Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

"Кыргызгаздын" миллиондоруна Кулмурзаев жооптуубу?


"Кыргызгаз" ишканасынын (азыркы "Кыргызгазпром") жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.
"Кыргызгаз" ишканасынын (азыркы "Кыргызгазпром") жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.

"Кыргызгаздын” айрым майда акционерлери аны жетектеген Тургунбек Кулмурзаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.

Анткени Кулмурзаев “Кыргызгазды” жетектеп турган соңку эки жыл аралыгында 120 миллиондон ашуун сомдук газды мыйзамсыз чыгыштаган фактыны эсептөө палатасы таап чыккан.

Ошондой эле Баткендеги 25 чакырымдан ашуун эски газ түтүктөрүн Казакстанга сатып жиберген ишти текшерүүнү парламент прокуратурага тапшырган болчу. Бирок Башкы прокуратура кылмыш иши козголо электигин айтып, иликтөөнүн жыйынтыгы өкмөткө берилгенин жарыялоо менен чектелди. Оппозиция өкүлдөрү Кулмурзаевдин жоопко тартылбай жатышын анын президент Атамбаев менен жакын мамиледе экени менен байланыштырууда.

Шурудай тизилген фактылар

Эсептөө палатасы “Кыргызгаздын” 2012-2013-жылдагы ишмердигин текшерүү учурунда 15 миллиондон ашуун кубметр жаратылыш газы мыйзамсыз чыгышталган фактыны тапкан. Ошондой эле “Кыргызгаздын” жетекчилиги Баткендеги эски газ түтүктөрүн газдын карызына төлөнөт деген шылтоо менен казакстандык фирмага тогуз миллион долларга сатканы аныкталган. Парламент ал ишти териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Бирок ушул кезге чейин жыйынтык чыга элек.

“Кыргызгаздын” майда акционерлеринин бири Токтайым Үмөталиева Тургунбек Кулмурзаев эмнеге жоопко тартылбай жатканына кызыкты:

- “Кыргызгаздын” акционерлерге тараткан отчетунда нөлдүк баланс көрсөтүлүптүр. Бул деген жер жайнаган мүлк каякка кетти деген суроону пайда кылат. Анан ошого Кулмурзаев жооп бериши керек да. Анан мына ошол пайда болгон суроолорго ал жооп бербей, биз менен жолугушуудан качып кетти. Анан биз анын отчетун кабыл албай, өткөзгөн жокпуз. Анткени анда аябай көп суроолор бар. Эсептөө палатасы тастыктаган 120 миллион сомдун чатагы эле эмне деген иш. Бул деген кылмыш да. Буга башкы көзөмөл органы көңүл бурууга тийиш эле. Эмнеге кылмыш ишин козгобойт. “Газпромго” мүлк өтө элек. Анан Кулмурзаев өткөрүп, кабыл алуу учурунда көз боёмочулук менен жеп-ичкенин жашырып калгысы бар. Ал эч кимге жооп бербей, өзү билип, өтүгүн төргө илип турган чагы.

Өкмөттүн Кулмурзаевге алы жетпейби?

Кулмурзаев жетекчи катары “Кыргызгаздын” майда акционерлери менен ишкананын карамагындагы мүлктү сатуу боюнча макулдашкан эмес. Ошондуктан майда акционерлер тобу мамлекеттик мүлк фондуна кайрылган. Учурда алар эсептөө палатасы таап чыккан ири өлчөмдөгү газдын чыгышталышы жана эски газ түтүктөрүн сатуу фактылары боюнча суроолорго Кулмурзаев жооп бербей жатканын белгилешүүдө. Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу бул иштер иликтенип бүтүп, анын жыйынтыгы өкмөткө жөнөтүлгөнүн айтуу менен гана чектелди:

- Кылмыш иши козголгон эмес. Биз териштирип, анан иликтөөнүн жыйынтыгы менен чара көрүү актысын өкмөткө киргизгенбиз. Анан эми аны карап чыгуу керек. Мен аны тактап туруп анан кийин жооп берейинчи.

Ошол эле кезде өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев “Кыргызгаздын” ишмердигин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кабары жок:

- Бизде өкмөттө отун-энергетика комплексин вице-премьер-министр Валерий Диль көзөмөлдөйт. Анан эми мен биринчи вице-премьер-министр катары бул маселени териштирүү үчүн ал жактан тиешелүү документтерди алып анан жооп беришим керек. Анткени мен ал документ менен таанышып чыгып анан, кандай жыйынтык болгонун көрүшүм керек.

Орусиялык "Газпромго" быйыл жазда сатылган “Кыргызгазпромдун” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал мурун "Азаттыкка" курган маегинде иштен чыгып калган эски газ түтүктөрү мыйзамдын чегинде сырткы карызды жеңилдетүү үчүн сатылып жатканын белгилеген. Бирок "Кыргызгазды" сатуу боюнча келишимде анын карыздарынын бардыгын орусиялык "Газпром" төлөй турганы көрсөтүлгөн болчу. Мына ошондуктан саясий чөйрөдө мыйзам талабынан аша чапкан Кулмурзаевдин кол тийбестигинин сыры эмнеде деген суроо кабыргасынан коюлууда

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси, оппозициялык саясатчы Адил Турдукулов Кулмурзаевдин саясий калканчы Ак үйдүн жетинчи кабатында отурганда ага оңой менен иш козголбойт деген ишенимде:

- Прокуратура президентке көз каранды болсо анан кандай чечим чыгармак эле. Анткени Кулмурзаев Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири. Ошондуктан аны 2010-жылы эле Атамбаев “Кыргызгазга” жетекчи кылып дайындап, ошол боюнча ишкана сатылганга чейин ордунан жылдырган жок. Демек, ал жерге жакын адамын коюш керек болгон. Ошондой чоң коргоочусу болгон үчүн Кулмурзаев азыр эч кимди тоготпойт. Ошондуктан ага карата толтура материал болгону менен баары бир иш козгой алышпайт. Болбосо президент андан “сен жетектеген үч жылда элүү миллион доллар карыз каяктан пайда болду?” деп сураш керек эле да. Анткен жок. Себеби бардыгы бир байланышта.

Буга чейин президент Атамбаев коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыяланганын айткан. Ал кыңыр иштери байкалса айланасындагы эң жакын адамдарын да жазалоодон кайра тартпай турганын коомчулукка убада кылган болчу.

XS
SM
MD
LG