Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

"Кумтөрдөгү" чыр ачыкка чыкты


"Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери
"Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери

"Кумтөрдүн" өндүрүш боюнча вице-президенти Фил Уэлтенди кесиптик кошуун жумушчуларга орой мамиле жасайт, кызмат абалынан пайдаланат деп айыптап чыкты.

Жаңжал "Кумтөр" ишканасынын тоо-кен бөлүмүнүн 21-июндагы жыйыны учурунда чыккан.

Ишкананын маалымат кызматынын өкүлү Нуржан Алымканова жагдай толук териштирилгенче ишкананын вице-президенти Фил Уэлтен кенден убактылуу кеткенин тастыктады жана кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн маалымдады:

- Кумтөр кенинде кечээ ишкананын профсоюздары уюштурган тоо-кен бөлүмү менен өндүрүш боюнча вице-президенттин жолугушуусу учурунда профкомдун өкүлү жана вице-президенттин пикир келишпестиги орун алган. Вице-президент маселе чечилгенге чейин кендин аймагынан убактылуу кетти. Учурда профсоюздун өкүлдөрү да катышкан комиссия түзүлүп, жагдай иликтенин жатат. Комиссия жыйынтык чыгаргандан кийин дагы кабар берилет.

Кумтөр
Кумтөр

"Кумтөрдөгү" кесиптик кошуундун төрагасы Авазбек Кожакматовдун билдиришинче, вице-президент Фил Уэлтен буга чейин айлык акы боюнча жыйынга бир канча жолу келбей койгон. Маянанын көтөрүлбөй жатканына нааразы жүздөн ашык жумушчу 21-июнда вице-президентке өздөрү барганга аргасыз болгон. Кожакматов жетекчинин орой мамилесине даттанууда:

- Айлык боюнча маселе чыккан үчүн эл жыйналган. Компания элдин чөнтөгүнө кол салып, каражатты ошол жактан үнөмдөйбүз дегенде ызы-чуу чыкты. Эми эл деле компания гана эмес, дүйнөдө кризис болуп жатканын түшүнүп турат. Бул жерде жетекчинин жумушчуларга болгон мамилеси, эл менен байланышынын жоктугу кеп болууда. Жетекчи кызмат укугунан аша чапты, жумушчуларга мамилеси аябай начар, аны менен иштешпейбиз деп жатышат.

Кумтөр
Кумтөр

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубанычбек Исабеков "Кумтөрдө" иш берүүчүлөр менен жумушчулар ортосунда буга чейин да пикир келишпестик болуп келгенине токтолду. Жетекчиликтин жумушчуларга карата мамилесин сынга алды:

- Ошол жерде 42 киши өлдү. Дагы 120дан ашыгы жарадар болду. Мыйзамсыз жумуштан бошоткон, ооруп калса компенсация, пенсиясын төлөбөгөн, мунун айынан соттошуп келаткан фактылар бар. Азыр эми айлык акыны аттестация аркылуу көтөргөнү жөн гана шылтоо. Анын үстүнө "Кумтөрдүн" жетекчилеринин үстүнөн караган эч ким жок.

"Кумтөрдө" жалпысынан үч миңге чукул адам иштейт. Ушул айдын башында, ишканада кыскартуулар болуп, анын айынан нааразылык чыккан. Жумушунан кыскарган айрым кызматкерлер азыр "Кумтөр" менен соттошуп жатат.

XS
SM
MD
LG