Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Мурат: Кореяда мыйзамсыз мигранттарга мунапыс берилди


Мурат Арапбаев
Мурат Арапбаев

“Журтташтар” берүүсүнүн кезектеги каарманы Мурат Арапбаев үч жарым жылдан бери Түштүк Кореянын Масан шаарында жашайт. Ал автотетиктерди чыгарган заводго атайын келишим менен ишке келген. Мурат Кыргызстандын Кореядагы фубол боюнча курама командасынын капитаны.

Каарманыбыз жашаган Масан шаарында кыргызстандыктар аз. Мурат иштеген заводдо өзүнөн башка дагы эки кыргыз жигит бар. 29 жаштагы Мурат Кореядагы көптөгөн эмгек мигранттарындай эле үч жыл мурда Бишкекте корей тилин үйрөнүп, сынактан өтүп, атайын келишимдин негизинде ишке келген. Буга чейин Орусия жана Казакстанда иштеп келген Мурат Түштүк Кореяда башка өлкөлөргө салыштырмалуу мыйзам бузуу жоктугун, кореялыктар ийкемдүү келерин айтат.

- Бул жакта мыйзамдар аябай катуу сакталгандыктан, мигранттар өздөрү тарбияланып калышат десем болот. Биз деле бул жактын эрежелерин бузбай, тартиптүү жүргөнгө аракет кылабыз. Ошол эле маалда кыргызстандык эмгек мигранттары Вьетнам, Филиппин же башка башка ушул сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттарга караганда өз укуктарыбызды да мыкты билебиз. Маселен, жетекчибиз туура эмес бир нерсе айтса же ашыкча иштетсе ага макул болбойбуз. Ал эми башка улуттагылар баш ийип, иштей беришет. Ошондой эле башка өлкөлөргө, маселен Орусияга салыштырмалуу албетте бул жакта кыйла жакшы, корейлер бизге аябай ийкемдүү мамиле кылышат.

Мурат өз ишинен тышкары Кыргызстандын атынан Кореядагы эл аралык маданий иш-чараларга катышып турат. Ал жактагы кыргыздар "Айпери" бий тобун да түзүшкөн.

Мурат Арапбаев "Кара жорго"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

- "Кара жоргону” Кыргызстанда жүргөндө чынында билген эмесмин. Бул бий биз Кореяга келгенден кийин популярдуу болду. Биринчи жолу 31-август Кыргызстандын эгемендик күнүндө бийлеп чыккам. Ошондо Кореянын телеканалдарынын бири тартып алып, көрсөттү. Андан бери ар кандай эл аралык көп улуттардын катышуусунда өткөн фестивалдарга, маданий иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып келем. Кээде өзүм эле эмес, бул жактагы кыргыз кыз-жигиттер менен биргеликте түзүлгөн “Айпери” бий тобу менен да бийлеп жүрөбүз, - деген Мурат көп улуттун өкүлдөрү катышкан фестивалдарда чет өлкөлүктөр кыргыз бийине кызыгышып, өзгөчө малайзиялыктар, филиппиндиктер бийдин ыргагын, кыймылдарын үйрөтчү деп суранышарын да айтат. Андан тышкары Мурат Кыргызстандын Кореядагы фубол боюнча курама командасынын капитаны.

- Кыргызстандан Кореяда жети футбол командасы бар. Биз ич ара таймаштарды уюштуруп, ойноп турабыз. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн курамалары менен ойнойбуз. Маселен, Бразилия, Камерун командалары менен ойногонбуз. Жакында эле жети өлкөнүн арасында чакан чемпионат болгон, ошондо Кыргызстандын командасы биринчи болуп чыкты.

Кыргызстандан Кореяда жети футбол командасы бар.
Кыргызстандан Кореяда жети футбол командасы бар.

Мураттан Кореядагы кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу да сураганыбызда бир кезде корей эркектерге турмушка чыккан кыргыз кыздары арбын болсо, азыр алардын саны кыйла азайып калганына токтолду.

- Мурдагыга салыштырмалуу акыркы мезгилдерде корейлерге турмушка чыгып келген кыздар тууралуу аз угуп калдык. Албетте мурда турмушка чыккандардын баары эле бактысыз болуп, ажырашып кетти дегенден алысмын. Корей күйөөлөрү менен эле жакшынакай жашап жаткандары бар. Бирок бир кезде кыргыз кыздары абдан көбөйүп кеткен.

Жакында эле Кореянын Миграция кызматы мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн миграциялык мунапыс жарыяланды. Эми Кореянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге мыйзамдуу жол менен өлкөдөн чыгып кетүүгө жол ачылды. Эми мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары өз ыктыяры менен мекенине чыгып кете алат. Башкача айтканда алар депортацияланбайт жана кармалбайт. Бул иш-чара 1-апрелден баштап бир ай жүрөт. Учурда Кореяда мыйзамсыз мигранттар көбөйүп кеткендиктен аларга көзөмөл күчөгөнүн Мурат да белгилей кетти.

- Акыркы мезгилде Түштүк Корея менен Орусиянын, Казакстандын визасыз каттамынан пайдаланып, бул өлкөгө келгендер көп болчу. Эми аларга да көзөмөлдү күчөтүп, киргизбей жатышат. Мен жакында эле бирөөнү аэропортко тоскону бардым эле, ал адамды киргизбей коюшту. Менимче, ошол өлкөлөрдөн келип, Кореяда калып калган мигранттар көп, ошол себептен болуп жатса керек.

Түштүк Кореядагы кыргыз жарандарынын саны болжол менен 3-3 жарым миң экени айтылып келет. Алардын миңге жакыны каттоосуз жашап жүргөндөр. Сеулдагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына караганда, мыйзамсыз жүргөндөрдүн көбү Түштүк Кореяга 2000-жылдардын башында кирип, ошол бойдон чыкпай калып калгандар.

Мурат көп улуттун өкүлдөрү катышкан фестивалдарда чет өлкөлүктөр кыргыз бийине кызыгышарын айтат.
Мурат көп улуттун өкүлдөрү катышкан фестивалдарда чет өлкөлүктөр кыргыз бийине кызыгышарын айтат.

XS
SM
MD
LG