардын арасында уюмга Кыргызстан кирсе эмне болот, кирбесе кандай тагдыр күтөт, пайда-зыяны кайсы, так ажыраткан аргументтүү пикирлер жокко эсе.

“М-Вектор” жети облустун 50 калктуу пункттарынан 800 чакты карапайым жарандарына сурамжылоо жүргүзгөн. Анда "Бажы биримдиги деген эмне, ага кайсы өлкөлөр кирет? Кыргызстандын аталган уюмга киришине кандай карайсыз? Эгер биримдикке кирсе өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болот?" деген суроолор коюлган. Компаниянын изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Виталий Дергунов сурамжылоонун жыйынтыгы менен тааныштырды:

- 60 пайыздан ашууну Бажы биримдиги эмне экенин билишет жана аны колдошот. Бирок элдин ал боюнча маалымат алуусунда маселелер бар. Айрым облустардын калкы анчейин кабардар эмес. Ошон үчүн ММК калктын бажы интеграциясы боюнча маалыматын жогорулатуу чараларын көрүшү керек. Мисалы, Нарын облусунун калкынын 50 пайызы Бажы биримдиги тууралуу билбесин айткан. Ал эми билгендери биримдикке кирсе, натыйжасы кандай болорун билишпейт.

Дергунов калкты биримдикке оң же тескери үгүттөө үчүн эмес, эгер Кыргызстан кире турган болсо ага элдин даяр болушун камсыздоо үчүн, түшүндүрүү керек деп кеңеш берет.

Ошентсе да суралгандардын 63,4 пайызы нан жана нан азыктары кымбаттарын айтышса, 59 пайызга жакыны эттин баасы көтөрүлөрүн болжолдошкон. Ал эми жарымы сүт азыктарынын, мөмө-жемиш, жер-жемиштин баасы көтөрүлөт деп ишенишет.

Сурамжылоого катышкандардын 30 пайызы күйүүчү-майлоочу майлар арзандайт десе, газ баасы ылдыйлайт дегендер 27 пайызды түзгөн. Ошондой азыраагы эле айыл-чарба техникалары, көмүр, тамеки, алкоголдук ичимдиктерге баа түшөт деген оюн билдиришкен.

Бажы биримдиги тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма баяндап келгени менен экономисттер да коомчулукка так маалымат жетпей жатканын, а тургай көпчүлүк журналисттер бул маселени толук түшүнбөсүн белгилеп келишет. Мындай шартта, сурамжылоонун жыйынтыгы канчалык реалдуу болушу мүмкүн?

Экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов:

- Маалыматы жок болгондон кийин элдер ар түрдүү мааниде жооп берип коё бериши мүмкүн. Азыр элде кымбаттоо жүрөт, андай-мындай терс көрүнүштөр болот деген күтүүлөр бар. Ошол күтүүлөр маалыматтын жоктугунан күч алып, элдин арасында ызы-чуу болуп кетиши ыктымал. Ошон үчүн элге Бажы биримдигине кирбесе эмне болот, кирсе эмне болот деген так маалыматты эмитен жеткиришибиз керек.

"М-Вектор" Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Канадада социологиялык жана маркетингдик изилдөө, консалтинг боюнча иш алып барат. Аталган уюмдун буга чейинки айрым сурамжылоолорунда Орусия тарапка ыктаган жыйынтыктар байкалган.

XS
SM
MD
LG