Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Студент кыздын Сирияда же Түркияда экени беймаалым


Ош. Кара-Суу.
Ош. Кара-Суу.

Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Мадина Сириядагы согушка катышып жатканын милиция айтып чыкты. Кыз эки айдан бери үйүнө кабар бере элек.

Бирок кыздын жакындары милициянын маалыматын жокко чыгарууда. Алар Мадина Түркияда экенин, ошол жактан турмушка чыгып алган болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Кара-Суунун Нариман айыл округунун Зарбдар кыштагында жашаган Мадина Ош мамлекеттик социалдык университетинде (мурдагы Ош кыргыз-өзбек университети) 3-курста окучу. Физика-математика адистигинде билим алып жаткан 21 жаштагы кыз ушул жылдын июль айында жок болуп кеткен. Кийинчерээк ата-энесине чалып, Түркияда экенин кабарлаган. Милиция болсо кыз андан ары Сирияга кетип, согушка катышып жүргөнүн айтууда.

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков буларды айтты:

- Ош аймагында жүргүзүлгөн “Анти-Террор” операциясынын алкагында 88 түрдүү кылмыштын бети ачылды. Анын ичинде 10-бөлүм багытында 17 кылмыш бар. Биздин кызматкерлер аныктагандай, 1993-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну учурда Сирия мамлекетинде согуштук аракеттерге катышып жүргөнү аныкталды.

Сыдыковдун белгилешинче, бул аялдардын Сирияга кетип жаткан фактыларынын бири гана. Азырынча ал кыздын согуш талаасына кетип калган себептери такталып жатат:

Нариман айыл өкмөтү
Нариман айыл өкмөтү

- Азыр бул кыз боюнча башка ведомстволор менен биргеликте оперативдүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Анын Сирияга кетүүсүнүн негизги максаты эмнеде, кантип кетти, жол акысын ким төлөдү, тууган - уруктары ага кандай таасир этти, же кимдир бирөө аны Сириядан чакырганбы баары такталып жатат. Негизинен буга чейин Сирияга барып-келип, анан биз аркылуу кармалган адамдардын айтуусунда, көп кыздарды ар кандай алдоо жолу менен алып кетишет. Алгач Түркияга алып барып, андан ары Сирияга киргизип жиберишет экен. Айрым кыз-келиндер диний фанаттык кылып, мусулмандарга жардам берем деп кетип калган фактылар бар, - деди Замир Сыдыков.

Бирок Сирияга кетти деп айтылып жаткан кыздын ата-энеси милициянын бул маалыматын четке кагууда. Мадинанын атасы Калыкжан Мирзаев анын кызы Түркияда эле жашап жатканын айтууда:

- Кызымды Сирияга кетти дешип жатат, бул жалган кеп. Ким барып көрүп келди, ким далилдеп бере алат экен? Ал июлда бизге Түркиядан телефон чалып, “Кабатыр болбогула, мен бул жактан бирөөгө турмушка чыгып алдым” деген. Түрк тилине кызыкчу. Балким ал жакта чындап бирөө менен баш кошуп алгандыр, же бир жерде окуп, билим алып жатат. Бул жактан паспортун алып, бизге эч нерсе дебей эле учуп кетип калган. Бирок Сирияда согушуп жүрөт дегени таптакыр чындыкка коошпойт.

Мирзаев өзү ажы, айылда динди үй-бүлөсү менен тутунган кишилер катары белгилүү. Кызы Мадина да дин жолунда жүрчү. “Бирок радикалдык маанайдагы көз карашы болушу мүмкүн эмес” дейт Калыкжан:

- Туура, динди жакшылап карманчу. 5-классынан бери мектепке жоолук салынып барат. 5 убак намазды мыкты окучу эле. Бирок бул кылмыш эмес да. Кызым эч качан диний фанат болуп же бир жихад кылыш керек деген экстремисттик идеяда жүргөн эмес. Мен андай тарбия берген эмесмин. Медреседе билим алган эмес. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүргөн, университетти да да жакшы окуп жаткан эле.

Деген менен Мирзаев кызы Мадина эки айдан бери алар менен кабарлаша электигин да тастыктады.

Буга чейин бир нече эркек кишинин ушул эле айыл округдан Сирияга кеткени боюнча кабар чыккан. УКМК болсо, Наримандан Сирияга барып келген беш-алты адамды кармаган эле. Зарбдар айылынын башчысы Асанбай Турабаев мындай деди:

- Биздин айыл округдан эки-үч жигитти Сирияга кетти деп айтышкан. Ал деле так эмес. Биз эми күч органдары болбогондон кийин аны так айта албайбыз. Балким алар Түркияга кеткендир же башка өлкөдө жүрүшкөндүр. Кыргызстандан 80дей өлкөгө визасыз чыга алат деген сөз бар, ошонун кайсы бирине кетип калганын ким билсин.

Ош облусунда соңку учурда эле “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон он чакты аял кармалды. Сирияга кеткен кыз-келиндердин саны да ондон ашык. Мындан аз күн мурдараак эле Сирияга кетип жаткан аравандык 20 жаштагы кыз аэропорттон колго түшкөн эле.

Кара-Суудан буга чейин Сирияга эркектер кеткени аныкталган.
Кара-Суудан буга чейин Сирияга эркектер кеткени аныкталган.

Адистер аялдардын диний сабатсыздыгынан улам ушул окуялар жүз берип жатканын болжошот. Ошол эле кезде аялдардын Сирияга тартылып жатышы жалаң диний фанатизмге эмес, финансылык маселелерге да байланыштуу экенин айткандар бар. Маселен, ошол эле Сирияга кетип жаткан аялдар ал жакта күнүнө миң долларга чейин акча табабыз деген ишенимде болушкан. Ошентсе да айрымдар ал жактагы согушта аялдар медициналык кызматкер катары иштеши мүмкүндүгүн айтышса, кыз-келиндер алданып барып, согушкерлерге сексуалдык күң болуп калат дегендер да бар.

Диний маселелер боюнча эксперт Самаган Мырзаибраимов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Аялдардын Сирияга тартылышы бул жаңы окуя эмес. Маселен, Казакстандан, башка мамлекеттерден ал жакка кетип жаткандар мурда да болгон. Кыргыз кыз-келиндери ал жакта жүргөндүгү Түркиянын, Азербайжандын интернет сайттарында сүрөттөрү менен көрсөтүлүп жатат. Эгерде аларга согушка жарамдуу адам керек болсо, анда алар жалаң эркектерден тандап алмак. Эмнеге аялдар тартылып жатат? Демек, ал жерде аялдарга тиешелүү кандайдыр бир кызматтар керек же болбосо коомчулук көңүлүн буруу максатын көздөшүүдө.

Күч органдары билдиргендей, соңку он күн ичиндеги “Анти-Террор” операциясында эле Ош облусунан сегиз жаран Сирияда экени аныкталды. Алардын экөө Аравандан, бирөө Кара-Суудан, үчөө Ноокат районунан жана экөө Өзгөндөн экени маалым болду. Такталбаган маалыматтарга ылайык, алар Сирияга аялдары менен кирип кеткен болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG