Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Кайын-журттан кордук көргөн Чынара


Чынара Мураталиева
Чынара Мураталиева

“Азаттыкка” Жумгал районунан жалгыз бой эне Чынара Мураталиева кайрылды. Ал мурдагы күйөөсүнүн жана кайын-журтунун зомбулугуна кабылып, жергиликтүү милициядан да, акыйкатчыдан да кайрым болбой, айласы куруганда журналисттерге кайрылган.

Чынара учурда эки жашар кызы менен көчөдө калды. Анын Чаектеги күйөөсү менен чогуу сатып алган үйүнө учурда башка эле адам ээлик кылууда.

Үй талаштан чыккан чыр

Мен Жумгалга барып Чынара Мураталиеваны Чаектин ооруканасынан таптым. Ал кеселканага сабалып түшкөн экен. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок Чынара оорукананын 800 сом төлөмүнө каражат издеп, Чаектин имамына кайрылат. Мечиттин полун жууп, ичин тазалап, имамдын кызмат акы деп берген 500 сомун төлөп, андан кийин ооруканага жаткан экен.

Чынара Мураталиева мурдагы күйөөсүнүн туугандары менен чыр үй талаштан башталганын айтып берди:

- Кайненем Халида, кайын сиңдим Кайыркүл биз сага 130 миң сом карызга берип туралы, сен үйдү Кайыркүлгө каттат дешкен. Анан кайра үйдү насыяга күрөөгө коюшкан. Кыскасы, менин башымды айлантышып, насыяны төлөп бүткөндөн кийин үйдү өздөрүнө өткөрүп алышат. Ал мезгилде менин башка жолум жок болчу. Анын үстүнө баласы менен жашап жатсам, ортодо кызыбыз турса макул болгом да.

- Үйгө алып кирди. Күрөк менен башка, бетке койгулап салды. Кайненем болсо сыртка эптеп качып чыкканыма карабай эшиктин алдындагы фундаментке отуруп калсам башымды кайра-кайра верандага сүздүрдү.
Чынара Мураталиева

Чынаранын айтымында, ага карата зомбулук үйдүн акчасы толугу менен төлөнүп бүткөндөн кийин башталган. Күйөөсү Тилекбек Молдалиев ажырашам десе, Чынара буга каршы болуп, чыр сала баштайт.

- Мен Бишкекке кетип калгам. Анан Чаекке келип күйөөмө телефон чалып, "мен келдим, үйүмдү бергиле" десем машинасы менен келип ур-токмокко алып, кичинекей кызымды ыргытып салып кетип калды. Үч күндөн кийин башымдын ооруганы басылбай койгондуктан ооруканага жаттым.

"Акимчиликтин алдынан сабашкан"

Күйөөсү Тилекбек Молдалиев менен бирге жашоодон үмүтү үзүлгөн Чынара ооруканадан айыгып чыккан соң үйүн кайтарып алуу аракетин дагы көргөн. Бирок ал юрист же дагы башка адамдарга кайрылбастан кайра эле өзү жалгыз барган. Бул жолу аны күйөөсүнүн карындашы жана кайненеси экөөлөп эки жашар кызына карабай көчөгө чейин сүйрөп токмоктоп салышкан:

- Кайненем “эми мен сени сабайм, мен сабасам мени милицияга бере аласыңбы? Мени эч ким соттобойт, мен кемпирмин, көп болсо кара жумушка кесет. Үй түрмөгө кесе турган болсо үйдө отура берем” деп уруп, ошол жерден кызы экөөлөп сабап киришти. Сыртка сүйрөп чыгышып, акимчиликтин алдынан сабай башташты.

Чынара Жумгал райондук акимчилигинин алдында сабалган. Себеби Чынара талашып жаткан үй учурда кайын сиңдисинин күйөөсү, акимчиликте иштеп жаткан адамга катталып турат. Келиндин сабалып жатканын көргөндөр милиция чакырышат. Ошол чыр-чатак боюнча келген милиционер Тынчтык окуя тууралуу "Азаттыкка" буларды айтып берди:

- Мен чакыруу болгондо бардым. Чынара жерде үстү-башы чаң болуп жатыптыр. Анан мен токтотуп, Чынараны машинага салып кеткем.

Чынара Мураталиева бул зомбулуктан кийин Бишкекке атасынын үйүнө кеткен. Бишкекте ички иштер министрине жана акыйкатчыга кайрылган, бирок майнап чыккан эмес.

“Азаттык” Бишкекте жашаган Чынаранын атасы менен байланышканда ал азиз экени, небереси анын колунда экени маалым болду. Аскералы Мураталиев зомбулук көрүп жаткан кызына жардам берүүгө анын көзү көрбөгөн майыптыгы жолтоо болуп жатканын билдирди.

Ошентип Чынара Чаектеги үйүнө жеке буюмдарын алуу үчүн үчүнчү жолу кайрадан жалгыз барат. Чынаранын айтымында, бул жолу аны күйөөсү алдап, үйүнө алып барып алып камап уруп салат. Зомбулукка кайненеси да кошулуп, бул жолу күрөк, жыгач менен катуу сабалганын айтат.

- Үйгө алып кирди. Күрөк менен башка, бетке койгулап салды. Кайненем болсо сыртка эптеп качып чыкканыма карабай эшиктин алдындагы фундаментке отуруп калсам башымды кайра-кайра верандага сүздүрдү. Терезелер сынганча сүздүрдү. “Мен баары бир сенин түбүңө жетем. Ушул сүйлөгөн, жооп кайтарган оозуңду жырып салам” деп эки колун менин оозума салып чойгулады. Сыртта жыгач жаткан, ошону ала коюп жыгач менен белимди, шыйрагымды чапкылады.

Чынаранын мындан кийинки абалын өз көзүм менен көрдүм. Ал кызы менен убактылуу ооруканада жашап жатыптыр. Дарыгерлердин айтымында, анын көгөргөн, айрылган жарааттары айыгып, эми ооруканадан чыкса болот.

Милиция: Күйөөсү камакка алынат

Укуктарын начар билген, никеге турбаган, юридикалык жактан сабатсыз, туруктуу иши жок Чынара өзү күнөөлүү дегендер четтен чыгышы мүмкүн. Бирок “чак түштө, райборбордо, 21-кылымда кайра-кайра токмок жеген адамдын таламын талашып же териштирбей жергиликтүү бийлик, милиция, коомчулук эмнеге кайдыгер?” деген суроо да туулат.

Жумгал райондук ички иштер бөлүмү
Жумгал райондук ички иштер бөлүмү

"Азаттык" Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, Чынаранын арыздануусу боюнча козголгон ишти тергеген Нарынбек Бердигуловго кайрылды. Ал Чынаранын иши боюнча төрт иш ачылганын, алгачкы иликтөөлөр бүтүп, соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

- Чатактын баары үй маселесине такалат. Эки тарап тең эптеп үйдү ээлеп калуу максатын көздөөдө. Тиги тарап уруп чарчабады, Чынара өзү жолугушууларга барганын токтотподу. Айла жок, иликтеп, ишти сотко жиберип жатабыз.

Милициянын айтымында, тергөө иштеринде ага зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле укук коргоо органдары Чынаранын мурдагы күйөөсү Тилекбек Молдалиев камакка алынарын кабарлашты.

Кайын сиңдинин жообу

"Азаттык" Чынаранын кайын сиңдиси Кайыркүл Молдалиева менен байланышты. Ал Чынаранын айткандарын төгүндөп, куру доомат артканын айтты.

- Биз да Чынараны милицияга бергенбиз. Бул келин аябай жаман. Апамды келип тилдеп кетет. Анын айынан апам ооруп калды. Акимчиликте иштеген жолдошума барат. Кабинетине келип, үйүмдү тартып алдың деп жайына койбой жатат. Ал үйдү алууга биздин акча кеткен. Ошончо кыйын болсо үйдү өзүнүн туугандарына каттатпайт беле. Чынаранын мурдагы күйөөсүнөн үч баласы бар. Ал бала сатууга да шектелип жүрөт. Өз балдарын бага албай сатып жиберген.

"Азаттык" балдары тууралуу маалыматты иликтеп көргөндө улуусу Чынаранын аталаш байкесиникинде, кызы атасынын колунда, дагы бир кызы анын мурдагы күйөөсүндө, кичүү кызы өз колунда экени аныкталды.

Чынара буга чейин социалдык коргоо кызматына кайрылганда анын туруктуу дареги жоктугунан жөлөкпул төлөнбөй турганын айтышкан.

Учурда Чынара укук коргоочуларга кайрылууну чечти.

P.S. Бул макала радиодон кеткенден кийин Нарын облустук жана Жумгал райондук акимчиликтери Чынара Мураталиеванын ишин тездетип, социалдык абалын тактай баштады.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG