Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

“Кудайбергендин” сатуучулары митингге чыкты


“Кудайбергендин” соодагерлери дагы митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

“Кудайбергендин” базарынын сатуучуларынын митинги.

Өкмөт үйүнүн алдына “Кудайберген” базарында иштеген соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты.

Алар базардын кожоюну Элвира Сурабалдиева ижара акысын негизсиз жүз пайызга көтөргөнүнө каршы чыгып, бийликтен бул маселени жөнгө салууну талап кылышууда. Митингге чыккан тарап жадагалса базарда көтөрүп чай саткандардан алынчу акынын өлчөмүн беш миң сомго көтөрүлүшүн ашынган ачкөздүк катары айыпташууда. “Кудайберген” базарынын жетекчиси Элвира Сурабалдиева бул бизнес экенин айтып, көтөрүлгөн тарифке макул эместерди жумуш ордун бошотуп коюуга чакырды.

Өкмөт өкүлдөрү бул маселени жөнгө салуу боюнча атайын комиссия иш алып бара турганын убада кылды.

"Базар ээси өлтүртөм деп коркутту"

“Кудайберген” базарынын үч жүзгө чукул соодагерлери жогорку бийлик өкүлдөрүнө даттанып, өкмөт үйүнө келишти. Алар базардагы жагдайды шаар бийлиги эки айдан бери чечип бере албагандыктан нааразылык акциясына чыгууга аргасыз болушканын айтышты. Ошол эле кезде базардагы соода жайлары үчүн ижара акысы кескин көтөрүлүп, ага каршы чыккандарга базар башчылыгы басым жасап жатканы белгиленди. “Кудайберген” автотетиктер базарында иштегендердин бири Турдубек Өмүров аны “Кудайберген” базарынын кожоюну чакырып алып, коркутуп-үркүтүүгө чейин барганын мисал келтирди:

- Менин контейнеримди жаап коюп, анан кечинде чакырып алып баштады. "Ушунун бардыгын уюштуруп жатканың үчүн сени өлтүртөм, жоготом” деп ачык эле коркутууга өттү. Эми инфляцияга карата деп жыйырма пайызга чейин тарифти көтөрсө да түшүнөт элек. Эч кандай негиз жок эле ижара акысын жүз пайыз көтөрөт деген эмне шумдук? Ал менчик ээси болгон күндө да өзүнүн чечимин бир нерсе менен негиздеш керек эле да. Мен өзү эски автотетиктерди сатам. Менин соода жүгүртүүмдүн көлөмү элүү миң сомдун айланасында. Анан бизге окшогондордун ижара акысын жүз миңдеп соода жүгүрткөндөр менен бирдей көтөргөнү кандай?

Алкымы ачылган ачкөздүкпү?

“Кудайберген” базарында эки миңге чукул жеке ишкер автотетиктерин сатуу менен алектенет. Мындан сырткары автоунааларды оңдоп-түздөө кызматтары орун алган. Андагы жеке ишкерлер соода жүгүртүүнүн көлөмүнө жана ишкердиктин түрүнө карабастан ижара акысын кескин көтөрүүгө нааразы. “Жадагалса, базарды аралап, коляска менен чай саткандарга чейин акыны көтөрүү акылга сыйгыс нерсе” дешет алар. Ал базарда беш жылдан бери чай сатып иштеген Залина Көчөрова барган сайын базар ээсинин алкымы ачылып кеткенине токтолду:

- Башында айына эки миң сомдон төлөйт элек. Анан миң сом кошуп, үч миң сом болду эле. Ага эми макул дедик эле. Анан эле айтпай-дебей туруп эле беш миңге көтөрүп салды. Аны төлөй албайбыз десек, базарды кайтаргандарды артыбыздан жөнөтүп, алар биздин идиш-аяктарды талкалайбыз, базардын ичине киргизбей койобуз деп коркутушту.

Сурабалдиева: Макул эместерди эч ким кармаган жок


“Кудайберген” базарынын жетекчилиги мындан эки ай мурун анда соода кылгандардын ижара акысын жүз пайызга чейин көтөргөн. Буга базарды оңдоп-түздөөгө кетчү чыгымдын көптүгү негиз болгону жүйө келтирилген. Мындан сырткары он жылдан бери бир гана жолу ижара акысы көтөрүлгөнүн эске салган базар кожоюну аны жогорулатууга мезгил келгенин белгилеген болчу.

“Кудайберген базары” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Элвира Сурабалдиева тарифти көтөрүүгө макул эместерди башка жакка барып иштөөгө чакырды:

- Мына ошол чай саткандар деле чыгымга иштешпейт. Эски автотетик саткандар деле бир канча жылдан бери чоң киреше тапканы үчүн ошол жерде отурушат. Эгерде алар жаңы коюлган ижара акысын төлөй албайбыз дешсе, анда аларды ал жерде эч ким кармаган жок. Комиссия ишин жыйынтыктасын. Анан анда мына ошол тариф менен иштей албайм дегендердин башка базарларга барып, иштегенге акысы бар. Он жылдан бери 1400 сомго болгону бир гана жолу ижара акысы көтөрүлгөн. Аны эч кимиси эске алгысы келбей жатат. Алар мени деле түшүнүшү керек да. Азыр болсо айлам кеткенинен жүз пайыз көтөргөнгө мажбур болдум.

Токтотулган токтом

Башында Монополияны жөнгө салуу агенттиги тарифти көтөрүүгө уруксат берген эмес. Кийин базардын ээси ал агенттиктин өкүлү андан үч жүз миң сом пара талап кылганына даттанып, акчаны алганы барган адам 23-майда кармалган болчу. Бирок базар башчылыгы 22-майда эле ижара акысын 92 пайызга көтөрүүгө аталган агенттиктен уруксат чечимин алганы белгилүү болду. Монополияны жөнгө салуу агенттигинин маалымат катчысы Кубат Айбашев мына ошол чечим токтотулганын айтты:

- 22-майда 92 пайызга ижара акысын көтөрүүгө уруксат берген чечим чыккан эле. Жакында мына ошол чечимдин негизинде иш алып баруу токтотулду. Азыр “Кудайберген” базарындагы ишкерлер 2009-жылдагы чечим боюнча эле ижара акыларын төлөй беришет. Анан азыр биздин агенттик тарифти карап, изилдеп, текшерип туруп чечим кабыл алат. Ага чейин эски тариф менен ижара акысы алынып турат.

Ошондой эле “Кудайберген” базарындагы абалды иликтөө боюнча мекемелер аралык атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссия ижара акысынын көтөрүлүшүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн изилдеп чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG