Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Орусияга ички паспорт менен кирүүгө тыюу салынат


Кыргызстандын ички жана Орусия паспорту.
Кыргызстандын ички жана Орусия паспорту.

Орусия КМШ мамлекеттеринин жарандары үчүн ички паспорт менен өлкөгө кирүүгө 2015-жылдан тарта тыюу салмакчы. Ушул тапта жарым миллионго чукул кыргызстандык мигранттар Орусияда иштеп жүрөт.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча келерки жылдан тарта өлкөгө ички паспорту менен Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр: Беларус менен Казакстандын гана жарандары кире алышат. Ал эми Орусияда элинин массалык бөлүгү иштеп жүргөн Кыргызстан, Тажикстан жана Украина үчүн бул кезектеги сыноо болорун адистер белгилешүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Орусияда 550 миң кыргызстандык жаран иштейт. Бул орус жарандыгын алган кыргызстандыктардан тышкаркы эсеп. Бирок алардын ичинен канчасы жалпы жарандык паспорт менен, канчасы ички паспорт менен жүргөнү тууралуу так маалымат жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева келерки жылдан кирүүчү жаңы тартип тууралуу буларды айтып берди:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагына чет элдик паспорт менен гана кирүү укугуна ээ болушат. Ал эми азыр кирип жүргөн улуттук же башкача айтканда ID паспорт менен кирүүгө мүмкүн болбой калат. Бул тууралуу маалымдама бизге Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилди.

Эки тараптуу келишимдерге ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга 2007-жылдын 15-февралынан тарта ички паспорт менен кирүү укугуна ээ болушкан. 2015-жылдан тарта бул жеңилдикти токтотуу зарылчылыгын Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлү чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзам бузуулардын көбөйүүсүнө шарт түзүп жаткан негизги себептердин бири катары чечмелегени бар. Чынында эле Орусияга кирди-чыкты деген мөөр басууга мүмкүн болбогон ички паспорт менен мыйзамдуу катталган жери жок, жасалма документ менен жүрүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын мигранттар өздөрү да мойнуна алышат.

Бир нече жылдан бери Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Руслан Абдуллаев ички паспорт менен мурда жеңил болгонун, жаңы жылдан тарта тескерисинче түйшүк жаратып жатканын айтат:

- Улуттук паспорт жасалма документ менен жүрүүгө ыңгайлуу болчу. Мисалы ага Орусияга кирген-чыкканың тууралуу мөөр басылбайт. Ошондуктан, мөөнөт бүткөндөн кийин чек арадан чыкпай эле миграция карточкасын сатып алып, үч айлык каттоону жасатып алып жүрө беришчү. Бирюлево окуясына чейин ошол эле документ менен жумуш иштегенге уруксат кагазын да алууга мүмкүн эле. Аны иш берүүчүлөр деле, ФМС кызматкерлери деле билишчү. Миграция саясаты катаалдана баштагандан бери улуттук паспорттун негизинде берилген жумуш иштөөгө уруксат кагаздарын да азыр иш берүүчүлөр жокко чыгарып жатышат. Азыр мигранттардын документтери толугу менен борбордук базадан текшерилип жатат.

Алты жылдан бери Орусияга ички паспорт менен кирип жүргөн кыргызстандык мигранттарды кыска убакытта жалпы жарандык паспорт менен камсыз кыла алабызбы деген суроого КР мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев жарандарды жалпы паспорт менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жетет деп жооп берди:

- Эч кандай маселе жок. Ички паспортту да, жалпы жарандык паспортту да өзүбүз чыгарып жатабыз. Дараметибиз жетет. Канча жаран сыртка чыгууну кааласа, ошончо даярдап бере алабыз. Азыр паспортту “Инфоком” деген мамлекеттик ишкана, ал биздин мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы ишкана.

2013-жылы 22-апрелдеги Москвада кол коюлган кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимине ылайык, Орусия 2015-жылга чейин жарандарын жалпы паспорт менен камсыз кылууга Кыргызстанга каржылык жактан көмөктөшмөкчү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевдин тастыктоосу боюнча келишим жаңы муундагы документтерди даярдоо тууралуу болушу ыктымал:

- Анда адамдын манжасынын тагы, көзүнүн кареги тартылып, түшүрүлөт. Мына ушул документти даярдоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңы муундагы документ демекчи, мигранттардын манжасынын тагын алууну Орусия федералдык миграция кызматы өткөн жылдан тарта баштаган. Байкоочулардын баамында, орус бийлиги мигранттардан биометрикалык паспорт талап кылуучу күн да алыс эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG