Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

"Ата Мекен" - Рысалиев: компроматтар кармашы


7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон дүкөндөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2010.
7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон дүкөндөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2010.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата “Ата Мекендин” депутаттарын талап-тоноочулукка айыптаган кылмыш иши кайра жандандырылды.

Анын демилгечиси Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев болду. Анын президент Алмазбек Атамбаевге жазган маалымдамасынын негизинде Башкы прокуратура ишти кайра тергөөнү аталган мекеменин өзүнө тапшырды.

“Ата Мекен” муну депутаттык комиссиянын корутундусуна карата контрчабуул катары кабыл алды.

“Козголоң” чыгарган корутунду

“Ата Мекендин” депутаты Болот Шер баштаган комиссиянын беш мүчөсү кол койгон корутундуда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катышы бар деп саналган үлкөн аткаминерлердин тизмеси жарыяланган болчу. Анын артынан эле “Ата Мекенге” карата талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды.

Жазаны аткаруу кызматынын төрагасы Рысалиев президентке жазган маалымдамасында ишти жандантууга негиз катары эки жаңы жагдайды атаган. Анда 2010-жылы 7-апрелде “Ата Мекендин” депутаттары Жылдыз Бакиеваны барымтага алышып, күйөөсү Жаныш Бакиевден акча талап кылышканын жана алар баштаган мародерлордун огунан Актанов деген адам өлгөнү жазылган. Бирок бул фактыларды Зарылбек Рысалиев туура үч жылдан соң, Батукаев чатагы ырбагандан кийин гана ачыкка чыгарып отурат. Адистер эгерде чын эле ошондой фактылар болсо, Рысалиев эмнеге кылмышты жашырып жүргөн деген суроону кабыргасынан койушууда.

Бакиевдин үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Бакиевдин үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев ишти жандантууга негиз болгон маалыматтардын жарыяланышын депутаттык комиссиянын корутундусу менен байланыштырбайт:

- Мага жөндөн-жөн эле асылып жатышпайбы. “Бизди мародерчулук боюнча чукуду” деп эле алардын мени тиги тизмеге киргизгени “эми мунун түбүнө чейин жетели” деген эле ой болсо керек. Мен ал корутундудан коркпойм. Себеби, мен тазамын. Анан эми алардын жанагы кылмыш ишинде мен иликтегенге үлгүрбөй калган жерлери бар болчу. Ошону аягына чейин иликтеп, иштеп көрөйүн деп президентке рапорт жазгам. Президент текшерип көрүңүз деди. Мен азыр текшерип жатам. Бул фактылар менде мурда эле болгон. Эми Рысалиев эмнеге муну мурда чыгарбаган деген сөз болушу мүмкүн. Бирок Рысалиев билгенинин бардыгын эле элге жарыялап жүрө бербейт да. Ар нерсенин өз учуру болот. Мен бирөөнү жөн жерден каралайын деген оюм жок. Ошондуктан бул ишти кылдат иликтеш керек.

“Ата Мекендин” депутаттары: Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Болот Шер жана Өмүрбек Текебаевге байланыштуу кылмыш иши буга чейин эки ирет ачылып, кайра эки ирет жабылган. Аны депутаттык комиссия да бир нече курдай иликтеп, маселе саясатташып кеткендиктен бир жыйынтыкка келе алган эмес. Ички иштер министри кезинде Зарылбек Рысалиев “атамекенчилер” Бабанов өкмөтүнө чабуул баштаганда, “Республика” фракциясынын жыйынында мародерчулуктун жетимиш пайызы ачылып калды деп жарыялаган.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева Рысалиев арасында бар саясий күчтөр коргонуу үчүн кайра мурдагы ишти көтөрүп, чабуулга өткөнүнө токтолду:

- Биздин партиялаш депутат Болот Шер жетектеген комиссиянын корутундусунда ири аткаминерлердин Батукаевдин чыгарылышына тиешеси бар деген чечим кабыл алынмак. Ал иликтөөнүн жүрүшүндө айдан ачык болуп көрүнүп калган. Ошондуктан ушул чабуул башталды. Рысалиевдин артында кандай күчтөр турганы да белгилүү. Алар президентке туура эмес маалымат беришип, аны укуктук жолдон чыгарууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан Рысалиевдин аракеттерине Башкы прокуратура дагы унчуга албай турат. Президент бул ишти кыраакылык менен баалаш керек болчу. Бирок ал анын ордуна Рысалиевдин абактагы Юсуповдун көрсөтмөсү менен даярдаган ишине ишенип, аны тергөө боюнча буйрук берип отурат. Бул жакшы иш эмес. Мен кооптонуп турам.

Саясий технологиянын логикасы

Талдоочулар “атамекенчи” депутаттарга каршы козголгон “мародерчулук” иши менен катар эле Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөө маселеси да саясатташканын байкашкан. Талдоочу Уран Ботобеков мында президент улам бир баш көтөргөн саясий күчтөргө экинчилерин каршы коюп, жыйынтыгында өзүнүн позициясын бекемдеп жатат деп эсептейт:

Бакиевдин Тейиттеги үйү
Бакиевдин Тейиттеги үйү
- Кийинки бир жарым жылдан бери саясий күчтөр ортосундагы каршылашуулардын уюштуруучусу же шыкакчысы катары мамлекет башчысынын кулагы көрүнүп калды. Себеби өлкөдөгү бир саясий топту экинчисине каршы коюп, аны кайра үчүнчүсүнө айдактаган саясий оюндардын формуласы байкалып калды. Мисалы, башында Бабановду партиясы менен “Ата Мекенге” каршы койду. Кайра аны тескерисинче “Республикага” каршы шыкактады. Ошол эле кезде “Ата Мекендин” колу менен “Ата-Журттун” лидерлерин алсыратты. Муну менен президент өзүнүн таасирин улам күчөтүп, картаны колуна топтоп, позициясын улам бекемдеп жатканы ачык болуп калды.

Талдоочулар президентке караштуу саясий технологдордун эсеби боюнча саясий күчтөрдүн карама-каршылыгы күчөгөн сайын мамлекет башчысынын таасири күчөп, жоопкерчилиги азайып турат дешет. Ошол эле кезде укук таануучулар мародерчулук боюнча кылмыш ишин жандантып, тергөөнү жазаны аткаруу кызматына тапшырууда аталган саясий технологиянын негизги логикасы көрүнүп калганын байкашкан.

XS
SM
MD
LG