Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Орусия Кыргызстанга аскерий таасирин арттырабы?


ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа
ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди.

Сапардын алкагында бир топ жогорку деңгээлдеги жолугушуулар мерчемделгени менен анын маани-мазмууну туурасында президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү учкай кабарлоо менен гана чектелди. Мындай иш сапарга удаалаш эле орусиялык айрым басылмалар Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга 1,5 милилард АКШ доллары өлчөмүндө аскерий-техникалык жардам көрсөтөт деген маалыматтарды таратты. Саясат талдоочулар муну Кремлдин Борбор Азия аймагына таасирин күчөткүсү келген маалымат согушунун элементи катары карашууда.

Баш катчы Бордюжанын иш сапары

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа
жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов жолугушууларда 19-декабрда Москвада өтө турган ЖККУ жыйынында көтөрүлө турган маселелер талкууланганын белгиледи:

- Бул иш сапар анын жумушчу сапары болду. Ошондуктан ал алдыдагы уюмдун жыйынында карала турган маселелер боюнча макулдашууларды жүргүзүү үчүн эле келди. Алгач президент менен, анан тышкы иштер министри жана коргонуу кеңешинин катчысы менен жолугушту.

Өткөн 9-ноябрда ЖККУга кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Ооганстан боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси болгон. Анда 2014-жылы эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийинки кырдаал анализденип, жагдайдын өзгөрүшү боюнча божомолдор талкууланган болчу.

Ошол эле кезде Москвадагы “Коммерсант” жана “НГ” басылмалары Орусия Кыргызстандын жана Тажикстандын армиясын куралдандырууга бир жарым миллиард АКШ долларын бөлүшү мүмкүн деген маалыматтарды жарыялашты.

Аскерий эксперт Токтогул Какчекеев Кыргызстан аскерий техникага гана эмес, орусиялык аскер инструкторлоруна да муктаж экенин белгиледи:

- Баасы бир жарым миллиард доллар турган аскер техникасы бизге өтө эле керек. Анткени канча жылдан бери биздин армиянын жана күч түзүмдөрүнүн аскерий арсеналы жаңылана элек. Анан мына ошол заманбап аскер техниканы колдонуу жана тактикалык өзгөчөлүктөр боюнча тажрыйбасынан бөлүшүш үчүн Орусиядан дасыккан аскер инструкторлору келиши керек. Мунун бардыгы негизи зарылдыктан улам келип чыгууда.

Башка бир талдоочулар муну Кремлдин Борбор Азия аймагына геосаясий таасирин күчөтүү аракети катары гана карашат. Анткени өткөн жайда Өзбекстан ЖККУдан чыгып кетип, анын түзүүчүсү - Кремлди оңтойсуз абалга калтырган болчу.

Маалымат чабуулунун артында эмне бар?

Москва ага кайдыгер карай алмак эмес деген пикирдеги эксперттер муну расмий Ташкенге басым көрсөтүүгө багытталган маалымат чабуулу катары баалашты.

Ошондуктан коопсуздук боюнча эксперт Имамберди Жалилов муну геосаясий оюндардын бири катары мүнөздөдү:

- Кийинки мезгилде Москва менен Ташкендин мамилеси кескин начарлап кеткени баарыбызга маалым. Өзбекстандагы орусиялык айрым компанияларга карата маселе чыгып жатканы да ошондон. Анан кайсы бир шартта Өзбекстан Москва менен эсептешпей койду. Бул маселени жөнгө салуу үчүн Орусия эми Кыргызстан менен Тажикстан аркылуу аракет кылууга өттү. Мына ушул маалыматты деле мен мына ошол маалымат чабуулунун кайсы бир түрү катары карайм. Бирок ошол эле кезде Москва бул жакта ГЭС куруу тармагына ири суммада каражат жумшай турган болсо, ошого карап өзүнүн таасирин кеңейтүүнү кааласа, анда чын эле бул жакта аскерий күчүн арттырышы күтүлөт.

Буга чейин эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан чыгаарда аскер техникасынын көп бөлүгүн Өзбекстанга таштайт деген маалыматтар чыккан. Анын кайсы бир бөлүгү Кыргызстан менен Тажикстанга тийээри да айтылып жаткан. Ошол эле кезде Орусиянын аталган эки өлкөгө аскерий жардам көрсөтүү ниети күтүүсүз болду.

Саясат таануучулар ири державалардын Борбор Азия аймагындагы таасир талашуу таймашы күчөсө анын кесепети мындагы майда мамлекеттерге тийиши мүмкүн деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG