Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Ош: милициянын запкы көргөн жубайлары


Иллюстрация
Иллюстрация

Оштогу аял укуктарын коргоо уюму акыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктар көбөйгөнүн билдирип чыгышты.

Үй-бүлө зомбулугуна күч кызматкерлеринин аялдары көп кабылууда. Мындай билдирүүнү Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова таратты. Анын айтымында, акыркы кездери борборго үй-бүлө зомбулугунан жабыркап кайрылган аялдардын 90% укук коргоо кызматкерлеринин жубайлары болуп чыккан.

- Үй-бүлө зомбулугуна кабылып кайрылган аялдардын көпчүлүгүн биз аныктап келгенде укуктук билими бар, тартип коргоо, күч органдарынын кызматкерлеринин аялдары болуп чыгууда. Биздин эсеп боюнча бизге кайрылган он аялдын тогузунун жолдошу тартип коргоо кызматкери экен. Себеби, алар мүлктү аялдарынан соттошпой тартып алууну каалайт. Ошол эле учурда өздөрү жазасыз калуунун жолдорун жакшы өздөштүргөн. Аялы канчалык какшаса да үнү эч кимге жетпей турганын билишет.

Укук коргоочу Дарика Асылбекованын баамында, укуктук жактан сабаттуу эркектердин көпчүлүгү алган билимин аялдары менен мүлк талашкан учурда колдонушат. Ошол эле учурда аялдарына көрсөткөн зомбулугу үчүн жазасыз калышат.

Учурда бала сатып алууга айыпталып жаткан 31 жаштагы Мунаргүл Камчиева да милицияда иштеген күйөөсүнүн сунушу менен бала багып алууга макул болуп, кайра эле анын көрсөтмөсү менен камакка алынганына даттанды:

- Мен каршы болсом да "бала багып алсак тынч жашайбыз" деп көндүргөн. Багып ала турган баланы да өзү тааптыр. Мен үйдө жок кезде менин паспортум менен жаш кызды төрөтүп жүрүптүр. Анан өзү "аялыма чара көргүлө, бала сатып алып жатат" деп милицияга арыз жазыптыр. Биз бирге окуган учурда, алгач баш кошкон кезде да ал андай эмес болчу. Милицияга ишке киргенден кийин эки жыл ичинде бузулуп, өзгөрдү. Көзүн май басты. Көңүлдөш аялдары көбөйдү. Акыркы учурларда мен аны тааныбай калдым.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн акцияда тартылган сүрөт
Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн акцияда тартылган сүрөт

Көзүнүн жашы кургабаган Мунаргүл учурда бала сатып алуу фактысына толук бойдон күйөөсүн күнөөлөп, ага далилдерди чогултуп жүрөт.

Ал гана эмес, жолдошунан токмок жегендеги тактарынын сүрөттөрүн чогултуп алган. Ал канча арыз жазганы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Бул учурда Мунаргүлгө карата кылмыш иши козголуп, камакка алынганын Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады:

- Учурда Мунаргүл Камчыеванын үстүнөн адам сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мурда милиция кызматкери менен жарандык никеде жашап жүрүшкөнү чын. Бирок алар чыр-чатактардын айынан бирге жашабай калышканы аныкталды. Учурда ал кызматкер Ош милициясынан борборго которулуп кеткен. Бүгүнкү күндө ал кызматкердин бала сатуу процессине катышпагандыгы аныкталып жатат. Ал ишке кимдин канчалык катыштыгы бар экенин иликтөө көрсөтөт.

Милиция кызматкерлери арасында аялына кол көтөрүү такай катталып турганын милициянын өздүк коопсуздук башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүнөн да тастыкташты.

Өздүк коопсуздук кызматынын жергиликтүү жетекчиси Тажимамат Курбанов кызыл камчы милициялардын так санын атаган жок. Бирок андай фактылар тастыкталбай каларын айтты:

- Кызматкерлер арасында үй-бүлө зомбулугу боюнча соттолгондор жок. Бирок арасында аялдары "күйөөм урду, СОБРда иштейт, күзөт бөлүмүндө иштейт" деп кайрылгандары бар. Бирок алар адатта тастыкталбай калат. Анткени аял кишилер өз арыздарынан баш тартып кетишет.

"Ак жүрөк" кризистик борборуна жыл башынан бери 380 аял үй-бүлө зомбулугунан улам кайрылышкан. Укук коргоочулар милиция кызматкерлеринин арасында аялын эки-үч баласы менен кошо эч кандай мүлксүз көчөгө айдап чыккан фактылар бар экенин айтышат.

Өзүн милиция күйөөнүн курмандыгымын деп эсептеген Мунаргүлдүн парламент, Башкы прокуратура, ИИМдин өздүк коопсуздук органдарына жазган каттарынан али майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG