Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Мырзакматовго таандык мүлк сатылууда


Мелис Мырзакматов митингге чыккан тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат. Ош, 15-январь, 2014.
Мелис Мырзакматов митингге чыккан тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат. Ош, 15-январь, 2014.

Оштун мурунку мэри ар кандай кысымдарга байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону айтылууда. Бул арада ага таандык ар кыл мүлктүн кожоюндары алмашып жатканы маалым болду.

Мелис Мырзакматовго кысым жасалып жатканы тууралуу Улуттук оппозициялык кыймыл март айында билдирүү тараткан. Анда Мырзакматовдун жакындарына таандык Оштогу “Ош-Таатан” соода комплексин, Кара-Суудагы “Оомат” базарын жана ОшТВ телеканалын криминалдын катышуусу менен тартып алуу аракети жасалып жатканы айтылган. Бийлик андай сөздөрдү төгүнгө чыгарган. Бирок акыркы кезде ал сөздөрдүн чындыгы бардыгын ырастап, ОшТВ телеканалынын кожоюну алмашканы тууралуу маалымат 15-апрелде чыкты. ОшТВнын жетекчиси Эрнис Кыязов кожоюн алмашканына байланыштуу кызматын бошотуп бергенин билдирди.

16-апрелде болсо “Ош-Таатан” соодакомплекси “Датка” болуп өзгөртүлгөнү маалым болду.

Мелис Мырзакматов өзү болсо дээрлик эки айдан бери Кыргызстанда жок. Анын Москвада жүргөнү тууралуу маалымат бар. “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Уран Ботобеков Мырзакматов Москвада жүргөнүн тастыктады:

- Мен билгенден ал Москвада болуш керек. Ал жакта өзүнүн саясий бир иштери менен, өзүнүн бизнес, чарбачыл иштери менен дагы жүрсө керек. Бирок саясий иш башка, ал эми жеке чарба иштери ар бир адамдыкы өзүнчө экен да. Ошондуктан жеке чарба иштерин билбеймин.

Айрым маалыматтарга караганда, Мелис Мырзакматов четте өз коопсуздугуна байланыштуу жана бизнесин коргоп калуу максатында жүрөт. ОшТВнын орус жаранына сатылганы тууралуу маалыматтар Мырзакматовдун Орусияда таасирлүү өнөктөш же коргоочу тапканынан кабар берет. “Ош-Таатан” “Датка” болуп өзгөргөнү менен кожоюну алмашпаганын ишенимдүү булактан маалымдашты.

Ош облустук милициясынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Мелис Мырзакматовго кысым жасалууда деген сөздөрдү жокко чыгарды. Ал эми Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу Мырзакматов Кыргызстанда жок экенин, ал келсе күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырыларын билдирди. Ошол эле учурда Мырзакматовго кылмыш иши козголбогонун белгиледи:

- Мелис Мырзакматовдун үстүнөн кылмыш иш козголгон эмес. Навои көчөсүндөгү көпүрө боюнча текшерүү жүргүзүлүп, эки кылмыш иш козголгон. Ал тендердик комиссиялардын үстүнөн козголгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Улуттук оппозициялык кыймылдын катарына кирген Мелис Мырзакматов Кыргызстанда жоктугуна байланыштуу кыймылдын ишине дээрлик катышпай калды. “Улуттар биримдиги” партиясынын иши да лидери жоктугуна байланыштуу солгундап калганы байкалат. Ал эми Мырзакматов өз мезгили келгенде азыркы кезде анын айланасында түзүлгөн кырдаал жана сөздөргө жооп берерин расмий эмес чөйрөдө айтып жатканы маалым. Бирок таасирлүү саясатчыга айланып бараткан адамдын капысынан эле өлкөдөн чыгып кетүүсү ар кандай түкшүмөл кептердин күчөшүнө жем таштоодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG