Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Сотторго таңкыстык күчөдү


Кыргызстанда азыр 99 судьянын орду бош турганы айтылууда.
Кыргызстанда азыр 99 судьянын орду бош турганы айтылууда.

Кыргызстанда соттордун курамы толук болбой, сот иштерин өз убагында кароого үлгүрбөй жатышат.

Бул көйгөйдү батыраак чечүүнү көтөргөн Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева парламентке жолдогон кайрылуусунда депутаттар эс алууга кеткенге чейин сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитип берүүнү сурады. Кайрылууда мунун айынан бузулган укугун коргоо боюнча сотторго кайрылган жарандар жабыркап жатканы көрсөтүлгөн.

Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги мындан бир жыл мурун токтотулуп, жергиликтүү соттордун курамы толугу менен жаңыланбай калган. Ошондой эле мөөнөтү бүткөнүнө карабастан кийинки соттук инстанцияларда да көптөгөн судьялык орундар бош турат.

Бош калган судьялык орундар

Учурда Кыргызстандын сот тутуму боюнча каралган 436 штаттык курамдын ичинен 99 соттун орду бош турат. Мындан улам мамлекеттин бүтүндөй сот тутуму судьялардын курч таңкыстыгын баштан кечирүүдө. Мына ушундай мазмунда башталган Жогорку Соттун төрайымынын кайрылуусунда карала турган иштин көптүгүнөн судьяларга тапшырылган жүк өтө эле оор болуп жатканы көрсөтүлгөн. Мунун кесепетинен сот иштери өз убагында каралбай, топтолуп кеткен учурлар арбын экени айтылат.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева бул жагдай соттордун ишинин сапатына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи:

- Судьялар бир айда жетимиштен ашык иш караган учурлар болуп жатат. Бул сөзсүз түрдө каралган иштин сапатына таасирин тийгизбей койбойт. Мунун негизинде бизге бузулган укугун жана кызыкчылыгын коргоп берүүнү сурап кайрылган жарандар жабыркап жатышат. Мисалы он күндүн ичинде карала турган иштерди кароо мөөнөтү жыйырма күнгө, кээде андан да узак убакытка созулуп кетүүдө. Ошондуктан парламент сотторду тандоо кеңешин батыраак бекитип берсе, алар ишин баштай бергени жакшы эле.

Жабыркаган жарандар

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева парламентке кайрылуусунда сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитип берүүнү ушуну менен экинчи ирет суранып жатканын белгилеген. Бул маселе өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын айткан төрайым сот тутумунун натыйжалуу иштеши жарандардын бийликке болгон ишенимине таасир этээрин эскерткен. Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги былтыр июль айында токтотулган. Бул боюнча президенттин жарлыгында парламент сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизиши зарылдыгы айтылган.

Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов мыйзамга жаңы өзгөртүү киргизүү демилгесинен улам сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү кечеңдеп келгенине токтолду:

- Мыйзам кабыл алынып калса, күчүнө кирери менен 1-июлга чейин сотторду тандоо кеңешинин курамын кароого үлгүрөбүз. Биз мына ошол кеңеш тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча көп талаш-тартыштардан улам кечеңдеп калдык. Бул өзгөртүүдө сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди иргеп алуунун татаалдашкан жол-жоболору киргизилген. Болбосо мурдагыдай эле болсо анда сотторду тандоодо коррупциялык элементтер аралашып кетип жаткан. Азыркы өзгөртүүдө мына ошондой нерселерге жол бербей тургандай кылып бардыгын оңдодук.

Парламент “Сотторду тандоо кеңеши” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү 25-июнда карайт. Эгерде аны парламент бекитсе, президент кол койгонго чейин бир жумадан ашуун убакыт өтөт. Бул аралыкта сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын кароого парламент үлгүрбөйт дешет айрым эксперттер. Анткени Жогорку Кеңеш 1-июлдан тарта жайкы эс алууга чыгып кетип, бул маселе күзгө калат деген божомолдор да бар.

Бирок сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин эле парламенттеги бир катар фракцияларда жаңы курамга талапкерлерди кароону аяктаган. Жогорку Сот сот коомчулугу көрсөткөн талапкерлерди сотторду тандоо кеңешине 26-майда эле жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG