Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

"Демократия аралындагы" оош-кыйыштар


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 11-июнда Бишкекте парламенттик демократия боюнча жыйынга катышты. Анда парламенттик башкаруунун Кыргызстанда кыртыш алышы, оош-кыйыштары тууралуу сөз болду.

Пан Ги Мун өз сөзүндө парламенттик демократияны курууга бир топ убакыт талап кылынарын эскертти. Эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди орнотуу оңой-олтоң болбосун айтып, айрым бир сунуштарын да бере кетти:

- Мен сиздерди жарандык коом менен тыгыз иштешүүгө чакырам. Анткени бул алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда эң маанилүү. Жарандык коом адатта парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн жан үрөп иштейт.

2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууну тандап алган. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков азыркы парламент ишин кыйын кезеңде баштаганын эскерип, парламентаризм тажрыйбаларын чукул арада өздөштүрүүгө мажбур болгонун, бирок алгылыктуу иштегенине токтолду:

- Азыркы Жогорку Кеңеш бардык шайлоочулардын, калктын бардык катмарынын мүдөөлөрү жана таламдары кеңири талкууланган саясий майданга айланды. Жогорку Кеӊештин ичинде расмий таризделген оппозиция куралган жана иштеп жатат. Оппозиция Борбордук шайлоо комиссиясынын, Эсеп палатасынын, Сотторду тандоо кеӊешинин үчтөн бирин шайлоого, парламенттин эки комитетинин төрагасынын, вице-спикеринин ордун ээлөөгө Конституцияда бекитилген укукка ээ болду. Мурдагыдай көчө митингдерин, пикеттерди уюштуруунун актуалдуулугу жоголуп, саясий күрөш парламенттин ичине өттү. Бардык саясий оппоненттерге парламенттин трибунасын пайдаланууга бирдей мүмкүнчүлүк берилди, алар аны активдүү колдонуп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик демократиянын оош-кыйыштары боюнча пикирин билдирди. Өз сөзүндө, жаңы саясий системаны орнотуу оңой эместигин, бирок өлкө туура жолдо баратканын айтты. Атамбаев Жогорку Кеңештин ийгиликтери менен кошо кемчиликтерин да санап өттү:

- Өлкөдө азыркы парламентке нааразы болгондор көп. Тандап алган жол менен андан ары кетиш үчүн Жогорку Кеңеш ишин жакшыртышы керек. Тилекке каршы парламент көп учурда өзүнүн негизи мыйзам чыгаруу функциясын аткарбай, чарбалык маселелерге аралашып, аткаруу бийлигинин ишине кийлигишип жатат. Атүгүл прокуратура жана сот органдарынын милдеттерин аткарууга аракет кылган учурлар да кездешет. Бул таптакыр болбогон нерсе.

90-жылдардагы легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов демократиянын алгачкы жылдарын эскерди. Эки жолу бийликтин күч менен алмашканын өлкө тандап алган жолунан тайганы менен түшүндүрдү:

- Биздин менталитетибизге, тарыхыбызга туура келген демократиялык жолду тандап алганбыз. Дүйнө эли Кыргызстанды Борбор Азиядагы “демократиянын аралы” деп тааный баштаган. Биз буга сыймыктанып жүрдүк. 20 жылдан ашык эгемен тарыхыбызда бир топ каатчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Мурдагы президенттерибиз элдин купулуна толбогон жолго түшүп, демократиядан алыстаганы үчүн эл аларды өзү кетирди.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошарухунова “Азаттыктагы” маегинде азыркы парламенттин ишин талдоого алды:

- Азыркы парламент эң ачык болуп жатат. Бакиевдин тушундагы парламенттин ичинде эмне болуп жатканын, кайсы депутаттын позициясы кандай экенин билчү эмеспиз. Азыркы парламент ишин жакшы баштаган. Ошондо депутаттардын көпчүлүгү парламентаризмди деле жакшы түшүнбөй, ишин да жакшы билбей, үч жыл жоошураак болду. Биз алар менен ошол маалдарда жакшыраак иштешкенбиз. Анан айрыкча Бажы биримдигине киребиз дегенден баштап булар бузулду. Парламенттик демократия жана парламентаризмге каршы демилгелерди көтөрө баштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Зайнидин Курмановдун пикиринде, азыркы парламент негизинен капчыктуулардан куралып, олигархташып кетти. Мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө функцияларын жакшы аткара албай, иши натыйжалуу болбой жатат дейт Курманов:

- Жакыр мамлекеттерде парламентаризм өнүкпөйт. Аны өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык абалды, саясий, укук маданиятын жакшыртуу керек. Демократиялык жолго түшүп баратабыз, бирок иштебесек, аракет кылбасак максатыбызга жетпейбиз. Бирок жакшылап иштесек, Монголия сымал аракетибизден майнап чыгышы мүмкүн.

Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоо ушул күздө өтөт. Коомчулукта Жогорку Кеңештин сапаты жакшырат деген, тескерисинче, артка кетет деген да божомолдор көп.

XS
SM
MD
LG