Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

“Кыргыз почтасынан” кымырылган акча


ИИМдин билдиришинче, “Кыргыз почтасында” кары-картаңдар менен жаш аялметтердин акчасына кол салуу фактылары аныкталган.
ИИМдин билдиришинче, “Кыргыз почтасында” кары-картаңдар менен жаш аялметтердин акчасына кол салуу фактылары аныкталган.

Кыргызстанда жалган документ аркылуу пенсионерлердин жана жөлөк пул алуучулардын акчасын кымырып алган фактылар көбөйдү.

Ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгы бир эле учурда “Кыргыз почтасынын” беш филиалынан коррупциялык мүнөздөгү сегиз фактыны таап чыкканын жарыялады. Бирок “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев ички иштер органдары почта кызматы боюнча мурдагы эски маалыматтарды топтоп, жарыялап жатканын айтып, мекемеде андай терс көрүнүштөр эбак эле ооздукталганын айтууда.

Аялуу катмардын көз кызарткан акчасы

Ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасындагы сегиз кызматтык кылмыштын бетин ачты. Мында негизинен кызматтык жасалмалуулук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ишенип тапшырылган каражатты өзүнө ыйгарып алуу аркылуу кары-картаңдар менен жаш аялметтердин чөнтөгүнө кол салуу фактылары аныкталган. Мындай фактылар “Кыргыз почтасынын” Көк-Ой, Кара-Суу, Чалдыбар, Токтогул жана Баткен филиалдарында катталган.

Кезекте турган пенсионер
Кезекте турган пенсионер

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев бул фактылардын бардыгы боюнча кылмыш иштери козголгонун белгиледи:

- Бул жерде фактылар “Кыргыз почтасынан” эң көп табылган. Аныкталган мына ошол сегиз кылмыш иши тергөөдө. Мына ошол кылмыш шитеринде шектелген жооптуу кызмат адамдарынын айынан аймактарда пенсия-пособия кармалып, берилбей калган же жарандар алданган учрулар болгон. Мында жалган документтерди даярдап киргизүү менен жасалма колдорду койгон фактылардын негизинде өтө чоң өлчөмдөгү акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышканы такталып чыкты.

Бул тармакта каза болгон адамдардын пенсиясын өзүнө чегерип алуу, жасалма документтин негизинде пенсия же пособия дайындоо, жумушсуздар же аз камсыз болгон аялуу катмар үчүн белгиленген жөлөк пулдан өөнөп калуу сыяктуу кызматтык кылмыштар кеңири тараган.

"Эски маалыматтар эскерилген"

Бирок “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев жогоруда былтыркы менен быйылкысы кошулган эски маалыматтардын топтому жарыяланганына токтолду:

- Бул эми мурда чыккан эски маалыматтарды эле ИИМ кайра тактоо түрүндө дагы жарыялап жатат. Биздеги ал маалыматтар мурда эле органдарга берилген болчу. Мына ошолорду эле кайра кайталап берип жатышат. Үч айдын жыйынтыгы деп берген менен бул маалыматтарды ИИМ “биз ушундай иштерди жасадык” деген мааниде жыйынтык катары маалымат каражаттарына кайрадан беришүүдө. Ал жерде эми маалымат жалпыланып айтылып жатат. Ошондуктан кимиси күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт.

Ошол эле кезде Таалайбек Эшалиев ал жетектеген мекемедеги коррупциялык мүнөздөгү көрүнүштөргө каршы чаралар иштелип жатканын айтты. Алардын бири катары ал мекемеде электрондук документ жүгүртүү жана автоматташтырылган тутумду түзүү долбоорун мисал келтирди. Ошондой эле Эшалиев мекемедеги колу таза эмес кызматкерлерден арылуу аракеттерин айтты.

Ташболот Балтабаев
Ташболот Балтабаев

​Бирок Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев мамлекеттик мекеме-уюмдардагы калыптанган коррупциялык система кыйрамайынча, абал өзгөрбөйт дейт:

- Адамды алмаштыргандан, аны паракор же жемкор деп жумуштан алгандан эч нерсе өзгөрбөгөнүнө күбө болдук. Акматтын ордуна Ташмат келсе деле абал ошол эле бойдон калууда. Анткени Ташмат Акмат баскан жол менен гана барат. Ал система мына ошондой коррупциялык негизде калыптанып калган. Ошондуктан биз мына ошондой системанын тамырын кыркып, ачык-айкын иш алып бара турган механизмдерди ишке киргизсек туура болот эле.

“Коррупцияга каршы ишкер кеңеш” уюмунун 2013-жылдагы изилдөөсү боюнча почта кызматы энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык фонд, сот жана укук коргоо органдарынан кийинки коррупциялашкан тармак катары мүнөздөлгөн.

XS
SM
MD
LG