Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ташиев иши менен таанышууда


Депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012.
Депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012.

Башкы прокуратура депутат Камчыбек Ташиевге байланыштуу кылмыш ишти тергеп бүтүп, таанышууга берди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун камалганына 3-декабрда эки ай болду. Бирок алардын иши боюнча соттук териштирүү качан башталаары белгисиз. Башкы прокуратурадан 5-декабрда алынган маалыматка караганда, Камчыбек Ташиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, учурда Ташиев иш менен таанышууда.

Садыр Жапаровго байланыштуу да тергөө иши аяктап, бирок иш таанышууга бериле электигин Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди:

- Бүттү, таанышкыла деп бизге да айткан. Эми биз иш менен таанышабыз. Арыз жазабыз. Анан сотко барат. Камоо мөөнөтүн болсо 3-январга чейин узартышкан.

Адвокат Токтосунов ал коргоп жаткан Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жоктугун, ал бошотулуш керектигин дагы бир ирет белгиледи.

Бул арада Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага кайрылып, Камчыбек Ташиевди кайрадан психиатриялык экспертизадан өткөрүү талабын койду. Айткуловдун айтымында, мурунку экспертиза мыйзамсыз болгон.

Адвокат ошондой эле башкы прокурор Аида Салянованын жоопкерчилигин карап көрүү талабын койду. Анткени Башкы прокурор Салянова адвокат Икрамидин Айткулов Ташиевдин үстүнөн жүргүзүлгөн психиатриялык экспертизанын корутундусу менен тааныш деп, депутаттарга туура эмес маалымат берген, дейт Айткулов:

- Мен ал корутундуга макулдугумду эч качан берген эмесмин. Андай документ табиятта жок. Башкы прокурор депутаттарды адаштырды.

Айткуловдун айтымында, ал психиатриялык экспертизаны өткөрүүгө макулдугун берген. Ал эми корутундуга каршы болгон. Корутундуда "Камчыбек Ташиев акыл-эси ордунда, бирок психикалык дарты бар, ошондуктан дарыланууга муктаж. Эгерде абакта кала берсе дарты күчөйт" деп жазылган. Мына ушул корутундуга таянып, башкы прокуратура Ташиевди абактан бошотуу өтүнүчүн сотко келтирген.

Адвокат корутунду депутаттын аброюн кетирүү үчүн жасалганын айткандан кийин корутундуну да, сотко өтүнүчтү да кайра чакыртып алышканын белгилейт:

- Мына ошол өтүнүчтү кайрап чакырып алуу фактысы, корутундунун объективдүү эместигин тастыктайт. Анткени эгерде корутунду чындап эле объективдүү болсо, анда Ташиевди чындап эле бошотуш керек. Анткени ал психикалык жактан ооруу болсо, анда абакта өтүшүп кетет.

Айткуловдун маалыматы боюнча, Ташиевдин ашказанда жарасы бар экени аныкталган. Бул дартты УКМКнын клиникасы аныктап, Ташиев адистешкен ооруканада дарыланышы керектигин белгилеген. Бирок ага карабай ал абакта жатат.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев башкы прокурорго айтылган доомат териштирилүүдө дейт:

- Ал боюнча прокурор, тергөөчүлөр менен иштеп жатабыз. Расмий түрдө маалымат беребиз.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова депутаттарга 295-берене боюнча айып коюулушун талаштуу деп атап, бирок тосмодон ашып өтүү өңдүү фактылар укук коргоочуларды депутаттардын кызыкчылыгын активдүү коргоодон кармап турганын белгиледи.

Айта кете турган нерсе, “Эл үнү” аттуу оппозициялык жаңы кыймыл депутаттардын баш коргоо чарасын 5-декабрга чейин өзгөртүү талабын койгон.


Тасмада: Ак үй алдындагы тополоң, 3-октябрь, 2012

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG