Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

Жогорку Сот "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январда чыгарган чечимин Жогорку Сот мыйзамдуу деп таап, күчүндө калтырды.

15-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту, тескерисинче, БШКнын чечимин мыйзамсыз деп, жокко чыгарган. Буга макул болбогон БШК Жогорку сотко кайрылган.

Эки соттун эки башка чечими

15-январда "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын тарапкерлери Биринчи Май райондук сотуна сотко кол чаап ыраазы болушкан эле. Жогорку сот болсо БШКнын депутаттарды мандатынан ажыраткан чечимин колдоп, алардын маанайын суутуп койду.

- Жумалиева жана Эсенамановага карата 11-январдагы БШКнын чечими мыйзамсыз кабыл алынган деген Биринчи Май районунун чечими жокко чыгарылсын. БШКнын өкүлү Бекбасаровдун арызы канааттандырылсын, - деген чечимди Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 21-январь күнү кечке убак чыгарды.

Жогорку соттун чечими акыркы жана талашууга жатпаганына байланыштуу мандатынан ажыраган депутаттар эми Башкы прокуратурага жана Конституциялык палатага үмүт артууда. Анткени Жумалиева “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевди “жасалма документ жасаган” деген жүйө менен айыптап, Башкы прокуратурага кайрылган. Жумалиеванын адвокаты Сырга Исабаеванын билдиришинче, документтер азыр атайын экспертизадан өтүп жатат.

- Эгерде Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазган болсо, азыр бул маселе сотто каралбайт эле. Бул арыз шайлоого чейин эле жазылып алынып, анда датасы жок болчу. Фракция лидери 2015-жылдын 21-декабрындагы датаны коюп койгондутан, азыр прокуратура өзүнүн экспертизасын өткөрүп жатат, биз болсо анын жыйынтыгын күтүүдөбүз.

Элмира Жумалиева өзү болсо, "Азаттыкка" маек берип, Конституциялык палатага да кайрыларын айтты.

Мандат чырын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкуулаган депутаттар да ыйгарым укуктарынан ажыраган эл өкүлдөрүнө Конституциялык сотко кайрылууну сунушташты. Депутат Чолпон Жакупова ал үчүн эки негиз бар экенин белгиледи:

- Депутаттын арызы 21-декабрда жазылыптыр. Мыйзам боюнча арыз жазылгандан баштап беш күн ичинде БШК карашы керек. Бирок БШКга арыз 6-январда келген экен. Демек мөөнөт өтүп кеткен. Экинчиден, депутаттын арызы БШКга сот жана Жогорку Кеңеш тарабынан берилет деп турат. Бул жерде фракциянын атынан анын арызы барган экен. Ошондуктан БШК таптакыр маселени караганга акысы жок болчу. Мен мандатын алдырган кесиптештерге айтат элем: ушул эки негиз менен Конституциялык сотко кайрылсаңар болот.

Депутаттар өздөрүн ойлой баштадыбы?

Парламентте тутанган мандат чыры депутаттарды мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө мажбурлоодо. Анткени ыйгарым укугунан баш тартып жаткан эл өкүлү арызды кимдин атына жазаары мыйзамдарда так жазылган эмес. Депутат Исхак Масалиев ушуга тактоо киргизүү зарыл экенин айтууда:

- Биз комитетке тапшырма берип бир айдын ичинде, тез арада мыйзамга толуктоо киргизишибиз керек. Депутат арыз жаза турган болсо, өз ыктыяры менен БШКга барып жазгандай кылалы. Соттун чечими чыкты. Бирок кийинки БШКнын мүчөлөрүн шайлоого келгенде татыктуу жигит-кыздарды тандашыбыз керек. Башка бизде жол жок.

Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенамановага байланышкан мандат чыры 11-январдан бери уланып келатат. Жогорку Кеңеш депутаттарынын аталган маселени комитет жана пленардык жыйында бир нече жолу кароо аракети ар кандай "оюндар" менен коштолуп, созулуп келди.

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеш кескин өзгөртүүлөргө барбаса, фракция лидерлеринин диктатурасы күчөй берет деген ойдо:

- Адам укугун көз көрүнө тебелешүүдө. Бул нерсе мындан ары парламентте көнүмүш адатка айланбайт деп ким кепилдик бере алат? Каалаган депутатты соодалап кетире беришет. Депутаттарды эл шайлап жатса, БШК чекесинен кетирип жатат. Бул өлкөгө аброй алып келбейт.

Бабанов менен Саматовдун айтышы

Мандат талаш маселеси “Кыргызстан” фракциясынан тышкары “Республика –Ата Журт” фракциясында да бар. Жыргалбек Саматов буга чейин БШК менен соттун ортосунда ары-бери жүрүп, бир нече жолу мандат алып, кайра ажыратылган. Акыры бул көрүнүшкө Жогорку Сот чекит коюп, 11-январда Саматов депутаттык мандатын алды. Көп өтпөй фракция лидери Өмүрбек Бабанов анын фракциядан чыгарылганын кабарлаган.

Бабанов менен Саматовдун ортосундагы талаш 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында да уланды. Алгач, Жыргалбек Саматов «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жарандыгы боюнча маселени жана анын таржымалын текшерүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага тиешелүү протоколдук тапшырма берүүнү төрагадан өтүндү.

- Бабанов менин жарандыгым боюнча маселени козгоодо. Бирок өзү Казакстандын жараны экенин эл билбейт окшойт, - деди Саматов.

Буга жооп кылган фракция лидери Өмүрбек Бабанов анын жарандыгы боюнча маселени элчиликке кайрылып тактоону сунуш кылды.

- Экөөбүз Казакстандын да, Орусиянын да элчиликтерине баралы. Жеке өзүбүз кайрылсак алар дароо жооп берет. Эгер ошол өлкөлөрдүн жараны болсок мандатыбызды тапшыралы. Бирок, урматтуу Саматов, бирөөнүн байлыгын эсептеп сындаганча өзүңөрдүкүн да карап койгула, - деди Бабанов.

Жыргалбек Саматов парламентке "Республика - Ата-Журт" партиясы аркылуу шайланып келген.

Ал эки жыл мурда баласынын сүннөт тоюна 70 миңдей киши чакырып, улак тарттырып, баалуу белектерди таратканы жана чоң той өткөргөнү коомчулукта кызуу талкууланган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG