Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ат-Башы: күтүүсүз тооруган күйдүргү


Нарын. 2015-жыл
Нарын. 2015-жыл

Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылынын Сары-Тал жайлоосунда карантин жарыяланды. Мындай чечим жергиликтүү эки тургун күйдүргү жугузганы аныкталгандан кийин кабыл алынды.

Учурда Нарын облустук ооруканаcында күйдүргүнү жугузуп алган үч бейтап дарыланып жатат.

Илдеттин пайда болушун адистер жазында малдын эмделбей жайлоого чыгышына байланыштырууда. Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан учурда бул өңдүү фитосанитардык өксүктөр эт-сүт сатып, киреше тапкандардын соодасына кедергисин тийгизери талашсыз.

Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Максат кайнатасынын уюн союп жаткан кезде колун кесип алган. Башта элес албай жүрө берип, качан жара чыга баштаганда догдурга кайрылган:

- Мал жайып жүргөм. Анан бир уй кыйналып жатканын көрүп калдым. Кайнатама барып айтсам, мууздап сал деди. Досум экөөбүз союп, ичеги-карынын алып кеткенбиз. Башында билинген эмес, андан кийин эле этим ысып, көңүлүм айный баштады. Колума кызыктай бир нерсе чыкканынан ооруканага барсам сибирь жарасы деп айтышты. Эми бир ай ооруканага жатасың деп жатышат.

Союлган уйдун этин мал ээси Ат-Башыга алып келип сатып ийген. Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Жалил Алымкулов ылаңдаган уйдун эти Бишкектеги колбаса жасоочу цехке өткөрүлгөнүн айтууда:

- Бул уй ооруп жатканда мал догдурларга айтпай эле союп, ичеги-карыны менен кошо Ат-Башыга алып келип, Кубан деген жигитке сатыптыр, ал Нарынга алып келип Рахат деген жигитке эч уруксаты жок сатып жиберген. Колдон колго өткөн эт акыры Бишкектеги колбаса жасаган цехке алып келинген. Эми буларды тийиштүү органдар териштирип жатышат. Ооруну билип туруп жайылтышты деп жоопко тартылышат.

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Калбүбү Касмалиева оору аба аркылуу да жугарын айтты:

- Бул оору жукканда тери чиркей чаккандай болуп кызарып чыгат. Андан кийин ошол жер жайылып, чоңоё баштаганда дароо медицина кызматкерлерине кайрылуу керек. Күйдүргү ылаңдаган малдын жанында жүргөндө же анын этин бышырбай жесе жугат. Бул оорунун вирустары чыдамкай, эки саат кайнатканда гана араң өлөт.

Нарын шаарынын тургуну айыл чарба адиси Мамбеткерим Мусаев өлкө Бажы биримдигинин босогосунда турганда мындай оорулардын чыгышы айыл чарбасын аксатат деген пикирде. Анын айтымында, илдетти чыгарбоонун жолу - мамлекет убагында вакциналарды берип, алдын алуу иштерин дайыма жүргүзүү.

- Айылда мал менен жан сактагандарга бул оорунун чыгышы баш оору жаратат. Анткени, алар бюджетин эт жана сүт сатуу менен толтурушат. Негизи мамлекет жазында элди милдеттүү түрдө малдын үч оорусуна каршы вакцина менен камсыздашы керек. Аны берген жок. Колунда барлар гана сатып алып, малын эмдетти. Көпчүлүгү биртике акчасын аяп эч нерсе кылган эмес. Ошонун кесепетин көрүп жатабыз. Мына азыр Казакстан эт менен сүттү өз өлкөсүнө өткөрбөй жатат. Кыскасы, малчы менен дыйкандын эмгеги акталбай калды.

Маалыматка ылайык, 20-августтан бери Ат-Башы ветеринардык кызматы тарабынан мал ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлүп, уй союлган жер зыянсыздандырылды. Ал эми Өзгөрүш айылындагы мал сойгон адамдар менен байланышкан тургундар алдын ала текшерүүдөн өттү.

XS
SM
MD
LG