Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Ошто Freedom House уюму убактылуу жабылды


Июнь коогасынын жылдыгына арналган иш-чаралардан. Ош, 9-июнь, 2011.
Июнь коогасынын жылдыгына арналган иш-чаралардан. Ош, 9-июнь, 2011.

Freedom House уюмунун түштүктөгү кеңсеси чуулуу сурамжылоого байланыштуу жабылып, өкүлү коопсуздуктан улам Бишкекке чакыртылып алынды.

Freedom House эл аралык уюмунун Оштогу кеңсеси убактылуу жабылды жана ал жактагы өкүлү Бишкекке чакыртылып алынды. Бул уюмдун Ошто өзбек тектүү тургундар арасында жүргүзүп жаткан сурамжылоосу үзгүлтүккө учурады. Freedom House өткөн айдын этегинде улуттук азчылыктардын абалы, алардын укугуна байланыштуу сурамжылоо жүргүзө баштаган. Бул эң ириде жергиликтүү өзбек коомчулугунун нааразычылыгын жараткан.

Freedom House эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү түзүлгөн бул кырдаал тууралуу расмий комментарий берүүдөн баш тартты. Аталган уюмдагы ишенимдүү булактардын билдиришинче, Оштогу кеңсеси чуулуу сурамжылоого байланыштуу жабылды жана ал жактагы өкүлү коопсуздуктан улам чакыртылып алынды.

Freedom House эки башка сурамжылоо даярдаган экен. Биринчиси - Ошто улуттук азчылыктардын укугуна байланыштуу абалды иликтөөгө багытталган, экинчиси - ушул эле маселе боюнча жергиликтүү эксперттердин пикирин чогултуу болгон.

Уюмдун атын атагысы келбеген өкүлү бул иш-аракеттер чагымчыл маанайда болуп, элди бөлүп-жарууга багытталган деген дооматты четке какты. Ал сурамжылоонун негизинде жагдайды аныктап, кыргыз бийликтерине сунуш даярдоо башкы максат болгонун айтты.

Эл аралык уюмдун сурамжылоосу эң ириде жергиликтүү өзбек тектүү тургундардын нааразылыгын жараткан эле. Оштогу өзбек улуттук маданий борбордун жетекчиси Рашидхан Ходжаев уюмдун өзүн эмес, анын бул аракетин сынга алууда:

- Бул уюмду жаман дегеним жок. Азыркы мезгилде мындай сурамжылоо жүргүзүү эртелик кылат. Анткени азыр көрүп жатасыңар, кыш жакындап калды. Эл кыйналып жатат. Свет жок болот деп атат. Бизде бир канча айдан бери газ жок. Анан эми ушундай жагдайда кимден кандай деп сураса да жаман деп жооп берет да.

Freedom House эл аралык уюмунун соңку аракетин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча агенттик талкуулады. Аталган агенттиктин жетекчиси Накен Касиев аталган эл аралык уюмду улут аралык мамилеге байланыштуу маселеде “өзүмбилемдикке” барды деп айыптады:

- Сурамжылоону биз менен бир ооз макулдашпай туруп баштап жиберген. Биздин агенттиктин алдында эл аралык уюмдар боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн. Азыр биз көп маселелерди алгач талкуулап алып туруп, коомчулукка сунуштап жатабыз. Булар болсо бизге бир ооз айтпай туруп, колундагы акчасын пайдаланып курч маселелерди кайра козгоп чыкканы туура эмес. Ар бир бейөкмөт уюм өз билгенин кылып, кожоюндарына каалаган отчетун бергени болбойт да. Былтыр да, мурдагы жылы да бул маселе боюнча туура эмес отчеттер берилгени аныкталган. Деңиздин ары жагында туруп алып, биз жасаган иштерге баа бергендер болгон.

Freedom House боюнча кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирип, укуктук баа берген жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кандуу капсалаңды баштан кечирген региондо мындай аракеттер опурталдуу болооруна токтолду:

- Өзбек тектүү жарандардан “силердин укугуңар бузулган жокпу” деген сурамжылоо өзбек тектүүлөрдүн эле эмес, Ошто жашагандардын баарынын кыжырдануусун пайда кылды. Элдин көз жашы эми кургап, эми жарааты катып баратканда Freedom House уюмунун бул аракетин катып бараткан жараны кайры сыйруу деп бааласа болот. Улут аралык мамилени чындоого өз салымын кошууну кааласа мындай кылбайт эле. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен макулдашып кеңешпей туруп ушундай сурамжылоо өткөргөнү өкүнүчтүү.

Ошто буга чейин да Freedom House уюмуна байланыштуу чуу чыккан. Ушул жылы жазында аталган уюмдун Оштогу жыйыны үзгүлтүккө учураган эле. Жергиликтүү жаштардан турган топ эл аралык уюм сексуалдык азчылыктарды колдоо тууралуу талкуу өткөргөнү жатат деп айыптап каршылык көрсөткөн. Freedom House болсо дооматты четке каккан.

Freedom House адам укуктары жаатында иш алпарган эл аралык уюм. Ал 2002-жылдан бери Кыргызстанда иш алпарып келет.

XS
SM
MD
LG