Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Ош: Өзбек коомчулугу милицияга ишенбейби?


Азчылык улут өкүлдөрүнүн күч органдарына болгон ишеничи оң тарабына жыла элек. Адистер Оштун шартында өзбек тектүү жамаат милицияга жана УКМК кызматкерлерине дагы деле ишенбейт дешет.

Аларга ишенип, арызданганды кой, тартип коргоо сакчыларынан коркуу дагы жоюла элек. Бул маселелер Оштогу УКМК, ички иштер кызматкерлери менен коомчулук өкүлдөрүнүн атайын жолугушуусунда сөз болду. Өзбек тектүү тургундардын милицияга ишеничин арттыруу боюнча атайын долбоор да иштеп жатканы жыйында айтылды.

“Эгалите” коомдук фонду аймакта атайын долбоордун алкагында азчылык улут өкүлдөрү менен күч органдарынын мамилесин 4-5 ай иликтеген. Алар кварталдарда жана маалелерде өткөн 30-40тай жолугушуулардын жана атайын мониторинг ыкмаларынын негизинде “Ош облусундагы өзбек тектүү жарандар күч органдарынан коркот жана аларга толук ишенбейт” деген жыйынтык чыгарган.

Коомдук фонддун жетекчиси Татьяна Выговская мындай бүтүмдүн себептерин ачыктайт:

- Милициянын баары эле азчылык улуттарга жаман мамиле жасап, же аларды кодулап жатат деп айта албайбыз. Бирок факт - өзбек тектүү жарандар Ошто тартип коргоо кызматкерлеринен чындап коркот жана ишенишпейт. Алар өздөрүн коопсуз сезбейт. Буга бир нече фактор себеп болуп жатат. Айрым милиция же УКМК кызматкерлери тарабынан өзбек тектүүлөргө карата атайылап терс мамиле жасоо, же коррупциялык аракеттер, акчасын алып коюу сыяктуу нерселер себеп болушу мүмкүн. Канткен күндө да азчылык улут өкүлдөрү менен тартип коргоо органдарынын мамилесин оңдоо үчүн өтө көп аракеттер керек.

“Эгалите” коомдук уюму Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте иликтөө жүргүзгөн. Аталган долбоордун алкагында алар азчылык улут өкүлдөрүнүн күч органдарына болгон ишеничин жогорулатуу аракеттерин көрүшкөн. "Эгалите" фондунун жетекчиси, конфликтолог Татьяна Выговская:

- Биздин долбоор бир гана өзбек тектүү тургундары менен күч органдарынын ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталган. Анткени ушул этностун арасында күч органдарына карата коркуу синдрому жогору. Биз азыр өзбек маалелеринен атайын лидерлерди тандап, 206 өкүлдү шайладык. Алар Ош шаарында жана Ош облусундагы УКМК жана милиция менен түздөн-түз иш алып барышат. Милиция менен коопсуздук кызматкерлерине болгон мамиленин биротоло жакшырта албасак да, азыноолак оңдойбуз деп ишенем.

Бейөкмөт уюмдун бул билдирүүлөрүн күч кызматтары өздөрү деле такыр жокко чыгарбайт. УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жоробеков бул пикирлер бирин-серин кызматкерлердин кесепети экенин билдирет:

- Карапайым калк бизди бул УКМК, бул прокуратура, бул милиция деп тааныбайт, алар бизди жалпы эле күч органдары деп билишет. Ошол себептен бир-эки эле кызматкердин терс мамилелери жалпы органдарга көө жаап коёт. Маселен айылдагы бир эле участкалык милиция кызматкери жарандарды коркутуп, же туура эмес иштерди жасап койсо, ал жердеги тургундар биздин баарыбызды ушундай жаман адамдар деп ойлоп калат. Бирок жалпы укук коргоо кызматкерлери андай эмес да.

Күч органдарына карата ишенбөөчүлүк, анын ичинде өзбек тектүү тургундардын арыз-муңу Ошто өзгөчө 2010-жылкы этностор аралык кагылыштан кийин күчөгөн. Форма кийген адамдар бир тектүү этностун өкүлдөрүн коркутуп акча алып кеткендиги, улуттук белгисине карата кодулоо да күч органдары тарабынан болуп келгендиги айтылчу. Бул мисалдар азыр азайган менен, дагы деле бар экендигин айтышат. Анын алдын алуу үчүн бир гана жол -органдарда ар улуттардын санын көбөйтүү дешет алар. Укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев:

- Кыргызстанда 80ден ашык улут өкүлдөрү жашагандан кийин, демек жок дегенде этностун 10 чакты өкүлү укук коргоо органдарында иштеши керек. Анан аларда улутчулдук сезими азаят, башка улуттарды кемсинтүү жоголот. Азыр эми Ош шаарында жана Ош облусунда күч органдарынын жетекчилигинин катуу көзөмөлү менен азчылык этностун өкүлдөрүнө карата мамиле бир топ оңолуп калды. Бирок дагы деле анча-мынча күч органдары карапайым адамдарды негизсиз эле камап, же акчасын алып койгон учурлары бар. Ошол себептүү күч кызматтары моноулуттуу эмес, мультиулуттуу болушу керек. Анан ошондо гана кайсы улут болбосун милицияга, жана башка органдарга ишеничи жогорулайт.

Азырынча күч органдарында башка улуттардын өкүлдөрү дээрлик жокко эсе. Ошого карабай алар эл менен жакыныраак болуу аракеттерин жандандырганын айтышууда. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүм башчысы Жакып Зулпуев мындай дейт:

- Милицияга болгон элдин ишенимин жогорулатуу боюнча биздин министрибиз атайын буйрук чыгарган. Ага ылайык, участкаларда коомдук профилактикалык иштерди күчөтүү аракети жер-жерлерде кызуу жүрүп жатат. Баягы эле сот аксакалдары, аялдар комитети, коомдук уюмдар жана жаштар борборлору аркылуу иш-чараларды өткөрүп, элдин ишеничине кайрадан милицияга кайтаруу максаты коюлуп жатат. Анан министрлик дагы кадрдык жактан бир топ реформаларды жасап жатат. Деңгээли бийик, професионал адамдарды күч органдарына тартуу, же ошондой адамдарды башкаруу кызматтарына алып келүү аркылуу да бул тенденция тийиштүү деңгээлде жолго коюу пландалууда.

Бул маселелер Оштогу укук коргоо кызматтары менен коомчулуктун атайын талкуусунда да айтылды.

Жергиликтүү демилгелердин канадалык фонд тарабынан каржыланып жаткан долбоорун “Эгалите” коомдук уюму дагы улантаарын билдирүүдө. Алар өзүнүн кийинки долбоорлорунда уйгур, дунган, орус жана башка тектүү Кыргызстандагы азчылык улут өкүлдөрү менен күч органдарынын ортосундагы мамилелерди иликтемекчи.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG