Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Орусия насыяны бөлүп бермей болду


Астана. Кыргыз-орус бийлик өкүлдөрү насыя боюнча келишимге кол койгондон кийин. 29-май, 2014.
Астана. Кыргыз-орус бийлик өкүлдөрү насыя боюнча келишимге кол койгондон кийин. 29-май, 2014.

Орусия Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүү насыя жана Бажы биримдигине кошулуу боюнча “жол картаны” ишке ашыруу үчүн 200 миллион грант берүүгө убада кылды.

Бейшембиде Астанада Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын бул уюмга кириши тууралуу "жол картасын" бекиткен соң, кыргыз-орус өкмөттөрү кыргыз экономикасын Бажы биримдигинин талабына шайкеш келтирүү максатында 1 миллиард доллар жеңилдетилген насыя берүү тууралуу келишимге кол койду. Келишим боюнча каражат жаңыдан түзүлчү Өнүктүрүү коруна которулат. Ал кор алдыдагы эки жыл ичинде өлкөдөгү ишкерлерге түз жардам көрсөтүп, бир нече тармактарга узак мөөнөттүү насыяларды бериши керек. Кыргызстан тараптан келишимге кол койгон экономика министри Темир Сариев насыя бериле турган тармактарды мындайча тизмектеди:

- Кордогу каражаттан агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү, соода жана курулуш тармагындагы ипотекалык долбоорлорго узак мөөнөттүү насыялар берүү каралууда.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет ири өлчөмдөгү Өнүктүрүү кору түзүлгөнүнө басым жасаган министр Сариев Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу боюнча “жол картаны” ишке ашыруу үчүн 200 миллион грант берүүгө убада кылганын да маалымдады. Буга чейин өкмөт мүчөлөрү “жол картаны” ишке ашырууга керек болчу 400 миллион доллар бюджетте жок экенин билдирип келген. Орусия мына ушул 400 миллион доллардын жарымын берсе, кыргыз өкмөтү калган бөлүгүн Казакстандан алууга ниеттенип жатканын министр кошумчалады:

- Берилген грант негизинен Бажы биримдигине кире турган стандарттарды шайкеш келтирүүгө багытталат. Ошонун ичинде эң негизгиси чек араларды бекемдөөгө, чек ара постторун курууга жумшалат. Биз “жол картасында” көрсөтүлгөн 55 млн. долларды ошол тармакка пландаганбыз. "Жол картаны" каржылоого калган каражатты табуу үчүн Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Ал жактан да каражат алышыбыз мүмкүн.
Астана. 29-май, 2014-жыл.
Астана. 29-май, 2014-жыл.

Сариев Өнүктүрүү корун эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган кеңеш көзөмөлдөйт, андыктан каражат максатсыз жумшалат деген күмөн саноолорго негиз жок деп ишендирүүдө. Ошол эле маалда жаңы келишимдин аткарыларынан күмөн санагандар арбын. Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев буга чейин Орусия менен кол коюлган долбоорлордун көпчүлүгү ишке ашпай келгенине көңүл бурду:

- Орусия буга чейин бир нече долбоорду каржылайбыз деген. Бирок алардын бири да аягына чыга элек. Ошол эле ГЭСтер болсун, башка багытта болсун. Орусиянын өзүндө мындай долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык чуулгандуу иштер аралашып, орто жолдон токтоп калган учурлар көп болот. Ошондуктан, мунун ишке ашырарынан күмөнүм бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев учурдагы геосаясий кырдаалдан улам Орусия кандай жол менен болсо да Борбор Азия өлкөлөрүн өз кучагына тартуу аракети менен байланыштырып, долбоордун келечеги Кыргызстандын жетекчилеринин мындан аркы кадамдарынан көз каранды деген пикирде:

- Орусиянын бардык аракеттери учурдагы дүйнөлүк геосаясий абалга байланыштуу болууда. Ага Батыштан санкциялар кирген сайын, өз багытын Борбор Азия, Кытайга буруп жатат. Бирок бул каражат Кыргызстанга келип, биздин жарандарга берилмейин анын ишке ашаары тууралуу сөз кылуу эрте. Мында биздин жетекчилер бул маселеге дыкат мамиле кылышы керек.

Кыргызстан акыркы жылдары Орусия менен биргеликте бир нече ири долбоорду ишке ашырууну мерчемдеп келет. Буга чейин Орусия менен “Камбар-Ата 1” жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын курууну каржылоо боюнча келишим түзүлүп, иштер башталган. Мындан сырткары Москва бир миллиард долларга аскерий- техникалык жардам берүүнү да убада кылган. “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен Орусиянын “Газпром” компаниясына өткөн айда сатылды.
Экономика министри Темир Сариев "Азаттыкка" курган маегинде жаңы макулдашуунун шарттары тууралуу кенен түшүндүрмө берген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG