Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Ош шаардык кеңешиндеги "оюндар"


Ош шаардык кеңеши.
Ош шаардык кеңеши.

Ош шаардык кеңешинин 35-сессиясы 25-декабрда экинчи жолу үзгүлтүккө учурады. 24-декабрда бүтчү жыйын депутаттар төраганы шайлай албагандан улам кийинки күнгө калтырылган эле.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция 25-декабрда да сессияга келбей койду. Натыйжада жылды жыйынтыктай турган көйгөйлөр чечилбей калды. Серепчилер муну келерки шайлоону утурлай башталган саясий оюндардын бири катары сыпаттоодо.

24-декабрга белгиленген сессия башталары менен эле күн тартиби талашка түштү. Президиум алдын ала бекиткен 24 маселе карала электе азчылык коалиция ал тизмеге шаардык кеңештин төрагасын шайлоону да киргизүүнү талап кылды. Ага көпчүлүк коалиция макул болбой, тараптар түштөн кийин жыйналмакчы болушкан. Бирок ага башкаруучу коалициянын депутаттары келбей коюп, жыйын 25-декабрга калтырылган. Бирок бул күнү да көпчүлүктү түзгөн депутаттардын бири да сессияга катышпай койду. Жыйынга болгону 13 депутат келген.

“Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Каныбек Ормонов буларга токтолду:

- Мыйзам боюнча төрага кеткенден кийин анын орун басары бир ай гана төраганын милдетин аткара алат. Азыркы төрага дээрлик үч ай иштеп койду. Регламентке ылайык, азчылык коалиция төрагалыкка талапкер сунуштай албайбыз. Ошого биз коалициядан бир талапкер сунуштагыла деп талап кылуудабыз. Бул кызматты биз талашып жаткан жокпуз, болгону бул кызматка бирөө мыйзамдуу бекисин деп жатабыз. Анткени биз кабыл ала турган чечимдер, токтомдорубуз мыйзамдуу болушу керек. Бирок булар кечээ да, бүгүн да эч кандай талапкер сунуштай алышкан жок, өздөрү да келбей койду. Төраганын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов келип мыйзамсыз түрдө сессияны жаап койду. Натыйжада Ош шаардык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 35-сессиясы үзгүлтүккө учурады.

Улан Примов
Улан Примов

Ош шаардык кеңешин буга чейин жетектеген Улан Примов КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланып кеткенине байланыштуу кызмат орду бошогон. Ошондуктан шаардык кеңештин төрагалык милдетин анын орун басары Арфидин Аланов аткарып жатат. Азчылык коалиция өкүлдөрү башкаруучу топ Алановду кайрадан сунуштаса деле шайлап беришерин билдирүүдө.

“Улуттар биримдиги” фракциясынын башка бир депутаты Сонунбек Жунусбаев пикирин мындайча билдирди:

Сонунбек Жунусбаев
Сонунбек Жунусбаев

- Көпчүлүк коалициянын ичинен 3-4 талапкер өздөрүн сунуштайт деп айтылган эле. Бирок аларга борбордук бийликтен телефон чалуулар болуп, “шүк олтур” деп коркутуптур. Атургай башкаруучу топтогу бардык депутаттарды чалып коркутушту деп уктук. Кыскасы бул башкаруучу коалиция борбордук бийликтин оюнчугу эле болуп калды. Сессияга бар десе барат, барба десе калат. Айрымдар болсо алар төрагалык кызматты өз ара бөлүшө албай коюшту деп да айтышты. Эмнеси болсо деле булар бир талапкер сунуштаса, биз шайлап бермекпиз. Анткени милдетин аткаруучу эмес, төрага болуп бекилсе, шаардык кеңешти мэрия да тоготот, биз менен да теңата мамиле кылат. Тилекке каршы, булар талапкер да сунуштай алышкан жок, өздөрү да сессияга келбей койду. Натыйжада бул жактагы 24 маселе, эл көйгөйлөрү чечилмек тургай, каралбай да калып кетти. Суу көйгөйү, “Жапалак” унаа базарынын тарифи, таза суу, ипотекалык үйлөр, кыскасы, толтура көйгөйлөр эртерээк чечилиши керек эле, баары кечикти.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орундун 22си азчылыкты түзгөн “Улуттар биримдиги” менен КЭД партияларына тиешелүү. Көпчүлүк коалицияга КСДП, “Республика”, “Ата-Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Замандаш” фракциялары кирет.

Ош шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, көпчүлүк коалициянын башчысы Арфидин Аланов мындай дейт:

- Көпчүлүк коалициядан “төрагалыкка талапкерлигимди коем” деген эч ким чыкпай койду. “Сиз өзүңүз эле милдетин аткаруучу болуп, мөөнөттү бүтүрүп коюңуз” деп болбой коюшту. Мен да өз талапкерлигимди коюудан баш тарттым. Анткени, шайлоо болсо, карама-каршылыктар болот, пикир келишпестиктер болот. Төрт жыл жамандык-жакшылыкта чогуу болуп, эми бир-эки ай калганда ызы-чуу болуп, шайлоо өткөрбөй эле коелу деп атышат. Бир чети төрага шайлаштын деле зарылчылыгы жок эле, ал дайындалса, дайындалбаса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми азчылык мага "сиз мыйзамдуу эмессиз, сиз кабыл алган чечимдер мыйзамсыз" деп айып коюп жатат. Кечээ Ош шаарынын прокурору жыйында төраганын милдетин аткаруучунун чечимдери мыйзамдуу деп билдирген.

Алановдун айтуусунда, алар кайрадан президиум чакырып, кийинки сессия мөөнөтүн белгилешет. Бул жолу каралбай калган маселелер эми январь айында чечилиши мүмкүн. Ал жыйында биротоло Ош шаарынын 2016-жылкы бюджети да кабыл алынмакчы.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасын шайлоо да так ушундай эле кутумдар менен коштолгон эле. Анда азчылык коалиция толугу менен сессияга катышпай койгон. Кантсе да депутаттардын бул жолку пикир келишпестиктери Ош шаардык кеңешин шайлоонун алдында болуп олтурат.

Муну серепчи Төлөгөн Келдибаев так ошону утурлаган саясий оюн катары сыпаттоодо:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

- Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтө кырчылдашкан кармаштар менен өтөт. Өткөнкү Жогорку Кеңешти шайлоодон да курч болушу мүмкүн. Анткени парламенттик шайлоодо партиялар ресурстарын бардык өлкө аймагына тараткан. А бул шайлоодо утуп чыгуу үчүн, алдуусу да, алсызы да, парламентке өткөнү да, өтпөгөнү да күчүнүн баарын Ош шаарына жумшайт. Анткени аймактан таасир талашат. Ошондуктан келерки шайлоо ар кандай окуялар менен коштолуп кетүүсү мүмкүн. Азыр төрагалыкты шайлайбыз, шайлабайбыз деп аткан талашы да так ошол саясий оюндардын башталышынан кабар берет. Дагы бир жагдай, төраганы шайлоо алдын ала күн тартибине кириши керек болчу, БШКнын өкүлдөрү добуш берүүгө катышуу керек болчу. Аларды эске албай эле төраганы шайлайбыз деп жатышканы туура эмес.

Азыр Ош шаардык кеңеши 2012-жылы шайланган. Эл өкүлдөрүнүн иш мөөнөтү 2016-жылдын башында бүтөт. Шаардык кеңешти кайрадан шайлоо күнү так аныкталбаганы менен, ал мыйзамдагы шарттар боюнча марттын аягына же апрелдин башына туура келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG