Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

Чиркөөнүн айланасында тутанган чыр


Бишкектеги православ чиркөөсү.
Бишкектеги православ чиркөөсү.

Бишкектеги орус чиркөөсүнүн епискобу Феодосийге нааразылыктар күчөп, ал өлкөдөн чыгып кетти.

Бирок чиркөө өкүлдөрү муну четке кагып, епископту атайлап жаманатты кылуу аракети деп билдиришүүдө.

Бишкектеги орус православ чиркөөсүнүн епискобу Феодосийдин айланасындагы чыр быйыл жыл башында башталган. Анда чиркөөгө сыйынган айрым адамдар епископ чиркөөнүн мүлктөрүн өз билгендей пайдаланып жатат деп нааразы болуп, өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комиссияга жана Ички иштер министрлигине арызданышкан.

Аталган комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, арыздар боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, чиркөөнүн ишмердүүлүгүн текшерип чыкты:

- Чиркөөнүн ичиндеги мүлккө байланыштуу, андан сырткары епископ туура эмес иштерди кылып жатат деп арыздар түшкөн. Бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүп, ал арыздарды текшерди. Ага ИИМ, Салык кызматы, Миграция жумуштуулук жана жаштар министрлигинен өкүлдөр кирген. Текшерүү учурунда да чиркөөгө киргизбей, чыр чыгарган учурлар болду.

Молдалиевдин айтымында, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыга элек.

Орус чиркөөсүнүн епискобу Феодосий Владыка.
Орус чиркөөсүнүн епискобу Феодосий Владыка.

Бирок епископ Феодосийдин Кыргызстанда иштөө мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу, аны узартпоо чечими кабыл алынды. Айрым маалымат каражаттары жогорудагы окуялардан соң кыргыз бийликтери Феодосийди экстрадициялоо маселесин да көтөргөнүн жазып чыгышкан. Буга кабатырланган епископ Орусиянын Бишкектеги элчилигине жардам сурап кайрылган. Бирок Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” сүйлөп жатып, маселе чиркөө кечилин экстрадициялоого жетпестен чечилгенин билдирди:

- Эгер ал киши кетпейм десе, анда экстрадициялоо маселеси көтөрүлмөк. Бирок ага жетпей эле анын бул жактагы мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ал кетти.

Ал эми Бишкектеги Орусиянын элчилиги епископтун жардам сурап кайрылганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

Негизи Бишкектеги православ чиркөөсү Орусиянын православ чиркөөсүнө карайт. Анын епискобун Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл дайындайт. Епископ Феодосий Бишкек чиркөөсүнө башчылыкка 2011-жылы дайындалган. Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиевдин айтымында, Феодосий келгенден тарта эле бул жактагылар менен тил табыша албай койгон:

- Ачыгын айтканда, бул киши келгенден тарта эле иштеше албай койду. Өзү да жаш экен. Жергиликтүү шартты эске албай эле өз билгенин кыла бериптир. Ага көпчүлүк нааразы болуп чыкты. Анын үстүнө аймактардагы чиркөөнүн мүлктөрүн борборго жаздырып жатат деген арыздар көп болду.

Анткен менен Дин иштери боюнча комиссиянын маалыматын чиркөө өкүлдөрү четке кагууда. Чиркөөнүн маалымат катчысы Юлиянын билдиришинче, епископ Феодосий азыр кызматтан кете элек. Жөн гана жеке иштер менен Москвада жүрөт:

- Владыка Феодосий бошотулган жок. Аны кызматтан алуу боюнча чечимди Москвадагы ыйык патриарх кабыл алат. Ал азыр иштери менен Москвада жүрөт. Ал эми анын дарегине айтылып жаткандар боюнча айтсам, бир ууч адам 2,5 жылдан бери ар кандай арыздарды жазып келет. Алардын өз кызыкчылыктары бар. Комиссиялар келип текшерген. Айрымдарынын тиешелүү кагазы жок болгондуктан, киргизбей койгонбуз. Ал эми чиркөөдөгү абал тууралуу ага келип сыйынган адамдардан сурасаңыздар болот.

Маалымат катчы айткандай, чиркөөгө табынганы келген адамдардын ал жактагы акыркы өзгөрүүлөрү тууралуу пикирин билдик. Алардын бири Любовь Иванова аттуу айымдын айтымында, епископтун дарегине эч кандай деле доомат жок:

- Биз мурда келгендей эле келип табынып кетип жатабыз. Эч кандай жаман жакка өзгөрүүнү байкаган жокпуз.

Кыргызстанда мусулмандардан соң саны жагынан экинчи орунда православдар турат. Айрым маалыматтар боюнча, өлкөдөгү калктын 9 пайызга жакыны дал ушул чиркөө табынуучулары. Диний маселелер боюнча эксперт Назира Курбанова епископтун айланасындагы мындай окуяларды чечүүдө этият болуу зарыл экенин айтты:

- Мындай окуялардын орун алышы өтө жаман нерсе. Буга биздин мамлекеттик органдар да абдан этият мамиле кылышы керек. Анткени, элдин ишенимине байланыштуу нерседен чоң чыр чыгышы мүмкүн.

Кыргызстанда буга чейин муфтияттын айланасындагы чырлар маал-маалы менен орун алып келет. Анда негизинен ажылык боюнча коррупциялык иштер коомчулукта ар кыл талкууларга жем таштаган. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев диний абалды жөнгө салуу керектигин билдирип, бул боюнча маселени Коргоо кеңешине да алып чыккан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG