Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Парламент жериген депутат айымдар


Кол алышып аткан Бакыт Эсенбаева да мандатын тапшырып кеткен депутат айымдардын катарында. Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл
Кол алышып аткан Бакыт Эсенбаева да мандатын тапшырып кеткен депутат айымдардын катарында. Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынан депутат Лунара Мамытованын мандатын тапшыруу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-майда караганы жатат.

Болжолдуу маалыматтарда КСДП фракциясынан да бир нече аял депутат кетери айтылууда. Жыл башында “Кыргызстан”, “Бир Бол” фракцияларынан кетирилген үч депутаттын экөө аялзаты эле.

Мына ушул көрүнүшкө байкоо жүргүзгөн адистер парламентте гендердик баланска “кожокөрсүн” мамиле жасалып жатканын сынга алышууда.

Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Лунара Мамытова Борбордук шайлоо комиссиясына арызды 29-апрелде бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Билдирүүсүндө Мамытова эмне себептен мандатын тапшырып жатканын ачык айтпай, бирок мажбурлоо жолу менен эмес, өз эрки менен кетип жатканын билдирген:

- Өз каалоом менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арыз жаздым. Мен үчүн адам бойдон калуу башкы максат. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да саясаттын анык жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш. Албетте, саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар да бар.

Эл өкүлү муну менен катар өз ордуна талапкер Улукбек Ормонов депутат болуп келерин маалымдады.

Лунара Мамытова
Лунара Мамытова

Мамытова былтыр күздө өткөн парламенттик шайлоодо “Бир Бол” партиясынан депутат болуп келген. Бирок башынан эле ал тууралуу Жогорку Кеңеште жарым жылдай иштеп, ордун башкаларга бошотот деген сөздөр айтылган эле. Ушул эле фракциядан жыл башында Бакыт Эсенбаева мандатын тапшырып берген.

Бул ортодо башка аял депутаттар да мандатынан кол жууй турганы кабарланууда. Ишенимдүү булактардын айтканына караганда, КСДП фракциясынын депутаты Ашэра Халикова жакын арада мандатын тапшырат. Ушул эле фракциянын өкүлү Галина Скрипкина да аз күндө депутаттыгын өткөрүп берип, башка кызматка которулары кеп болууда. Мындан сырткары аталган фракциянын аял депутаттары Гүлкан Молдобекова, Айнуру Алтыбаева да мандатын тапшырып берери кеп болууда. Бул маалыматтарды депутаттардын өзүнөн тактоо мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да муну толук ырастаган жок:

- Ар кайсы депутаттар жөнүндө ошондой сөздөр бар. Бирок мен алардын чын-төгүнүн билбейм. Анан эми эртең эмне болорун бир Кудай билет да. Азырынча менин дарегиме “мандатын тапшыруу тууралуу” эч бир депутаттан арыз түшкөн жок. Эгер кайсы бир депутат арыз жазса, Борбордук шайлоо комиссиясына берилиши керек. Бирок эгер КСДП фракциясынан бир депутат ишин тапшырып жатса, биз ал боюнча ачык-айкын маалымат беребиз. Скрипкинабы, Сидоровабы, Ивановабы, кимиси кете турган болсо, ал тууралуу сөзсүз сиздер менен бөлүшөбүз. Азырынча баары ордунда иштеп жатат.

Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова депутат болгонуна үч ай толгондо мандаттан кол жууган
Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова депутат болгонуна үч ай толгондо мандаттан кол жууган

​Айрым маалыматтарга караганда, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова да мандатын тапшырып бериши мүмкүн.

Жыл башында “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева да фракция чечими менен мандаттан кол жууган. Мунун себебин алар кезинде ачык эле кысым катары баалашкан. Үч айдай депутат болгон Жумалиева ушу тапта депутаттардын мандатынан айрылып жатканын минтип түшүндүрдү:

- Эркек депутаттардын мандатын алайын десе, алар теңтайлашып, ызы-чуу кылып, күрөшө алат экен. Анан алардын алы жеткени аял экен да. Биринчиден, аял депутаттын акчасы жок, экинчиден, коркутуп кое турган бандит балдары жок, колунан эч нерсе келбей отуруп калат экен. Ошону үчүн эле партиялар биринчи кезекте аялдардын мандатын алышат экен да. Бизге башында бир участокту беришкен эмес, жалпы аймактан добуш алганбыз. Мен, маселен, жалпы Талас облусунан добуш алгам, анан эле сен добуш алган жоксуң, деген шылтоо менен мени сүрүп чыгарып коюшту. Мунусу эми шылтоо эле да. Алар бизди кетирип арткы тизмедеги өз жакындарына, акчасы бар, байларга депутаттык мандатты алып бериши керек болгон. Ошол тилегине жетип тынышты.

Жогорку Кеңеш жаңы шайланганда 30дай аял депутат болсо, бул күнү алардын саны 20дан араң ашат. Жогоруда айтылган депутаттар да мандатынан айрылса, ак жоолукчандар катары эл өкүлдөрүнүн арасында 15ке түшүп калышы мүмкүн. Бул гендердик баланстын кескин бузулушу экенин укук коргоочу Динара Ошурахунова айтты:

- Бул жерде баланс эмес, гендердик квотаны да сактабай жатышат. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарда, Кыргызстандын Баш мыйзамында ачык эле жазылган парламенттин депутаттарынын 30% аялдар түзүшү керек деп. Бул партиялар шайлоого чейин аялдарды тизмеге киргизип коёт да, шайлоодон кийин акырындан, аларды чыгарып, кайра эле эркектерди киргизип алып жатат. Бул деген Конституцияны шылдыңдоо. Мыйзам чыгарган парламент өзү мыйзамды сактабай жатат. Мандат керек болгондо булар дароо аялдардын ордун алышат. Анткени аял биринчиден, алсыз, экинчиден, аялдар укугун талашып чыкса аларды башка укук коргоо органдары, соттор да анча коргобойт. Аны көрүп билип, жатабыз. Коомчулук деле ошол аялдын саясаттын ичинде турганын колдобойт. Ошондуктан аялдар саясатта ар дайым ушундай соккуларга туш болот.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Маалым болгондой, өткөн чакырылышта да Жогорку Кеңеште бир топ аял депутаттар куугунтукка кабылып, мандатынан айрылышкан:

- Мандат берүү бул партиялардын жана фракциялардын лидерлерине бизнес болуп калды. Булар мандатты жаңы акчанын булагы катары көрүшөт. Эптеп депутаттыктан бирөөнү кетириш керек дагы, кийинки тизмедеги кишинин акчасын алып, аны депутат кылуу керек. Ким көбүрөөк акча берсе, ошол депутат болот. Демек, канчалык көп кишиге депутаттык мандат берсе, фракция лидерлери ошончолук көп акча табат. Квота сакталып жатабы, сакталбай жатабы, аларга баары бир, - дейт Ошурахунова.

Парламент ишке киргенден бери эркек депутаттардан Жоомарт Сапарбаев ("Ата Мекен") жана Акылбек Султанов (КСДП) мандатын тапшырып башка кызматка өтсө, депутат Урмат Ишенбаевдин мандатын “Кыргызстан” фракциясы тартып алып, башка талапкерге берип койгон.

Мындан тышкары жакын арада КСДПдан Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков,“Өнүгүү-Прогресстен” Исхак Масалиев, “Кыргызстан” фракциясынан Тынчтыкбек Конушбаев да жакын арада мандатынан кол жууйт деп кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG