Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:35

Саясат

Ашынган жердешчиликтен кантип арылабыз?

Жакында эле ондогон жаш активисттер парламент депутаттарын жердешчилик өнөкөттүгүн күчөтүүдө деп айыптады. Кечээ эле жаңы коалициянын атынан өкмөт башчы жана спикерди шайлоодо да "жердешим утту" деп трибунадан ачык куттуктаган депутаттар да азыр коомчулуктун кызуу талкуусунда.

Текст көлөмү - +
Талкууга журналист Бакыт Орунбеков, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул жана коомдук активист Сүйүнбай Бөрүбаев катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Биринчи "жердешимди куттуктайм" деген "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков Өмүрбек Бабановду куттуктады, кийинкиси спикерликтен утулуп калган Курманбек Осмонов өзүнүн жердеши Асылбек Жээнбековду спикер болушу менен куттуктады. Бул азыр коомчулукта кызуу талкууда. Бакыт мырза, сиз парламент трибунасынан болгон куттуктоолорду кандай кабыл алдыңыз?

Бакыт Орунбеков: Бул бизде Кыргызстанда саясий элитанын калыптана электигинин белгиси, Кыргызстанда саясий маданияттын, мамлекеттик деңгээлде мамлекеттик аң-сезимдин жоктугу.
Жалпы кыргыз элинде "бөлүнсөң бөрү жеп кетет" деген түпкүрдөгү сөз айтылып жүрөт. Бирок шартка байланыштуу саясатчылардын айрым туура эмес үгүт иштерине байланыштуу бөлүнүп-жарылуу азыркы күндө күч алып кетти.

Бизде депутаттарды, Жогорку Кеңешти, өкмөттү, президентти жалпы мамлекеттик деңгээлдеги адамдар деп сезебиз. Элди бөлүп-жарып аткандар ушул деңгээлде чыгып атат. Саясий элита деп эсептеген адамдар менен аралашып жүрөбүз, алар расмий деңгээлге, сыналгыга чыкканда "кыргыз биримдиги, түндүк-түштүктүн ынтымагы, жалпы кыргыз мамлекети" деп айтышат.

Ал эми өзүнүн туулуп-өскөн айылына барганда, кол топтоп, добуш алуу үчүн электораттын негизги көзүрү катары тууганчылдык ураанды биринчи планга коюп келатканы жашыруун эмес. Ошондуктан муну кыргыз элитасынын жалпы деңгээлинин начар көрүнүшү деп эсептейм.

"Азаттык": Сүйүнбай мырза, Акматбек Келдибеков кызматтан кеткенден кийин алайлыктар "Алай коому" деп спикерди колдогон иш-чараларды уюштурдуңуздар. Эл коңгуроо чалгандан эле билсе болот, жердешчилик оорусу аябай күчөп атат. Сиздерге ошол тараптан атайын сүйлөшүүлөр болобу, же жердешчиликтин пайда жактары да бар деп ойлойсузбу?

Сүйүнбай Бөрүбаев: Бул кыргыздын канында бар, "туулган жердин топурагы алтын, туугандын турпаты алтын" деген накыл кеп бар. Элдин кызыкчылыгына, өсүп-өнүшүнө өбөлгө түзө турган талаш-тартыш болсо жакшы жагы деп ойлойм. Бирок алакандай кыргыз эли 6-7ге бөлүнүп кеткени туура эмес. Анткени жалпы кыргыз элинде "бөлүнсөң бөрү жеп кетет" деген түпкүрдөгү сөз айтылып жүрөт. Бирок шартка байланыштуу саясатчылардын айрым туура эмес үгүт иштерине байланыштуу бөлүнүп-жарылуу азыркы күндө күч алып кетти.
Өзүнүн туулуп-өскөн айылына барганда, кол топтоп, добуш алуу үчүн электораттын негизги көзүрү катары тууганчылдык ураанды биринчи планга коюп келатканы жашыруун эмес. 

"Азаттык": Чынара айым, "кайдан болосуң" деп сураган учурлар көп болобу? Таанышуу эмнеден башталат?

Чынара Эсенгул: Мындай суроолор деле болгон эмес, жаштардын арасында бул суроо көтөрүлбөйт.

"Азаттык": Жердешчилик, бөлүнүүчүлүк, ошого карап партияга чакыруу, кызматка дайындоо жаштар арасында да барбы, же өзгөчө саясатта, министрликтерди бөлүштүрүүдө гана негизги ролду ойноп атабы?

Чынара Эсенгул: Бар, же жок деп бир тараптуу айтуу оор. Бирок бир трендди, тенденцияны алсак жаштардын арасында жок деп ойлойм. Анткени жаштар улуу муундун каталарын, туура эмес натыйжа алып келип атканын көрүп туруп, мындан алыс болгонго аракет кылып атышат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ilim каяктан: diplomat
15.01.2012 15:37
Ailanain Azattyk,kichinekei mamlekettibizdi ekige bolup jaruudan bashka temalar jonundo jazsanar bolboibu,kachan ele bolso tunduk tushtuk je,je tigindei myndai dep.

кимден: Анара каяктан: БишкеК
30.12.2011 01:22
Дуйнодогу биринчи трайбалисттер - таластыктар! Муну эч Ким Тана албайт.
Пикирге жооп

кимден: Ilim каяктан: diplomat
15.01.2012 15:56
Ailanain Anara,chondorubuzdun dele bolup jargandary jetishtuu,andan koro biz karapaim kalk,myndai bolunuulorgo jol berbei,eldi yntymakka chakyrgandyn orduna,talastyk oshtyk dep syn takpashybyz kerek.

кимден: ulan каяктан: berlin
26.12.2011 00:15
ото уят,мына к,осмоновго окшогон акаевдин да бакиевдин да башын жеген чиновниктерди эл эмнеге,шайлашат,вааще бети жок ки ши экен,жениш кара кулжаныкы деген созу кесип кетти,кесип

кимден: Рысбек каяктан: Ноокат
25.12.2011 10:21
Ой тообо, Равшан Жээнбековду Америкадан билим алган, батыштык менталитет менен тааныш деп жүрсөм бул деле трайбалист турбайбы! "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңдан тал карма".

кимден: Аксакал каяктан: Бишкек
24.12.2011 19:01
Балык башынан сасыйт дегендей биздин башчылар оңолмойун, бизде бөлүнмөй боло берет. Булар элдин алдына чыкса "сулуу чымчык", анан шайлоонун астындагы иши менен сөзү элди жийиркентет. Саясатка тазалар келалбайт, себеби алардын акчасы жок, акча жасаш үчүн эч нерседен аянбай малынып алып жатышат. Айлампа деген ушул. ЭМНЕ кылыш керек? 1. Ар бир кыргыз өзүндөн башта, ниетинди ондо. 2.Системаны ондош керек, мамлекетти арак ичкен мас топ эмес, закон башкарыш керек.

кимден: Абдыкерим каяктан: Токмок
24.12.2011 18:44
Жогорку Кеңеште "Ар Намыс" фракциясынын депутаты Маматалиев Абдрахман Мадакимович деген бөлүү жагынан алдыга адам салбай келе жатат. Ал кыргыз элин биротоло бөлүп салуу үчүн, үч түрдүү тууну ойдон чыгарып жатат. Ким качан көрдү эле, кыргыз үчкө бөлүнүп үч түстөгү тууну көтөргөнүн? Манастан бери бир эле кызыл тууну көтөрүп келе жатканын. Ал эми көк тууну калмактын кыргыздашып кеткен урпактары жасашып жатышпайбы. Маматалиев өзүн сол кыргызмын деп, сол кыргыздардын туусу ак болгон десе, анын тууганы Оштун мэри Мэлис мырза жакында Оштун туусун ак кылып салыптыр. Мына жердешчиликтин сасык саясаты кайда барып калды. Ошон үчүн мен Маматалиевди, мэр Мэлисти, кыргыздын туусунун өңүн көк түскө өткөрүүнү көтөрүп жаткандар, кыргыз элинин кара душмандары деп санаар элем. Атамбаев Президент болду, Манас атабыздан калган кызыл тууну өөп ант берди, жок дегенде элдин тынчтыгы үчүн тыйып койбойбу жанагыдай эл бузарларды? Элди бөлүп жарчулар дагын бир чырды чыгарып жибереби деп чочулайм. Биз тынч жашагыбыз келет, жетекчилер ушул жагына көңүл буруп коюшса дейм.

кимден: Кыргызбай каяктан: Орусия
24.12.2011 10:06
Жердешчилик-бул биздин алга жылуудагы чон тоскоолубуз,биз мекенчил болсок ийгиликке жетебиз.Олконун жузу болуп турган чон саясатчылар,белгилуу инсандар жердешчиликти бетине жамынганда, аларды коомчулук катуу сынга алышыбыз керек. "Кыргызстандыктар, кыргызстан элдери" деген тушунукту турмушка ашырсак, кыргыздардан башка улуттар да биздин олкобузду озунун мекени катары суйо баштайт. Бирок улуттар арасындагы ажырымдар, жердешчилик боло берет.Максат - элдин копчулугу, билимдуулор,патриоттор ушундай эски саркындыдан алыс экенин сезе баштаса,ошол нерсе мамлекеттик идеолгиянын башаты деп койсок болчудай.Бул дегенибиз олкодо жашапаткан башка улуттар кыргыздар м-н камыр болуп жуурулуп Кыргызстандын келечеги учун оз жоопкерчилигин сезсин деген тушунук.Бул жукту тарыхта "Улуттун Атасы" деген атта калгысы келген жетекчи озуно алса, калган эл аны ээрчип кетет. Ошондой жанды Кыргыз Жери жаратты бекен?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине