Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:08

Саясат

Казакбаев: Түркия бизге жакшы каралашып жатат

Ушул тапта президент Алмазбек Атамбаев менен кошо Түркияда расмий сапарда жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кезинде кыйла жыл бою Түркияда иштеген.

Текст көлөмү - +
Руслан Казакбаев: Эң оболу эки өлкө ортосундагы тарыхый, маданий, саясий алака-катыштарыбызды бекемдөө жөнүндөгү жалпы декларацияга кол коюлду.

Экинчиси, 2012-2013-жылдары кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Түркия менен Кыргызстан 2010-жылы кол коюшкан келишимде экономикалык, жарандык жана кылмыш иштери боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу жагы каралган. Ошол келишимди эки жак тең ратификациядан өткөрүп, эми иш баштала турган болду.

​​Экономикалык жааттан айтсак, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны апрелде Кыргызстанда өткөрүлөт. Бизге финансылык жардам берүү боюнча биринчи сүйлөшүүлөр болууда.

Түркиядан Кыргызстанга же Кыргызстандан Түркияга келген ишкерлерге жеңилдетилген инвестициялык чөйрө түзүп берүү, экономикалык окуу уюштуруу боюнча пикир алмашып жатабыз. Маселен, ар түрдүү экономикалык кесиптерге ээ биздин жарандарды Түркиянын окуу жайларында, министрликтеринде тажрыйбага каныктыруу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөштүк.

"Азаттык": Түркияда кыргыз мигранттары аз эмес, аларга байланыштуу маселелер козголдубу?

Казакбаев: Мигранттар боюнча, биринчиден, визасыз режим боюнча бир, бир жарым айдын ичинде бүтүрөбүз деп жатышат. Бул жерде иштөө үчүн Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигинен уруксат алыш керек.

​​Мен Эмгек министри менен кездешем. Эки өлкө арасындагы келишимдин долбоору биринчи талкуудан өттү. Эмгек уруксатын Түркия бир дагы мамлекетке берген эмес, мыйзамында, тажрыйбасында андай жок. Бирок булар Кыргызстан үчүн өзгөчө жагдай түзөбүз дегендей ниетте, азырынча аягына чыккан жокпуз, бирок иштеп жатабыз.

Негизгиси: мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын ортосунда миграция боюнча өз ара түшүнүү бар. Ошондуктан натыйжага жетебиз деп ойлойм. Бул жолу Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн Түркиядан берилчү квота боюнча жаңы долбоордун үстүнөн иштей баштадык.

"Азаттык": Атамбаевдин президент катары биринчи болуп Түркияга келишинин чоң мааниси бар деп айтылууда. Сиз кайсы маанисин белгилээр элеңиз?

Казакбаев: 2010-жылдын апрель, андан соң июнда түштүктө болгон каргашалуу окуялардан кийин Кыргызстанга биринчилерден боор тартып каралашкан, өзгөчө жардам берген мамлекеттердин ири алды Түркия болду. 21 млн. доллар грант, 11 млн. доллар кредит, ошондой эле биздин Түркияга тышкы карызыбызды жоюшту.  Түркия премьер-министринин, тышкы иштер министринин, президентинин Кыргызстанга ырасмий сапарлары болду. Анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин ортосунда да кызматташуу аябай кеңейип атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.01.2012 23:09
Possiya menen da Turkiya menen da kızmattash bolgonubuz tuura. Turkiyanın arkasında Amerika turat. Oshonduktan ech nerse dele ozgorgon jok. Amerika Turkiya arkıluu ishin buturot. Oshondoy bolup kaldı. Tuz kirishe albay jatat. Antkeni Possiya turat... Kimdin kim ekenidigi ubagında korunot. Sayasat ushunday bashka jol jok.

кимден: Азамат
16.01.2012 17:27
Томондо жазгандарга. Ээй туугандар, Казакбаев ТЫШКЫ ИШТЕР министри! Ал дипломатия учун гана жооп берет. Башка олколор менен болгон карым-катыш учун гана жооп берет. Ош шаарындагы жазуунун, Бишкектеги мусордун, Атамбаевдин айдоочусунун эмне тиешеси бар ага? Мырзакматов менен Рысалиевден, Омуркуловдон, Атамбаевдин озунон сурап албайсынарбы?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.01.2012 02:10
Албетте,ач болсонуздар каралашат да Казакбаев мырза! Турция берген миллиондогон долларлар элдин жашоосун онолтмок учун кеткенине кумонум бар. Берилген жардам да сиздердин капчыгыныздарды толтурса керек. Олконун кейпин коруп деле уялсанар. Эшигин коруп торуно от,энесин коруп кызын ал дейт кыргызда. Анын сынарындай Бишкектин кейпин ондосонор.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.01.2012 22:37
Ой булар жаны болуп атса олуп баратасынарбы.Ондойт.Биринчи акча толтуруш керекби.Иштегендерине бир жарым жыл болсо.Жаны окмот м-н.

кимден: nazgul каяктан: kyrgyzstan
14.01.2012 21:07
Урматтуу Руслан Казакбаев! Сизден терен сураныч, туугандарынызды консул же посол кылып жонотпонуз Японияга, же Урматтуу Алмазбек Атамбаев, сизге эл чарчастан ишенип бийликке алып келди, 5 жылдан кийин белгилуу резельтаттар болбос учун Терен сураныч Озунуздун Шоферунузду зав.руководитель Президентской Администрации кылбаныз. Терен сураныч! Же водителиниз озунун келген жерин унатпаш учун Рульду эшигине илип койсунбу. Англис чиновниктерин 6-чы эрежеси бар эле: Не мни о себе много, биздин чиновниктер 2- чи кунундо эле шофер болгонун унутуп торолгондо эле ошол жерге келгенин унутуп калышат окшой. Уважаемый Казакбаев, мы вас очень просим как министра иностранных дел, возьмитесь за ситуацию в г. Ош и в целом в Ошской области. Там на стенах появились расисткие надписи, чем заниматься дележкой портфелей и отправлять своих родственников консулами в др. страны, дайте пожалуйста указ всем следователям и милиции СТРОЖАЙШЕ НАКАЗЫВАТЬ ЗА РАЗЖИГАНИЕ НАЦИОНАЛЬНОЙ РОЗНИ! ЭТО КАСАЕТСЯ И РУКОВОДИТЕЛЯ НАЧАЛЬНИКА ОШСКОЙ ГУВД. просит вас гражданка КР. С уважением,

кимден: кыргыз каяктан: бишкек
13.01.2012 21:02
Түрктөр оңой менен өз жемин жедирбейт. Бекер тамак капканда. Алар карызын кечкен менен ордуна андан ашык кыргыздын баалуулуктарына ээ болсо керек. Мырза Атамбаев "түрктөштүрүү" саясатын жүргүзбөсө болду.
Пикирге жооп

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
15.01.2012 12:00
Турктор эн биринчи оз кызыкчылыгын коздойт, Россия дегенде секирип кеткен жагдайлары бар, Турциядагы кийнки муундагы кыргыздар кыргыз тилин дээрлик билишпейт, ар кимге телине бербей тен ата суйлошууго уйронуу зарыл, Курманжан Датка энебиз жон жеринен Россия менен алака тузбогон чыгаар, оз элине кам коруп, оз мамлекетинин тагдырына озу куйбогон бийликке башкалар кандай мамиледе болот? Кудайга чындап ишенип, озубуз аракеттенмейин кучтуу мамлекет кура албайбыз! Кудайдын кулу болуу кандай гана эркиндик, кучтуулук, тазалык экенин сезбей, батыштын демократиясын тузобуз деген куру убаракерчилик! Эркиндик, улуулук, аруулук каныбызда бирге журсо биз бактылуубуз! Бейиштин торундой жерде татыктуу жашоого тийишпиз, мекендештер!!!
Пикирге жооп

кимден: unyeli каяктан: kartal
14.01.2012 23:09
rosia menen jurup ushunday kırgızıstanda revaluatsılar cıkıp kaldı.dagın rosia bızge jardam beret dep jurusolor dagın ushunday revaluatsialar cıkıp kalat.tarıhınızı madanıyatınızı esinizden cıkarbagılar.almazbek atambayevı jakshı sozdoru ucun kuttuktaymın.түрктөштүрүү" degen soz tuura emez.emne degende sızlerda kırgız turku bolosuz...
Пикирге жооп

кимден: Кыргызбек
14.01.2012 12:14
Эй кыйын билгич болбой, башты орутпачы.Эмне деп келчиреп атасын, оңой жемин жедирбейт жедирет дебей эле унчукпай отурчу айланайын сендей билгичтерден тойдум.Геп жеп жутуп же ичип алганда эмес (бунун эс адаты жемей жана ичмей окшойт) геп эки тарап эканомикалык соода жөнүндө болуп атат!
Пикирге жооп

кимден: кыйын каяктан: бишкек
15.01.2012 22:52
Геп эмес кыргызча кеп болот урматтуу "жүдөмүш" сен башыңыды кыргызча туура жазганга оорутсаң болот.

кимден: Улукбек каяктан: Орусия
13.01.2012 20:53
Колдон келсе Орусия менен да Туркия менен да мамиле куруш керек Кытай менен да АКШ менен да бирок чеги бар Орустар деле увагында бизди кырган ошондуктан баары менен балансе болуш керек... Кыргызымдын кызыкчылыгы биринчиде болуш керек))) Увагында АКШ нын бызысын киргизип алып Орустарга жаман корунуп Эми чыгарамдеп Батышка жаман болуп журоберсек иш чатак болот)))

кимден: Касым каяктан: Бишкек
13.01.2012 17:51
Ыя Руслан мырза, Атамбаев шефинер экоонор тен бир Россияны, бир Туркияны башкы оноктошубуз деп алдап жатасынар го. Баякы Бакиевдей болуп Бир Американы, Бир Россияны суйлоп талаада калбасанар экен деги. Эки тарапка бирдей ойной корбогуло, оюндан от чыгаарын билесинер да.....
Пикирге жооп

кимден: Горный гордый черный Кыке каяктан: Кыргызстан
13.01.2012 19:27
Касым сен начто намикаеш? Орус акем билет кыргыздар ким менен дос болот ким менен дос болбойт деп атасыңго йыяяяя? Кожойун недоволный деп атасынгоооо йыяяяя? Мен океңдержи уруп ойнобогон алаңдар коркпогон жалтагдабаган саясат керек деп эсептейм! Качангыга чейин кремилди карап эмнедейт кожойун деп жүрөбүз йыяяяя?Урдум орустардын көзүн караган саясатан!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Kyrgyz каяктан: Bay
16.01.2012 18:46
Kyke ) urdum desh onoi . Azyr duino juzundogu sayasat abdan ozgordu. USA erten kelip toyubuzdu tanitaaarda Ey Rossia Rossia bir booor Enemmmm dep kalbaily ). Men da murda sendei oilochumun. Rossia bizge abdan kerek bir olko !!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине