Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

ICG уюмунун экспертин атайын кызматтар текшерүүдө


УКМК Эл аралык кризистик топтун эксперти Прасад Конор Ошто улуттар аралык кастыкты козуткан деген негизде текшерүүдө.

Ирландиянын жараны Прасад Конордун дипломатиялык кол тийбестиги болгондуктан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны кармаган жок.

Ага этникалык кагылышууга түрткү боло турган чагымчыл маалыматтарды тараткан жана улуттук араздашууну козуткан деген негизде айып коюлууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова атайын кызмат июнь коогасынын кесепеттерин изилдеген экспертти кылмышка шектүү деп жарыялап, өлкөнүн демократиялык беделине шек келтирди деп эсептейт.

Эксперт тыңчылык менен алектенгенби?

Атайын кызмат тараткан маалымдамага караганда, эл аралык кризистик топтун эксперти Прасад Конордун Ошто чагымчыл аракеттеринин бети ачылган. Ал өзбек тектүү жарандардын укугу бузулган деген сыяктуу маалыматтарды чогултуп, анын бул ишмердиги этникалык кырдаалды курчутууга багытталган чакырыктар менен коштолгон.

Экспертти ташып жүргөн такси соттун уруксаты менен текшерилген. Унаадан табылган материалдарды изилдөөдө анын мазмунунан улуттук кастыкты козутуучу жана башаламандыкка түртчү чакырыктар камтылганы аныкталган. Аталган чет элдик жаран өзүнүн өзгөчө ишмердиги менен көптөн бери жергиликтүү атайын кызматтын көзүнө илинген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов муну тынчтыкты бузууга кызыкдар күчтөрдүн аракети катары баалады:

- Айрым эл аралык уюмдардын атын жамынып алып, бирок чет элдик атайын кызматтардын буйрутмасы менен иштеген тыңчылар болот. Ар кимисинин өзүнүн аткара турган милдети жана так планы бар. Мүмкүн мына ошол шектелип жаткан эксперт ошолордун бири болушу да мүмкүн. Аны эми тергөө аныктайт болуш керек. Анткени июнь коогасында максатына жетпей калган күчтөрдүн дагы деле ошондой эле башаламандык уюштуруу ниети жок деп ким кепилдик бере алат? Мына ошондой тыңчылар аркылуу биздин жарандарды бири-бирине тукуруп, өзүнүн максатына жетүүнү каалаган күчтөр аз эмес.

Эл аралык кризистик топ дүйнөнүн ар кайсы чыр-чатактуу аймактарында иштеп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарын берген аналитикалык уюм катары белгилүү. Аталган уюмдун вице-президенти Ален Делетроз буга чейин “Коммерсант” гезитине Ошто кайрадан этностук кагылыш болушу мүмкүн деп маек берген. Анда ал изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мына ошондой бүтүмгө келгенин айткан. Бирок анын маеги чындыкка коошпогон маалымат катары Кыргызстанда нааразылык жараткан.

ICG Башкы прокуратурага кайрылды

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова эл аралык кризистик топтун экспертин "тыңчы" же "чагымчы" деп жарыялоо атайын кызматка абийир алып келбейт деп эсептейт:

- Июнь окуясынын кесепеттерин иликтөө боюнча изилдөө иштерине тоскоолдук кылган сайын, ал жакта Кыргызстандын жашырган маселеси бар экен деген пикир күчөшү мүмкүн да. Анан эми мына ошол изилдөөчүнү чагымчыл иш кылган дегенге кандай негиздери бар экенин билбейм. Бирок изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн эксперттин материалдарын тартып алып, аны экстремист катары көргөзүүнү туура эмес деп эсептейм. Душманды башка жактан издешсе болмок. Бул эми биздин атайын кызматтын жигиттеринин канчалык сабатсыз иштегендигинин деңгээлин көргөзүп турат. Ага эми кандайча айып коюп, мына ошол фактыларды тастыктап бере алышабы же жокпу көрөбүз.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Прасада Конорго карата улуттук жана эл аралык укуктук ченемдердин алкагында чара көрүү маселесин көтөрүүдө. Анткени эл аралык кризистик топтун эксперти Конордун дипломатиялык мандаты болгондуктан, ага карата чара көрүүгө мыйзам жол бербейт. Топтолгон далилдин негизинде ага кылмыш иши козголуп же "персона-нон грата" катары өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Жакында ооган өкмөтү да Эл аралык кризистик топтун ишмердигин бир жактуу жана бузуп-жаруучулук мүнөздө деп сынга алган болчу.

Баш кеңсеси Брүссел шаарында жайгашкан Эл аралык кризис тобунун (International Crisis Group) расмий өкүлү Эндрю Сторлайн (Andrew Stroehlein) өз кызматкеринин дарегине каршы дооматтарды четке кагып, аталган уюм 12 жылдан бери Кыргызстанда үзүрлүү иштеп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Биз Кыргызстандын Башкы прокуратурасына расмий даттануу жолдодук. Анткени биздин экспертибиз Конор Прасадды кармап, тинтүү учурунда УКМКнын Оштогу бөлүмү тарабынан кыргыз мыйзамдары бузулган. Биз кыргыз президентине да кайрылып, УКМКнын аракетин териштирүүнү өтүндүк. Албетте, эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да тынчсыздануубузду билдирдик.

Эл аралык кризистик топ – көз карандысыз, бейөкмөт уюм. Көздөгөн максаты – кандуу жаңжалдардын алдын алуу жана чечүү жолдорун сунуштоо. 1995-жылы түзүлгөн уюмдун дүйнөнүн 34 өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG