Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Бишкекте орусиячыл таасирди жайылтуу аракети күч алды


Орусиячыл активисттердин Украин элчилигинин алдындагы акциясы. Бишкек, 18-июнь, 2014.
Орусиячыл активисттердин Украин элчилигинин алдындагы акциясы. Бишкек, 18-июнь, 2014.

Кыргызстанда Украинадагы окуяларга байланыштуу батыш баалуулуктарына каршы маанайды күчөтүү аракеттери байкалууда.

Бишкекте өткөн ишемби күнү Кремлдин пропагандасын колдогон айрым орусиячыл топтор АКШ элчилигинин алдына саясий акция өткөрүштү. Украинадагы окуяларга Батышты бир жактуу айыптаган мындай митингдер өткөн үч ай аралыгында эсеби боюнча алтынчы ирет уюштурулду. Саясат талдоочулар Украинадагы жикчилдикти колдоону уюштурган мындай көрүнүштүн болочокто өлкө бейпилдиги үчүн кесепети болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Милтедей “иштеген” митингдер

Өткөн ишемби күнү “АКШ Киевди токтот”, “Новороссия, Бишкек сени менен” жана “Обама Украинадан колуңду тарт” деген сыяктуу ураандарды көтөргөн отуз чакты адам Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдына чыккан. Бул саясий акция “Славян маданияты борбору”, “Орус дүйнөсү” бирикмеси жана “Күчтүү Кыргызстан” кыймылы деген уюмдардын демилгеси менен уюштурулду. Анын катышуучулары Украинадагы чатактын чыгышына Батышты айыптап, аны кош стандарттуу саясат жүргүзөт деп кине койгон. Митингде Украинадагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта учактын атып түшүрүлүшү талкууланып, ал Орусияга карата жасалган чагым деп бааланган.

Коомдук активист Кубанычбек Сыдыков саясий акцияда айтылган дооматтарга макул экенин айтты:

- Митингдеги чакырыктар туура деп эсептейм. АКШ Украинада чагымчылдык кылууда. Орусиянын айланасындагы мамлекеттерди бутага алып, аны алсыратуу аракети жүрүп жатат. Мына ушундай жол менен гана АКШ дүйнөлүк үстөмдүктү сактап калгысы келет. Мына ошонун айынан АКШ Орусия менен тирешип жатат. Украинада учактын атып түшүрүлүшү деле АКШ тарабынан даярдалган чагым болушу мүмкүн. Себеби мына ошол аркылуу Орусияга басым көрсөтүү азыр күчөп жатат.

Орус шовинизминин туусу астында

Украинадагы окуяларга байланыштуу Орусиянын саясатын колдоого багытталган аталган саясий акция эсеби боюнча Кыргызстанда соңку үч айда алтынчы ирет болуп өттү. Бул митингде аталган уюмдар Кыргызстандын, Орусиянын азыркы туусу менен катар империялык желекти жана георгий белгисин көтөрүп чыгышты. Акциянын катышуучулары орус улутчулдары шовинизмдин туусу катары колдонуп келген империялык желектин Бишкекте өткөн митинг менен кандай байланышы бар экенин түшүндүрүп бере алышкан жок. Буга чейинки саясий акциялардын мүнөзү дагы Украинадагы жикчил күчтөрдүн талабын колдоого жана расмий Киевди каралоого багытталган болчу.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын лидерлеринин бири Марат Мүсүралиев Украинадагы жикчилдикти колдогон пропаганданын Кыргызстанда да жайылып жатканын коркунучтуу көрүнүш катары баалады:

- Мына ошол митингге чыккан адамдар Орусия тарабынан берилген пропагандага таасирленгендер. Алардын Кыргызстандын жараны болуп туруп, Орусиядагы улутчул-фашисттер көтөргөн желектерди көтөрүп чыкканы эмнени түшүндүрөт. Бул адамдар Украинадагы жикчилдикти колдоп чыгып жатышат. Эгер Кыргызстанда дагы кандайдыр бир жагдай өзгөрсө ушул эле адамдар бизде дагы жикчилдикти көтөрүп чыкпайт деп ким кепил боло алат. Мына ошондуктан булар бизде 5-колонна катары Кремлдин саясатын жайылтуу үчүн колдонула турган курал катары болочокто коркунучтуу.

Таңууланган “чындык”

Украинадагы соңку окуялардан кийин Кремль эл аралык коомчулуктун айыптоосуна дуушар болуп жаткан чакта Кыргызстанда анын саясатын колдоого алган акцияларды уюштуруу аракетин саясий жасалмалуулук катары баалагандар бар.

Серепчи Бекташ Шамшиев соңку мезгилде Кремль Орусиядан сырткары аймактарда өзүнүн саясатын колдогон иш-чараларды уюштурууга муктаж болуп жаткан жагдайды белгиледи:

- Бул эми "кожокөрсүнгө" жасалып жаткан иштер да. Азыр эми Орусия Украинадагы жикчилдикти колдогон мамлекет катары эл аралык изоляцияда калып, дүйнө жүзүнө жек көрүндү болуп жаткан жагдайда ал бир аз болсо дагы колдоо издеп жаткан учуру. Айрыкча жанагы учак атып түшүрүлгөндөн кийин эл аралык коомчулук Орусиядан жүзүн үйрүп жатпайбы. Ошого карата биз сыяктуу өз таасириндеги мамлекеттерде Кремль пропагандасын күчөтүп, өзүнүн “чындыгын” таңуулап жатканы ачык эле байкала баштады. Мунун бардыгы мына ошол системанын жана ага кан куюп турган системанын башындагы жол башчынын ким экендигинин жүзүн ачып койду.

Орусиялык “Россотрудничество” каржылаган Кыргызстандагы коомдук уюмдар соңку мезгилдеги эл аралык абал жана геосаясатка байланыштуу тегерек үстөл жыйындарын уюштурууну адатка айлантууда. Кызыгы, ага орусиячыл маанайдагы эксперттер, журналисттер жана башка кызыкдар чөйрөлөрдүн өкүлдөрү гана чакырылат.

Орусиячылдардын акциясы, Бишкек, 11-июнь, 2014
Бишкекте орусиячылдардын акциясы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

XS
SM
MD
LG