Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Ооганстан менен Кувейтте элчилик ачылат


Тышкы иштер министрлиги Ооганстанга менен Кувейтке элчилик ачуу үчүн 2013-жылга кошумча 30 млн. сом сурады.

Ооганстан менен Кувейтке элчилик ачуу мерчемделип жатканын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өткөн жума күнү Жогорку Кеңештеги бюджет жана каржы комитетинде билдирди. Анын айтымында, бул үчүн 2013-жылдын бюджетине кошумча 30 млн. сом бөлүү зарыл. Абдылдаев аталган мамлекеттерге элчилик ачууну артыкчылыктуу багыттар деп атады.

Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Ооганстанга дипломатиялык өкүлчүлүк ачылса, Кыргызстан саясий гана эмес, экономикалык да утушка ээ болот. Ал учурдагы Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча ири программаларга катышууга шарттар түзүлүп, Кыргызстан курулуш материалдарын, электр энергиясын экспорттогонго мүмкүнчүлүк алат деген ойдо.

Талдоочулардын божомолу да көңүл жубатарлык эместигин айткан Марс Сариев Сирия жана башка Жакынкы Чыгыштагы ашынган динчилдердин Фергана өрөөнүнө кирип келүү коркунучу жогору экенине токтолду:

- Түркистан ислам кыймылы бар. Анда уйгурлар, өзбектер, чечендер, татар-башкырлар, азерлер, кыргыздар, казактар жана тажиктер да көп деп айтылып жатат. Ошолордун баары азыр Сириянын Алеппо, Дамаск жана башка шаарларда согушуп жатышат. Негизи теория боюнча, ал жакта уруш бүткөндөн алардын баары Ооганстан тарапка жылат. Андан бери Өзбекстан, Тажикстанга, жалпы Фергана өрөөнүнө жылып отуруп, абалды туруксуздаштырат.

Сариевдин пикиринде, 2014-жылы америкалык аскерлер чыгарылган маалда Ооганстандагы кырдаалды жана өзгөрүштөрдү жакындан билип туруу үчүн да элчиликтин болушу өтө зарыл.

Кувейт менен кызматташтык эмне берет?

Ал эми Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда бирин-экин билим тармагындагы кызматташтыкты, ишкерлердин өз ара алакасын эске албаганда, мамлекеттик деңгээлдеги биргелешкен ири долбоорлор жокко эсе. Айталы, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду Кыргыстанда айрым долбоорлорду каржылап келатканы бар.

"Талибан" террорчул кыймылдын согушкерлери
"Талибан" террорчул кыймылдын согушкерлери
Кувейттин колдоосундагы Махмуд Кашкар-Барсканы Чыгыш университетинин профессору, окумуштуу Асан Ормушев бул өлкөгө элчилик ачылышын кубаттайт.

- Араб мамлекеттеринин ичинен эң таза жана ишенимдүүсү Кувейт. Аларда инвесторлор көп. Мисалы, азыр Кыргызстан Бириккен Араб Эмираты менен жакшы иштеп жатат. Мына ушундай деңгээлге жеткире алсак жакшы болмок. Кувейт, Катар, Бахрейн деген мыкты өлкөлөр бар, ошолорду пайдаланышыбыз керек. Эң биринчи, экономикалык жактан иштешсек болот. Экинчи илим жана билим жагынан.

Анткен менен Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү, депутат Өмүрбек Абдрахманов аталган өлкөлөргө элчилик кармоо мамлекетке чыгым гана алып келет деп, каршы чыгууда.

- 2014-жылдан кийин “сакалчандар” келсе эмне кылабыз дейт. Эмне элчи сакалчандарды тосуп калмак беле? Бул мамлекеттерге элчилик ачуу эч кандай максатсыз. Ал мамлекеттерге элчилик ачпай, тескерисинче башка мамлекеттерге ачылган элчиликтерди да жабыш керек. Мисалы, Түрмөнстанга, Малайзияга, Беларусияга элчиликтин эмне кереги бар?

Бирок бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков комитет жыйынында Ооганстан менен Кувейтке элчилик ачууну оң баалады.

XS
SM
MD
LG